Биз социалдык тармакта

Дильноза Айдарбекова, ырчы: “БИШКЕК АРЕНАДА” ГИМНДИ КАНТИП ЫРДАШЫМДЫ ПРЕЗИДЕНТ БИЛГЕН”

“Бишкек Арена” стадиону... VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи... Трибунада миңдеген көрүүчүлөр, Путин, Эрдоган сыяктуу дүйнөнүн саясий лидерлери... Дал ушул иш-чарада Кыргызстандын гимнин ырчы Дильноза Айдарбекова аткарды. Бул ырчы үчүн чоң сыймык дагы, чоң жоопкерчилик дагы.

Бирок коомчулукта “гимнди бузуп ырдады” деген талкуу жаралды. Албетте, анын аткаруучулук чеберчилигине, үнүнө жогору баа бергендер да көп экенин айта кетели. Дильноза айымды маекке тартып, аталган иш-чара, жалпы эле чыгармачылыгы тууралуу пикир алыштык.    

– Кандайсыз, Дильноза? Сизди окурмандарга жакындан тааныштырсак деп турабыз...

– Жакшы, рахмат! Өзүмдү тааныштыра кетсем, аты-жөнүм – Айдарбек кызы Дильноза, кыргыздын кызымын. Эмнеге кыргыздын кызы экенимди баса белгилеп айтып жатам? Себеби социалдык тармактарда мен жөнүндө “улуту башка” деген талкуу жүрүп жатат. Ата-тегим кыргыз, Ысык-Көл облусунда төрөлүп-өстүм. Кыргыздын кызы катары мекенимде болуп жаткан ар бир жакшы саамалык мени бардык жарандарды кубанткандай эле кубантып, толкундантат. Жашым 22де. Эл алдына кечээ эле чыга калып гимнди ырдап калган жокмун. 7 жашымдан бери музыка чөйрөсүндөмүн, билим алып, изденип, аракет кылып келе жатам.  Мукаш Абдраев атындагы музыкалык  мектептин скрипка бөлүмүн бүтүргөм.           

– Демек, 15 жылдан бери чыгармачылыкта экенсиз да?                                  

– Ооба, жогоруда айтып кеткенимдей, кичинекей кезимден эле ырдайм. Музыка жаатында жылдар бою билим алдым. Ал эми чоң сахнага 13-14 жашыман тарта чыга баштагам. Ар бир адамда биринчи кадамдар болот эмеспи, ошондой биринчи кадамдарды өспүрүм кезимде эле жасап баштагам. Дегеним, ар кандай сынактарга катышып, чет мамлекеттерде жана Кыргызстанда жакшы жыйынтыктарды көргөзө алдым. Мекенимдин желегин желбиреткенге жетиштим. Учурда өзүмдүн ырларымды жаратып, кавер ырдап жатам. Башкача айтканда, шоу-бизнеске, чоң  сахнага акырындап кадам таштап баратам.   

– Ата-энеңиз музыка сүйгөн, чыгармачылыкка жакын кишилерби?                  

– Ооба, ата-энем музыкага, чыгармачылыкка жакын кишилер. Ата-энем, бир туугандарым мени ар дайым колдошот. Кичинемден менин ушул жолго түшүүмө себеп болушкан адамдар. Азыр мен кандай ийгиликтерге жетишсем, кандай тепкичте турсам, буга ата-энемдин колдоосу, салымы чоң болду.                               

– Музыканын кайсы жанрына жакынсыз?                

– Мен поп жанрын жактырам. Бирок бардык эле жанрда ырдай алам.                  

– Быйылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кыргызды дүйнөгө даңазалаган иш-чара болду. Анын ачылышында гимнди аткардыңыз... Бул мүмкүнчүлүк сизге кандайча буюрду?                                

– Менин бул чоң иш-чарада гимнди аткарып калуум – кесипкөйлүк тандоо  болду десем болот. Бул биринчи кезекте. Анан бактылуу кокустук же тагдыр десе да болот го дейм. Кичинекей кезимден бери келе жаткан кыялым эле, эмнегедир ушундай чоң сахнада гимн ырдагым келчү. Менин эң чоң кыялдарымдын бири орундалды. Негизи гимнди аткарууда режиссёр башка ырчыларды дагы карап көргөн. Бирок стиль башкача болгондуктан, ошондой эле кыз кишинин аткарганы өзгөчө болот деген идеядан улам мага токтолду окшойт. Ачыгын айтсам, мага бул сунуш күтүүсүздөн түштү. Башында жакшы түшүнбөй эле студияга барып ырдап бергем. Анан “сен гимнди ырдайсың, бекитилди” деп калышты.                                     

– Ушундай масштабдуу иш-чарада ырдоо абдан толкундантса керек?                           

– Андагы сахнада турган абалымды сөз менен айтып бере албасам керек. Абдан башкача сезимдер болот экен, Кыргыз эли үчүн эң маанилүү болгон гимнди, ошончо миңдеген адамдардын алдында ырдаш  жоопкерчиликтүү да, сыймыктуу да болду.  Абдан толкундандым.                       

– Гимнди аткарганыңыз социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты, айтылган сындарды кандай кабыл алдыңыз?  

– Туура айтасыз, абдан катуу талкуу болду. Өмүрүмдө мынчалык жаман сөздөрдү уккан эмесмин. Кыз киши экенимди, жаш экенимди да эске албагандар болушту.  Аялзатына айтылбай турган сөздөрдү дагы айтышты. Башында чынында абдан катуу тийди. Ошол эле убакта колдогондор дагы аябай көп болду. Ошон үчүн сынып калбай, башымды бийик көтөрүп, капалыкка алдырбай жашап жатам (күлүп).   

– Азаматсыз! Гимнди кантип аткара турганыңыз алдын ала макулдашылган да?

– Албетте. Сырттан караганда айрымдар жөн эле “ырдап койду” деп кабыл алышы мүмкүн. Бирок бул иште чоң команда иштеди, көп убакыт даярдандык. Мен бир ай тынбай даярдандым. Гимнди көп адамдар бир нече жолу угуп көрүштү. Эң акыркы генералдык репетиция болгонго чейин президентибиз Садыр Жапаровго дагы тапшырылды. Ал дагы менин аткаруумду угуп, макулдугун берди. Ачылыш аземден тышкары ШКУ саммитинин алкагындагы иш-чарага да катышып, ал жерде дагы башка ырларды ырдадым.                 

– Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи сиздин чыгармачылыкты дагы бир тепкичке көтөрдү окшойт?                               

– Ооба, мен үчүн ийгиликтүү болду деп эсептейм. Анткени жаш экениме карабай ушундай чоң иш-чарада гимнди аткардым. Муну менен сыймыктанам! Соцтармакта жаман комментарий жазгандарга караганда менин ырдаганымды жактырган жана  ырларымды уккан угармандарым көбөйдү десем жарашат. Бул башталышы гана, дагы көп ийгиликтерге жеткенге аракет кылам.          

– Азаматсыз, ырчы катары мындан аркы пландарыңыз кандай?                       

– Мындан ары мен тууралуу дагы көп угат кыргыз элим деп турам. Анткени чоң жетишкендиктерге умтулуп, өзүмдүн жеке чыгармаларымды жазып, Кыргызстанга гана эмес, дүйнөгө таанылгым келет.        

– Жигиттердин кулагына күмүш сырга болсун, жүрөгүңүз бошпу?                          

– Ооба, азырынча бош. Бирок жеке жашоом жөнүндө эч нерсе айткым келбейт. Балким, турмуш кургандан кийин гана коомчулукка жаңылыктарым менен бөлүшүшүм мүмкүн.

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1238, 11-17-сентябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан