Биз социалдык тармакта

Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Мен Илимди ал үйлөнгөндөн бери көрө элек болчумун. Көргүм келген күндөрдөн да качар элем. Ошол убакытта аны жүрөгүмдөн өчүргөнгө аракет кылдым. Бирок тагдыр мени Элдарга жолуктурду, андан ары Айым апаны таптым. Андан да кызыгы, Илимдин апасы бул адам болуп чыкты. Мындай нерселер сериалдарда эле болот деп ойлогом. Бирок жашоодо деле боло турган көрүнүш экен. Эми менин милдетим Айым апа менен Илимди тааныштыруу эле. Канчалык оор болсо да мен бул нерсени кылышым керек болчу. Болбосо Тамчы болбой калмакмын. Ошондуктан аны издеп университетке келдим. Бирок университеттин коридорунда аны көргөндө эле түшүндүм — кээ бир адамдарды унутпайсың. Болгону алар жөнүндө сүйлөбөй жашаганга үйрөнөсүң. Ал эми көргөндө жүрөк мурункудан да оор абалда калат. Мурункудан да тыбырчылайт. Балким, мурункудан да катуу сүйөт... Ал өзгөрүп кетиптир. Сулуу көздөрү чарчаңкы жана санаалуу. Ал дагы мени көргөндө токтоп калды.

— Тамчы? - деди таң кала. Көздөрү башкача болуп кетти. Мен жүрөгүмдүн түрсүлүн араң басып жанына келдим. Ичимдеги сезимдер вулкандай эле атырылып жатты.

— Салам!

— Сенби? - ал дагы деле ишенбегендей.  Айта турган сөзүн таппай калгандай. Тиктейт да турат.

— Эмне мынча карадың?

— Эч нерсе. Жөн эле - деди күбүрөп. Мен анын жүзүнө карадым. Эркимди топтоп эч нерсе болбогондой ал жай сурашайын дедим.

— Кандайсың?

— Жакшы.

— Чын эле жакшысыңбы?

Илим жылмайганга аракет кылды.

— Сен дагы деле адамдын көзүнөн баарын окуганга аракет кылат экенсиң. Мунуң калбаптыр.

— Ал эми сен дагы деле көзүң менен калп айта албайт экенсиң. Оозуң калп айтса да, көзүң...

Илимдин жүзү заматта олуттуу болуп кетти. Бир аз унчукпай турду. Анан башын көтөрүп мени тиктеди.

— Жакында ата болом, Тамчы — деди. Мен бул жаңылыкты билет элем, ошентсе да  ичим муздап кетти. Кимдир-бирөө мени бетке ургандай сезим болду. Кимдир бирөө мага аймагын, чек арасын көрсөтүп жаткандай болду.

— Уккам, куттуктайм!

— Ким айтты?

— Бул университет, Илим. Мындай жаңылык жашырынбайт. Сен тууралуу баарын билем. Куттуктайм, жакшы ата болосуң деп да ишенем.

— Чын жүрөктөн айтып жатасыңбы?

Мен ага түз карадым.

— Сен менден эмнени күтүп жатасың, Илим?

Ал өзү менен өзү сүйлөшүп жаткандай күбүрөдү. Бирок мен угуп жаттым. “Мен эмнени күтүп жатам? Кызганышынбы? Мени дагы деле сүйөрүн билгим келип жатабы? Укугум жок да. Мен өзүм кеттим. Мен өзүм башка жолду тандадым. Эми анын жүрөгүндөгү жараны кайра ачканга менин акым жок”.

Ал көзүн төмөн салды. Жүзү кубарып кетти.

— Тамчы, мен сени көп эстедим. Бирок бул сөздү айтууга менин акым барбы, билбейм. Сени эстебеген бир күнүм да боло элек.

— Жок, минтип айтканга азыр акың жок - дедим мен акырын.

Илим бул жоопту күтпөгөндөй көзүн жумду.

— Билем. Болгону сени көргөндө өзүмө калп айта албай калдым.

— Илим, сенин эми үй-бүлөң бар.

— Билем.

— Жакында балаң төрөлөт.

— Билем.

— Анда мени эмне үчүн минтип сүйүп карап турасың? Эмнеге жарамды кайра тырмалагың келип жатат? Эмнеге дагы эле мени коё бергиң келбейт?

— Ошону өзүм да түшүнө албай жатам. Мен сенден кеткен күнү баары бүттү деп ойлогом. Үйлөндүм. Жашоомду уланттым. Эми балалуу болом. Баары өз ордуна түштү деп ойлодум. Баары бүттү дегем. Бүгүн сен келдиң, эч нерсе бүтпөгөнүн түшүнүп турам. Эмнеге сен алдымдан чыктың?

— Мен сенин алдыңдан чыккан жокмун. Мен ушул жерде окуйм, ушул жакта жашап жүрдүм. Болгону сага жолуккум келбеди.

— Мен сени сүйөмбү же жокпу деп өзүм менен күрөшүп жаткан жокмун, Тамчы. Мен өзүмдүн сени дагы деле оорутуп жатканымды түшүнүп, ошону менен күрөшүп жатам. Билем, сенден эч нерсе сурай албайм. Кайра кел деп да айта албайм. Мени күт деп да айта албайм. Анткени мен өзүм башка бирөөгө “өмүр бою жаныңда болом” деп сөз бергем. Сөзүмө турушум керек.

Коридордо адамдар өтүп жатышты. Балким, биздин сөздөрдү угуп жатышты. Балким, бул экөө эмнеге ыйлап жатышат дешти. Бирок бизге ушул мүнөттө баары бир эле. Бир жарым жылда топтолгон сөздөр чыгып жаткан. Ортобузда эки карыш аралык турган, бирок ал ушунчалык чоң эле. Бири-бирибизге жакындай албагандай узак болчубуз. Илимдин көзүнө карабай, бурулуп кетким келди. Эч нерсе айтпай. Үнсүз...  Ушул жерден эле качып кетсем, балким, баары жеңилдеп калмак. Бирок мен айым апанын алдында милдеттүү элем. Бүтпөй калган иштерди жаман көрөм. Ичилбей калган чайларды... Ортодо калган балалыкты... Жарым-жартылай болгонду... Мага бир бүтүндүк керек. Ар дайым, бардык жерде ушуну каалайм. Пазлдын бир бөлүгү жоголуп кетсе күндөп-түндөп издеп таап чыкчу элем кичинемде. Бул да ошол сыяктуу. Айым апа да, Илим да жарты калышын каалабадым. Балким, бул дагы менин жарты калган балалыгымдандыр...

— Тамчы...

Анын үнү жагымдуу да, кооптуу да эле. Мен көзүмдү жумуп, терең дем алдым. Айта турган сөзүм бар эле. Милдетим бар болчу. Илимге тике карадым. Анын жүзүнөн мурункудай эле тааныш адамды көрдүм. Бирок азыр анын жашоосу башка болчу. Аялы бар. Жакында балалуу болот. Бул реалдуулук мени жанымды ачытып жатты. Бирок чыдашым керек эле.

— Мен сага бир нерсе айтышым керек.

Илимдин кабагы түйүлдү. Олуттуу боло түштү.

— Эмне болду? Бир нерсе болуптур, болбосо сен мага келбейт элең. Менден жүз метр качып жургөнүңдү билем.

— Сенин... апаң тууралуу бир нерсе билдим.

Ал дароо өзгөрүп кетти.

— Апамбы?

— Ооба, сени төрөгөн апаң...

Менин тамагым буулуп чыкты. Ушул сөздү айтуу үчүн канча жылдан бери күч топтогонумду өзүм гана билем.

— Эмне билесиң?

Мен жооп бере албай туруп калдым. Илим бир кадам жакындады. Көздөрү бакырайып кетти.

— Тамчы, эмне болду?

— Сен көп жылдан бери апаңды издеп жүрөсүңбү? Муну мага айткансың...

— Ооба.

— Аны тирүү көрүүнү каалайм дедиң эле.  Жашоомдогу максатым дегенсиң.

Ал унчукпай калды. Өңү өзгөрүп кетти.

— Эмне үчүн сурап жатасың?

Мен дагы бир жолу качып кетким келди. Бирок бул жолу качсам, балким, Илим өмүр бою билбей калмак. Бирок айтышым керек!

— Сен издеп жүргөн адамды таптым. Айым апа.

Илим мени түшүнбөй тиктеп калды.

— Айым? Апа?

— Апаңдын аты Айым.

— Сен кайдан билесиң?

Үнүм титиреп чыкты. Тамагым буулуп сөзүм чыкпай калды.

— Анткени, мен аны билем, Илим.

— Кандайча?

— Элдар деген жигитке жолуктум. Ал сага окшош эле... Анан бардым. Жолуктум. Кыскасы... Айым — сенин апаң. ДНК деген бар, анын баарын өзүң жакшы билесиң. Муну кыла да аласың. Бирок билишимче, ал сенин апаң.

Унчукпай калдык. Коридордогу адамдардын үнү алыстан гана угулуп жаткандай болду. Илим мени тиктеп туруп калды.

— Сен эмне деп жатканыңды түшүнүп жатасыңбы?

— Ооба.

— Кантип?

Ал бир нерсе айткысы келди, бирок сөз таппай калды.

— Мен сага муну айтууну каалаган эмесмин. Сени көргөндө эле кетип калгым келген. Бирок сен апаңды өмүр бою издеп жүргөнүңдү билем. Ошондуктан...

Илимдин көздөрү жашка толду.

— Ал азыр кайда?

Мен жооп бере электе эле жүрөгүм катуу согуп кетти. Бул сөздү айтуунун кийинкиси андан да оор экенин түшүндүм.

— Мен сага баарын айтып берем. Бирок сен буга даяр болушуң керек.

Илим башын ийкеди. Көзүнүн жашын сүрттү. Ал ошол учурда күйөө да эмес, жакында ата боло турган адам да эмес эле. Ал эки жашында жоголуп кеткен наристе болчу. Ал апасын издеген канаты сынык бала болчу...

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1238, 11-17-сентябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан