VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү жана көк пардын күчү, сүрү өзгөчө сезилди. Соцтармакта талкуу жаратканы жер улак болду, сыягы. Беттештерде шамдагайлыгы, чеберчилиги менен элдин бүйүрүн кызыткан көк бөрүнүн жаңы жылдызы Дастан Русланов бул аптанын каарманы. Анын спорттук карьерасы, кыл чайнашкан соңку беттештер, минген Фаворит аттуу күлүгү жана башкалар тууралуу маек курдук.
– Салам, Дастан! Маекти сенин көк бөрүгө кантип аралашып калганыңдан баштасак...
– Саламатсыздарбы? Мен атка, көк бөрүгө кичинемден кызыктым. Айылда көчөбүздүн башында тай казан бар эле, ал жерде улак тартышчу. Ошону көрүп жүрүп эле ушул жолго түшүп калдым. Башында волейболго кызыкчумун, жакшы ойночумун. Менин көк бөрүгө толук байланып калышыма атам себепкер. Анткени атам азыркыга чейин көк бөрүнүн фанаты. Бирок өзү улак тарткан эмес, ошентсе да мага ат алып берип, кызыктырып, жол көрсөткөн биринчи устатым болду. Үй-бүлөдө үч бир тууганбыз, байкем, карындашым, анан мен. Көк бөрү азыр аябай өнүгүп жатпайбы, сборлор, оюндар, машыгуулар болуп үйдө көп болбойм. Ата-энеме жардам берип байкем айылда. Карындашым Бишкекте жашайт.
– Айрым улакчылардын апалары балдарынын көк бөрү ойногонун көрө алышпайт коркуп, сенде да ошондойбу?
– Ооба, ата-эне баласына кыжалат болот тура. Көп учурда ойноп жатканымды көрүшпөйт, кийин көрүшөт. Чыдабайт окшойт.
– Спорттук карьераң тууралуу кеп кылалы, кантип башталды?
– Башында айылда ойноп жүрдүм. 2016-жылдан тарта чоң оюндарда ойной баштадым. 14-15 жаштарда элем, боюм узунураак болгон үчүн командага эрте кошулдум. “Кадыраалы” деген командада ойночумун. Ошол жылдары “Эң мыкты чабуулчу” деген биринчи сыйлыгымды алгам. Бул сыйлык мага дем-күч бердиби, айтор, ошондон тарта олуттуу машыга баштадым. Ысык-Көл жергесинде Президенттик кубокто жакшы оюн көрсөттүк. “Соң-Көл” командасында ойноп жүрүп, 2022-жылы “Намыс” командасы уюшулуп, анда ойноп калдым. Устатым Максат Мааданов деген агам азыркы минип жүргөн атым Фаворитти сатып берди. Учурда аталган команданын капитанымын.
– Интернет желесинде сенин Көчмөндөр оюндарындагы оюнуңду, жасаган трюктарыңды талкуулап, видеолоруңду бөлүшүп жатышат. Мисалы, Кыргыз желегин жерге түшүрбөй илип кеткениңди...
– Желекти илип кеткеним кокустан болуп калды. Биз үчүн бул тарыхый беттеш болду, анткени жер улактан Кыргыз курама командасы Казакстанды буга чейин ута элек болчу. Ошондуктан биз үчүн жеңиш аябай маанилүү эле. Бул жолу жер улак абдан так, таза ойнолду. Акыркы ышкырык жаңыргыча ичимден санап турдум (күлүп). Оюн бүттү, биз жеңдик, анан баарыбыз чаап жөнөдүк. Сүйүнүч өзгөчө, Кыргызстандын желеги абада желбиреп, жүрөктөр элеп-желеп. Карасам, желек алдымда учуп келе жатыптыр. Шап кармай калып чаап жөнөдүм. Ошол кадр видеого илинип калган экен. Максатым – желегибизди жерге түшүрбөй илип калуу болчу. Бул көрүнүштү символ деп дагы жоруп жатышат.
– Чолпон-Атадагы жер улак күйөрмандардын духун көтөрдү, мыкты эмоция тартуулады. Ал эми оюнчулардын абалын сүрөттөп берсеңиз?
– Оюнга киргенде ааламды унутуп каласың. Сырттагы тиричилик, аки-чүкү бүт унутулат. Каныбызда бар экен, оюн башталганда бир гана жеңишти көздөйсүң. Так, таза ойноп, элибиздин намысына жарасак экен деген эле ой турат бизде.
– Көк бөрүчүлөр жыгылып, аттын алдында калып, кайра туруп оюнду улантып жатасыңар. Кооптуу оюн. Оор жаракат алган учуруң болду беле?
– Сырттан карап тургандарга ошондой көрүнөт го. Ушунча жылдан бери ойноп келе жатабыз, Кудай сактасын, андай деле чоң нерсе болгон эмес. Оюн башталарда чачыбыздан тарта тырмагыбызга чейин текшерүү болот, баары жайында. Жаракат албаганга ыкчамдык, кылдаттык, кыймыл-аракеттин атайын техникалары керек.
– Бул жолку Көчмөндөр оюндарындагы жер улак беттеши чын эле тарыхый мааниге ээ болду. Канча убакыт даярдандыңар?
– Башында айткандай, кыргызда көк бөрүчү көп, учурда бул тармак аябай өнүгүп жатат. Тандалып, көп нерседен өтүп отуруп, анан Кыргызстан курама командасы топтолду. Бул жолу беттеш курч өттү. Эки ай тынбай даярдандык. Натыйжа жакшы болду.
– Көк бөрүдө сени эмне кармап турат, кызыгуубу, атакпы, акчабы, улуттун намысыбы?
– Көп жылдар бою эмгектенип, аракет кылып, анан ушул даражага жетип отурабыз. Мындай ишти акча үчүн же атак үчүн кылбайсың да. Бала чактан бери келе жаткан жолум, анын үстүнө көк бөрүгө бир кирген киши оңою менен кайра чыга албайт. Канда жүгүрүп турган бир кумар десек туура болот го. Көк бөрүчүнү акча, атак же башка нерсе кармай албаса керек.
– Көк бөрүдө канча убакытка чейин болом деп ойлойсуң?
– Башталган нерсенин сөзсүз аягы болот. Азыр оюндар аябай курч өтүп жатат, бир оюнда бирөөнүн жылдызы жанса, экинчиде башкасыныкы жанат. Менимче, карьераңда он жылдай ат үстүндө жүрүп, жакшы оюн көрсөтө алсаң жакшы. Андан кийин жаштарды тарбиялап, башка статуска өтсө болот. Менин эң чоң максатым – Кыргызстан курама командасына кошулуп, эл аралык деңгээлде жакшы оюн көрсөтүү эле. Ошол максатыма жеттим. Эми деле баары алдыда. Дагы жакшы оюндар болот деп ишенем.
– Көк бөрүчүнүн канаты – минген аты эмеспи. Сенин күлүгүң Фаворит тууралуу айтып берсең?
– Бул атты алгач жалпы командага алганбыз, буйрук экен, кийин мага тийип калды. Фаворит деп аты чыга электе 17 миң долларга сатып алган элек. Ал мени көк бөрүчү кылды, мен аны Фаворит кылдым десем болот. Биз эң жакын достордойбуз. Сүйлөбөгөнү эле болбосо, адамдардай эле сезет, угат, акылдуу жаныбар. Оюнда техниканы так билет. Кайсы жерде буйташты, кайсы жерде чуркашты, баарын билет. Көп эле ат минип көрдүм, мындайы болгон эмес. Мүнөзү жоош, коё берсең тынч жүрө берет.
– Соцтармакта кыздар сени “краш” деп суктанып жатышат. Дастандын бийкечтерге болгон талабы кандай?
– Дастан баягы эле Дастан (күлүп). Эч кандай деле “жылдыз” болуп кеткен жокмун. Жөнөкөй, жүрөгүндө ыйманы бар кыргыздын кыздары жагат.
– Маегиңе рахмат!
Нуржамал Жийдебаева