Биз социалдык тармакта

ОКУУЧУ БАЛАГА ЗАРЫЛ ПАЙДАЛУУ АЗЫКТАР

Баланын окуудагы ийгиликтери, физикалык активдүүлүгү, көңүл буруусу, эмоционалдык тең салмактуулугу анын тамактануусунан түз көз каранды. Андыктан ата-эне баласынын мектепте жакшы окушу үчүн күнүмдүк тамак-аш рационунда эмнелер болушу керектигин билиши шарт. Бул макала ата-энелердин кулагына күмүш сырга болсун. 

Мээнин жакшы иштешине эмнелер таасир берет?

Окуучу балдардын бою, сөөктөрү, булчуңдары, ички органдары өсүү мезгилинде болгондуктан аларды толук кандуу жана туура тамактандыруу зарыл. Баланын кабыл алуусу, ой жүгүртүүсү, эске тутуму жакшырып, акыл-эсинин өнүгүп, сабакты жакшы өздөштүрүшү үчүн төмөнкү азык-заттардын дасторкондо сөзсүз болушу кажет. 

Шоколад

Британиялык диетолог, “Мээ үчүн азык” аттуу китептин автору Лоррейн Перретта көп жылдардан бери тамактануунун акыл-эске тийгизген таасирлерин изилдеп келет. Ал өз эмгектеринде ачуу кара шоколаддын да атын атайт. Көрсө, мындай шоколаддын курамында антиоксидант болуп эсептелчү полифенолдор бар. Полифенолдор маалыматтарды өздөштүрүүгө жана аларды мээде сактап калууга, уйкунун жакшы болушуна таасир этип, нерв ткандарын сезгенүүдөн сактайт. Шоколад мээде кубаныч гормондору – эндорфин менен серотониндин иштелип чыгышына да шарт түзөт. Демек, маанайды көтөрүп, калориясы менен энергия берип, организмде стресс гормондорунун деңгээлин азайтат. Шоколаддын курамындагы какаодо флавоноиддер да бар. Бул баланы тез чарчоодон сактап, бат ойлонууга көмөктөшөт. Шоколад мээге кандын барышын күчөтүп, мээни кычкылтек менен каныктырып, ойлоо жөндөмдүүлүгүн да арттырат. Танапис учурунда же түштөн кийин, тапшырма аткаруу алдында жесе болот.                 

Балык                                         

Майлуу балыктар – мээ үчүн пайдалуу заттардын булагы. Мисалы, сельдде эс-тутумга, маанайга оң таасир берчү B6 витамини көп. Эң башкысы – балыктардагы омега-3 май кычкылы. Адамдын мээсинин 60 пайызы майдан турат. Андыктан мындай май кычкылы мээ үчүн табылгыс зат. Омега-3 мээнин клеткалары үчүн курулуш материалы болуп эсептелет. Башкача айтканда, ал мээни иштетип, маалыматтарды кабыл алуу, аны анализдөө, эстеп калуу, жыйынтык чыгаруу жана билгендерин керектүү учурда колдоно билүүгө жеткирет. Мындан тышкары сабакта башкы тапшырмага басым жасап, жаңы маселелерди чыгара билүү жөндөмдүүлүгүн арттырат. Балык окуучунун менюсунда аптасында жок жегенде 2 жолу болушу шарт. Бууга же фольгага ороп бышырганда пайдасы көп болорун эске алыңыз. Балыкта B тобундагы жана A, D, E витаминдери нерв системин, эс тутумду бекемдейт, чарчоону азайтат.                                 

Эт, боор, буурчак, жумуртка                         

Эт, боор, жумуртка, соя, буурчак, нокот, маш булардын баары белокторго кирет. Белоктор мээдеги нейрондор арасында сигналдардын өтүшүн камсыздайт. Көңүл буруу менен эс-тутумду жогорулатууга, мотивацияга жооп берет. Жумуртка жана боордун курамындагы лецитин заты мээнин жабыркаган клеткаларын калыпка келтирүүгө, эс-тутумду жакшыртууга, стресске туруштук берүүгө салым кошот. Эт, боор – бул темирдин булагы, цинк да бар. Кандын курамындагы темирсиз мээге кычкылтек жетпейт. Темир көп болсо мээ кычкылтек менен камсыздалып жакшы иштейт. Этти аз жегендерде темир жетишсиздиги анемиясы жаралат. Цинк жетишпесе баланын ой жүгүртүүсү жай болуп, шалдырайт. Аталган азыктарды эртең менен жегенде таасири көбүрөөк болот.  

Белоктор: эт, жумуртка организмге жакшы сиңип, пайда алып келиши үчүн курамында B же C витамини барларды кошо жеш керек. B витамини жашылчаларда, анын ичинде брокколи, болгар калемпири, шпинатта көп, C витамини лимондо бар. Демек, лимонду этке кошуп же ширесин эттин үстүнө себелеп жеген жакшы. 

Жаңгак, ашкабак уругу                            

Жаңгактын түрлөрү көп. Мисалы, грек, македония жаңгактары, пекан, жер жаңгак, кешью, бадам, мисте, фундук. Буларда жана ашкабак уругу менен күн караманын данында балыктагыдай эле омега-3 каныкпаган май кычкылы жана В тобундагы витаминдер, микроэлементтер  жана башкалар бар. Жалпылап айтканда, аталган азыктардын курамындагылар мээ клеткаларын бузулуудан сактайт, жабыркагандарынын калыпка келишине салымын кошот. Эс-тутумду бекемдейт жана стресс менен күрөшүүдө жардам берет.

Буларды түшкө чейинки же түштөн кийинки шам-шумда (полдник) же сабак даярдоо алдында жеп алуу сунушталат. Калориялуу болгондуктан бир жегенде 20-25 граммдай жеген туура. Ашыкча жегенде сиңире албай ашказан ооруйт. 

Жашылчалар жана көк чөптөр

Шпинат, салат жалбырагы жана башка бардык татымал көк чөптөр мээ клеткаларынын активдүү өсүшүнө жардам берет. Балдар буларды жактыра беришпейт, андыктан майда туурап тамактарына аралаштырып берсеңиз болот. Ал эми жашылчалардан сабиз пайдалуу. Анда мээнин ишинин бузулуусунун алдын алуучу жана эс-тутумду жакшыртуучу лютеолин заты бар. Кызылчада болсо мээге эң пайдалуу глюкоза, темир жана йод бар. Капуста болсо өз курамындагы В тобунун витаминдери, фолий кычкылы жана темирдин негизинде эс-тутумду жөнгө салат. Бул жаатта өзгөчө брокколи капустасы пайдалуу. 

Жемиштер

Баланын акыл-эси жана эс-тутуму үчүн эң пайдалуу жемиштер – алмурут, алма жана өрүк. Буларда темир көп. Канда темирдин өлчөмү жетиштүү болсо, жогоруда айтылгандай, мээ кычкылтекке жакшы каныгат. Бул жемиштерден күнүнө 200 грамм берсеңиз, балаңыздын активдүүлүгү жогорулайт, маанайы жакшырат. Ал эми мөмөлөрдөн кара карагат, малина, бүлдүркөндө баш мээге кандын барышын жакшырткан заттар бар. Баш мээге кан жакшы барса, демек, баланын эс-тутуму жакшырат, окууга болгон жөндөмдүүлүгү ачылат.

Авокадо – мээнин ткандарына кандын айлануусун жакшыртуучу заттарга бай. Ошондой эле курамында психикалык саламаттыкты бир калыпта кармап туруучу калий жана башка минералдар көп.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1238, 11-17-сентябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан