Биз социалдык тармакта

ЖҮГӨРҮ КРАХМАЛЫ: ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

Жүгөрү крахмалы – бул ашкана шкафында жөн гана жаткан порошок эмес. Ал адамзатка миңдеген жылдар мурун белгилүү болуп, кулинариянын өнүгүшүнө чоң роль ойногон зат. Бүгүн жүгөрү крахмалы, анын пайдасы жана зыяны тууралуу сөз кылабыз.

Курамы

100 грамм крахмалдын 79 пайызын углевод, 8 граммын суу, 3 граммын белок, 9 граммын булача, 1 граммын май түзөт. Курамында витаминдер дээрлик жок. Минералдар абдан аз өлчөмдө  кездешет. Алар: калий, фосфор, магний, кальций, темир, жез, натрий, селен, марганец. 100 граммында 381 килокалория бар.

Ден соолукка пайдасы

• Жүгөрү крахмалы амилоза полисахаридине бай. Ал ичегиде толук ажырап-бөлүнбөйт. Ошондуктан пайдалуу бактерияларга азык болуп берип, пребиотиктин ролун ойнойт.  Пайдалуу бактериялар болсо ичегинин туура иштешин, тамактын аш болушун шарттайт.

• Калий менен магний ичегинин жымсал булчуңунун иштешине оң таасир берип, спазмды азайтат.

• Гастритте жүгөрү крахмалынан кисель кылып ичсе ал былжыр плёнканы түзүп, ашказандын капталдарын дүүлүгүүдөн сактайт. 

• Курамындагы амионопектин акырындан ажырап-бөлүнөт. Ушунусу менен глюкоза канга аздан кошулуп, кандагы канттын өлчөмүн туруктуу кармап турууга шарт түзөт.

• Узлеводдор мээге энергиянын туруктуу булагы болуп берет.

• Калий стресс жана чарчоо менен күрөшөт.

 

Зыяны

• Ашыкча колдонуу адамды семиртет, кандын курамындагы канттын деңгээлин көтөрөт.

• Ашказан-ичеги оорусу барларда ичти көптүрөт.
 

Ашканада колдонулушу

• Тыгыздап, коюулатуучу касиетке ээ болгондуктан кисель, пудинг жасоодо кошулат.

• Кекс, бисквит жасоодо кошулуучу ундун 10 пайызын жүгөрү крахмалына алмаштырсаңыз эки эсе көөп, сырты кыртылдак, ичи жумшак, жыттуу болуп бышат.

• Куймак жасоодо жогорудагыдай эле ундун ондон бир бөлүгүнө жүгөрү крахмалын кошсоңуз, куймактын камыры көмөч казанга текши жайылып, жука, чоюлчаак болуп бышат.

• Этти же жашылча-жемиштерди оонатып алып майга кызарта бышырууда да колдонулат. 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1238, 11-17-сентябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан