Биз социалдык тармакта

Деңизде 1001 күн (бакыт байлыкта эмес экенин чагылдырган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Кийин гана билдим, ал өзүнө жаңы көйнөк алам деп чогулткан акчасына ошол күнү азык-түлүк сатып келиптир. Бирок аны мага эч качан айткан эмес. Ал мени эч качан күнөөлөгөн жок.

– Эмнеге байытпайсың?- деп сураган жок. Тигини кара, муну кара,- деп салыштырган жок. Ал дайыма бир эле сөздү айтчу.

– Илим, мен сага эмес, сенин жүрөгүңө турмушка чыккам. Ошол сөздөр менин жашоомдун тиреги болуп калды.

Илим акырын жылмайып, көзүнө жаш алды.

– Эгер Бүбүш ошол күндөрү мени колдобогондо, балким, бүгүнкү Илим Исаев болмок эмес. Ар бир ийгиликтүү эркектин артында аны кыйын күндөрдө таштабаган бир аял турат дешет. Мен бул сөздүн чын экенин өз тагдырым аркылуу түшүндүм. Анткени менин эң чоң байлыгым компанияларым эмес... Мени эч нерсем жок кезде да “сен сөзсүз жетишесиң” деп ишенген Бүбүш эле.

Илим акырын жылмайып койду.

– Бир жолу жумуштан чарчап келип, түнү менен уктабай отурдум. Бүбүш уктап жаткан. Терезеден айдын жарыгы бөлмөгө түшүп турган. Мен болсо эски дептеримди ачып ага биринчи жолу ыр жазгам. Эртеси эртең менен ашканада чай ичип отурганда баракты акырын анын алдына коюп:

– Окуп көрчү,- дедим.

Бүбүш таң калып кагазды ачты. Биринчи сапты окуганда эле жылмайып алды. Андан соң акырын үн чыгарып окуй баштады.

“Бүбүшүм”

Бүбүшүм, жүрөгүмдүн жазындайсың,

Караңгы түндөрүмдүн таңындайсың.

Жыгылсам тирегимсиң, дем бергеним,

Өмүрлүк бакытымсың, тагдырымсың.

Ырды окуп бүтөрү менен бөлмө ичи жымжырт болуп калды. Бүбүш кагазды акырын көкүрөгүнө кысты. Көздөрүнө жаш толуптур. Ал мени карап жылмайды.

– Илим, мага дүйнөдөгү эң кымбат белекти берипсиң. Мен күлүп:

– Эмне белек?- деп сурадым.

Ал ыр жазылган баракты көтөрүп:

– Муну эч кандай зер буюмга алмаштырбайм. Анткени алтын эскирет, алмаз жоголот. Ал эми сүйүүдөн чыккан ушул төрт сап өмүр бою мени менен жашайт.

Бүбүш ошол баракты бүктөп, эң кымбат буюмдарын сактаган кичинекей жыгач сандыкка салып койгон. Кээде көңүлү чөккөндө аны кайра чыгарып окучу. Анан акырын гана:

– Ушул ыр жазылган күнү сен мага дагы бир жолу үйлөнгөнсүң, Илим...- деп жылмайып койчу.

Илим үнүн басаңдатып сөзүн аяктады.

– Сарайлар күйүп кетиши мүмкүн. Байлык жоголушу мүмкүн. Бирок төрт сап ырдагы сүйүү кээде бүтүндөй бир өмүрдөн дагы узак жашайт экен.

Илимдин жүзүнө бул жолу өзгөчө жылуулук тарады. Ал акырын жылмайып, сүрөттөрдүн арасынан эски бир үй-бүлөлүк сүрөттү алып чыкты.

– Биздин үй чоң эмес болчу. Бирок өзүбүздүн кичинекей мамлекетибиз бар эле. Ошол мамлекеттин мыйзамы жөнөкөй болчу. “Үйдөн таарынып чыгууга болбойт”. “Кечки тамакты чогуу ичебиз”. “Ким биринчи келсе, экинчисин күтөт”. “Ар жекшемби күнү үчөөбүз сейилдөөгө чыгабыз”. Ал эми үйдүн эң негизги мыйзамы – “Күлкү эч качан токтобошу керек”. Бекзат үйдүн президенти болчу. Бүбүш маданият министри. Мен болсо тамашалап "мен бул мамлекеттин эң көп иштеген кызматкеримин" деп күлчүмүн. Кечинде жарык өчүп калса дагы үчөөбүз шам жагып алып жомок айтып отурчубуз. Акча аз болсо да, сүйүүбүз көп эле. Анан... Кудай бизге дагы бир белек берди. Ошол күнү төрөткананын эшигинин алдында кайрадан титиреп күтүп турдум. Бир нече жыл мурдагы сезим кайра кайтып келген. Дарыгер эшиктен чыгып, жылмайып:

– Куттуктайм! Кыздуу болдуңуз,- деди. Мен шашып барып аны биринчи жолу колума алдым. Ошол көз ирмем өмүрүмдүн эң жарык көз ирмемдеринин бири болуп калды. Ал ушунчалык назик эле... Бакырайган көздөрү шүүдүрүмдүн тамчысындай тунук. Бүбүш аны көкүрөгүнө кысып алып, акырын ыйлап жатты. Бул кайгынын эмес, чексиз бакыттын көз жашы болчу. Мен экөөнү карап туруп шыбырап койдум: “Кудайым, мага дүйнөнүн бардык байлыгын бербей эле кой. Ушул үч адамды гана аман сакта. Мен үчүн ушул жетиштүү”.

Ошол күнү биздин кичинекей мамлекетибиз дагы чоңойду. Эми ал үйдө бир эмес, эки наристенин күлкүсү жаңырып турду. Ал күлкү биздин үйдүн мамлекеттик гимни сыяктуу эле. Аны уккан сайын чарчоо кетчү. Жашоонун бардык оорчулугу унутулчу...

xxx

Жаздын таңкы жарыгы Исаевдердин заңгыраган сарайын каптап турган. Илим ордунан акырын туруп, костюмунун жакасын оңдоду. Тинатинге жылмайып карады.

– Өткөндү эстесем, жүрөгүм жеңилдеп калат экен. Бирок жашоо күтпөйт. Жумуш мени күтүп жатат.

Колундагы эски альбомду акырын жапты.

– Кийин дагы айтып берем...

Илим сыртка чыгып кетти. Ошол учурда хан сарайдын дарбазасы жай ачылып, кара түстөгү кымбат унаа акырын кирип келди. Кызматкерлердин баары аны карап калышты. Унаанын эшиги акырын ачылды. Алгач ак бут кийим көрүндү. Андан кийин аппак көйнөк. Акырында унаадан Адель түштү. Ал чындап эле көз жоосун алган сулуу кыз эле. Ак жуумал жүзү таңкы нурдай жаркырап, кара чачы белинен төмөн төгүлүп турду. Узун бойлуу, тал чыбыктай ийилген назик келбети ар бир кадамында өзгөчө көрк берип турду. Чоң кара көздөрү терең көлдүн суусундай тунук эле. Жылмайганда эки бетинде уяча пайда болуп, жүзүнө өзгөчө назиктик кошулчу. Кызматчы кыздардын бири акырын шыбырады:

– Ушундай сулуулук чын эле болобу?

Экинчиси:

– Бекзат мырза менен экөө жанаша турса, кинодогу каармандардай көрүнүшөт. Бирок Адель эч кимге көңүл бурган жок. Жүзү муздак, көз карашы токтоо. Ал дагы Бекзат сыяктуу сезимин сыртка чыгарбаган адамдардын бири эле. Ошол учурда хан сарайдын ичинде Хикмет аганын үнү жаңырды.

– Баарыңар уккула! Бүгүн тазалык күнү! Бекзат мырзанын көзүнө бир чаң көрүнсө, өзүңөр билесиңер.

Кызматкерлер заматта ар кимиси өз ишине тарады. Бири люстраларды сүртүп, бири тепкичтерди жууп жатты. Ашпоздор ашкананы жалтыратып чыгышты. Багбандар бакчанын ар бир гүлүн иретке келтирип жатышты. Бул сарайда тазалык жөн гана милдет эмес, мыйзам болчу. Мелек чакасын көтөрүп Тинатинди карады.

– Жүр, бүгүн экөөбүз экинчи кабатты жыйнайбыз!

– Макул.

Экөө акырын тепкич менен өйдө чыгышты. Мелек күлүп сүйлөп келе жатты.

– Бул үйдө эң коркунучтуу бөлмө кайсы экенин билесиңби?

– Кайсы?

– Бекзат аганын бөлмөсү. Эгер бир нерсесин ордунан жылдырсаң, бүттү!

Тинатин күлүп койду.

– Ошончолукпу?

– Андан дагы жаман!

Экөө эшикти акырын ачышты. Бөлмө абдан тыкан экен. Үстөлдүн үстүндө бир да ашыкча буюм жок. Китептер да ирети менен бирдей тизилген. Калемдер бир сызык болуп коюлган. Саат дагы так убакытты көрсөтүп турду. Тинатин акырын шыбырады:

– Бул бөлмөдө адам эмес, робот жашайт окшойт.

Мелек каткырып жиберди.

– Мен дагы ушинтип ойлочумун.

Экөө бөлмөнү жыйнай башташты. Тинатин китеп текчени сүртүп жатып, эң үстүнкү текчеден чаң баскан кичинекей булгаары альбомду байкап калды. Ал аны акырын алып түшүрдү. Барактары саргайып калган. Четтери эскирип кетиптир. Ал акырын эшикти жаап койду. Жүрөгү эмнегедир бат-бат согуп жатты. Альбомдун биринчи бетинде бир гана сүйлөм жазылыптыр: “Бул күндөлүктү менден башка эч ким окубашы керек”. Ылдый жагында болсо майда тамгалар менен “Бекзат Исаев” деген жазуу турат. Тинатин акырын биринчи баракты ачты. Барактардын ар биринде даталар... Ойлор... Жеңиштер... Жеңилүүлөр... Атасы тууралуу эскерүүлөр... Апасы Бүбүайымды сагынган саптар... Жашоого болгон суроолор жазылыптыр. Бир маалда барактардын арасынан бүктөлгөн эски кат жерге акырын түшүп кетти. Конверттин сыртына бир гана сүйлөм жазылган экен: “Эгер бул катты бир күнү кимдир бирөө окуса, анда мен жүрөгүмдү өмүрүмдө биринчи жолу жашыра албай калган экенмин...”

 

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1238, 11-17-сентябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан