Кинорежиссёр, сценарист Медербек Жалилов “Маңкурт”, “Мекен”, “Баткен”, “Улуттук коопсуздук”, “Welcome to Kyrgyzstan” жана башка тасмалары менен белгилүү. Кызыгы, алгачкы тасмасын таксист болуп иштеп жүргөн учурда тарткан. Адистиги боюнча дипломат Медер мырза кино дүйнөсүнө кантип келип калганы, чыгармачылыгы тууралуу кеп салып берди.
“Ооруп калганымда чыгармачылыкка кайттым”
– Кичи мекеним – Жалал-Абаддын Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылы. Түркияда университетте окуп жүргөндө жыл сайын жайында туризм чөйрөсүндө иштеп жүрдүм. Бул мага тажрыйба болуп берди. Жогорку курс болуп калганымда бир отелдин башкаруучусу кызматын аркаладым. Анан Орусияга кеттим. Атайын окуусун окуп риэлтор болуп иштедим. Тажрыйба топтоп калганымда кыймылсыз мүлк агенттигин ачып, кийинчерээк аны даяр бизнес катары сатып, алгачкы миллион рублга ээ болдум. Андан соң жергиликтүү депутаттын фирмасында башкы директор болуп иштөөгө өттүм. Ишим мамлекеттик сатып алуулар, ири тендерлер менен иштөөгө байланышкандыктан, оор жоопкерчиликтен улам ооруп калдым. 22 жаштагы мага чоң мамлекеттик мекемелер менен иштөө оордук кылды. Айыгууга 3 ай кетти. Бала кезде ыр жазчумун. Окуу, иш, акча деп жүрүп чыгармачылыкты таштап коюптурмун. Ооруп калган кезде убактым болду. Ырларды, “Улуттун жоголгон байлыгы” аттуу китеп жаздым.
“Таксисттен режиссёрлукка”
– Врачтар “таза абада көбүрөөк болушуң керек” дешкенинен Орусияда өзүм жашаган шаарда таксист болуп иштей баштадым. Бул иш мен ойлогондой зерикме жумуш тургай, кооптуу экен. Шаарда жумушсуздук көп болгонго ичкилик ичкен, баңгизат колдонгон жаштар көп болчу. Аларды далай ташып, такси акысын ала албай урушкан, мушташкан күндөр болду. Ар кайсы жүргүнчүдөн ар кандай тагдырды угасың.
Ошентип көргөн, билгендеримди чогултуп “Таксисттин операциясы” деген сценарий жаздым. Режиссёр Азамат Арыков менен интернеттен таанышып калып, ага “кино тарталы” дедим. Ал макул дегени менен, бошобой калды. Машинамды сатып, жарым акчасына фотокамера, калганына башка унаа алып энтузиазмдын артында тасма тартып баштадым. Оператор, режиссёр, монтажёр да өзүм. Ал кезде интернетте кино тартуу боюнча көрсөтмө, маалыматтар аз болчу. “Любительский” тасма болду. Аны кинотеатрга койдурганы алып барсам, жетекчиси “биз Голливуддун тасмаларын коёбуз. Сен көчөдөн тартып келип койдурам дейсиң. Коё албайбыз, кечирип кой” деди.
Кинотеатрдан чоң залды ижарага алып, өзүм коюп баштадым. Тасмага шаардагы катардагы адамдарды тарткан элем да. Алар бирөөнүн иниси, бирөөнүн коңшусу же тууганы дегендей. Ырчы Юлия Савичеванын атасы Станислав Савичев да тартылган болчу. Тартылгандар кино тууралуу тууган-досторуна, бирге иштешкендерине айтып, жарнама өзүнөн-өзү тарала берди. Тасмага эл көп келе баштап, ажиотаж болуп кетти. Ошондо кинотеатрдын жетекчиси чакырып, “кирешени тең бөлүп иштешели” деди. Кино тарткан таксист тууралуу уккан “Биринчи каналдын” корреспонденттери келип, мен тууралуу репортаж тартып кетишти. Ошондон кийин жан дүйнөмө жакын чыгармачылык менен алектенүүнү чечтим.
“Америкадан киноакадемиядан окуп келдим”
– Орусиянын борбору Москвага барып, ал жактан жеке киностудиямды ачтым. Бир күнү актёр Бектемир Мамаюсупов байланышка чыгып, мекендештер тууралуу тасма тартууну сунуштады. “Welcome to Kyrgyzstan” тасмасын тартуу үчүн Ысык-Көлгө келдим. Анан Кыргызстанда улам бир тасмам жаралып, сыйлыктарга ээ боло баштадым. 2019-жылы “Шаман” деген тасмам эл аралык кинофестивалда башкы сыйлыкты жеңип, мага Нью-Йоркко киноакадемиядан окуп келүүгө жолдомо берилди. Ошентип ал жактан окуп келгем.
“Мекен” 20дан ашык сыйлыкты жеңип алды”
– “Мекен” фильмин 100 миң долларга тартып бүтүп, 2020-жылы прокатка чыгаралы дедик. Сценарийин өзүм жазгам. Бирок Маданият министрлиги прокатка да, телеканалга да чыгартпай койду. Анткени фильмде коррупция менен күрөш жана жергиликтүү элдин кен казган инвесторлор менен чыр-чатагы чагылдырылган. Тасмада инвесторду жаман деп эмес, коррупцияны жаман деп көрсөтөлү дегенбиз. Башкача айтканда, көйгөйдүн тамыры инвестордо эмес, коррупцияга баткан системде деген ой берилген. Ошентип чыгартпай койгондон кийин тасмага кошумчаларды кошуп тартып, интернетке чыгарып салдык. 1 аптада 2 миллион көрүү болуп, рекорд жаралды. 2022-жылы “Мекен” Парижде өткөн Arrow International Film Festival аттуу фестивалда 3 номинация боюнча жеңип алды. Тасма кийин да көптөгөн киносынактарга катышып, баш-аягы 20дан ашык сыйлыктарга ээ болду.
“Шайлоо” тасмасы “Эл аралык мыкты фильм” деп табылган”
– Бул тасмама 2019-жылы Американын Лас-Вегасында өткөн The News Fest кинофестивалында “Эл аралык мыкты фильм” сыйлыгы берилген. Тасмада 2 окуя параллель жүрөт: шайлоо жана түрмөдөн качкандар. Эл муну өз алдынча болуп жаткан окуялар катары кабыл алат. Эки окуя өз ара байланышта жана айрым адамдар тарабынан жасалып жатканын, саясий оюн экенин аңдашпайт. Мындай нерселер дүйнөдө болуп турат. Биздин бере турган ой: эл жаңылыкка ишенүүдөн мурун анализдеп көрүп, окуяга кимдин кызыкчылыгы бардыгын түшүнүшсө деген болчу.
Ошол фестиваль өтүп жаткан күнү Кыргызстанда “Кыргызстан – кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү” фестивалы өтүп жаткан. Буга да ушул тасмам катышмак. Мен Жалал-Абаддан келдим. 14 тасма көрсөтүлгөндөн кийин уюштуруучулар калыстарды “кечки тамакка чыккыла” деп алып кетип калышты. Калыстар “Шайлоо” 15 мүнөттүк экен, көрүп коёлу” дешсе болушпады. Чет өлкөдөн келген 4 гана калыс калып көрдү. Анан менден “Өлкөңөрдөгү ушундай абалды коркпой көрсөтө аласыңарбы?” деп чочулап сурашты. Биз “бийлик алса жаныбызды алар, ала турган байлык, бийлигибиз жок” дедик.
“Улуттун байлыгы – эли”
– “Улуттун жоголгон байлыгы” аттуу китебим боюнча азыр ушул аталышта жасалма интеллекттин жардамы менен англис тилинде анимациялык фильм тартып жатам. Кыргызча тартайын десем, бул жаатта жасалма интеллекттин деңгээли чектелүү экен. Тартып бүткөндө кыргызчалатабыз. Планым боюнча быйыл тартып бүтүшүм керек болчу, бирок “Кыргызфильмден” буюртма түшүп, мультсериал тартышым керек болуп жатат. Тасмада Ысык-Көлдүн түбүндө калган шаардын жашоочуларынын тагдыры, 2 студент баланын кызыктуу окуясы баяндалат. Кыскасы, тасмада улуттун байлыгы – эли деген маани берилет. Патриоттуулукка, эл-жерди сүйүүгө, эркиндикти, тилди баалоого чакырган тасма. Алдыда дагы көп пландарым бар. Тарыхый, патриоттук, улуттук баалуулуктар боюнча көп тасмаларды тартып тарыхта калгым келет.
“Маңкурт” – тил жок болсо, эл жок болот деген маанини берет
– 2024-жылы “Кыргызфильм” жана Мамлекеттик тил комиссиясы улуттук тилди даңазалоо боюнча кыска метраждуу фильмдер сынагын жарыялашат. Жарнамасын биз сынак бүтөрүнө 1 апта калганда көрдүк. Мен сценарий жаздым. Тасмада душмандар кыргыздарга басып кирип, бир уруу элди кулчулукка алып кетет. Аларды сабап, кыйнап иштетишет, жоокерлер үчүн курал жасатышат. Торго камалган кыргыз жигитке кыргыз кыз тамак алып барат. Экөөнүн сүйлөшкөнүн көрүп ал кызды камчылашат. Жигит "мени жазала, анын күнөөсү жок" дейт. Душмандар “мунун үнү катуу чыгып калыптыр, маңкуртка айлантабыз, ошондо өз тилиңди, ким экениңди да унутасың” дейт. Бир маңкурт жигитти жетелеп келишип “ушундай болосуң” деп көрсөтүшөт. Жигит "Манас" айтып баштайт. Анын оозун басып, чачын кырууга камынышканда "Манасты" жанагы кыргыз кыз улантып айтып кетет. Кыргыздардын ошондо улуттук намысы, руху ойгонуп, душмандарды кырып баштайт... “Маңкурт” – тил жок болсо, эл жок болот деген маанини берет. Беш жарым мүнөттүк тасмам сынактан гран-прини утуп алды.
Канымжан Усупбекова