Биз социалдык тармакта

Улук Назар, ырчы:“МААНИСИЗ ЫРЛАР КӨБӨЙҮП КЕТТИ, А МЕН МААНИЛҮҮ ЖАЗЫШЫМ КЕРЕК”

Нарындан чыккан ырчы Улук Назар жылдызы жанып келе жаткан жаш таланттардын бири. Учурда ырдап гана тим болбостон, музыкасын, аранжировкасын өзү жазып, автордук чыгармаларын да жаратып келет. “Чыгармачылык – элге ыр тартуулоо гана эмес, жүрөктөгү сезимдерди, маанилүү сөздөрдү жеткирүү”,- дейт. 

– Улук мырза, кандайсыз? Талантка бай Жумгалдын кулуну экенсиз...                   

– Ооба, Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынан болом. 9-класска чейин айылдагы Калык Акиев атындагы орто мектепте билим алдым. 9-класстан кийин Бишкекке келип, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшыргам. Ошондон бери Бишкек шаарында жашап, чыгармачылык менен алектенип келем. Ырчы болбосом, балким, мамлекеттик кызматта иштемекмин. Бирок чынын айтканда, бала кезден эле ырчылыктан башка кесипти кыялданган эмесмин. 

– Ырларыңызга аранжировканы да өзүңүз жасайт экенсиз. Эмне үчүн өзүңүзгө кошумча иш үйүп алдыңыз?            

– Аранжировканы өзүм жасап калганымдын негизги себеби – оюмдагы нерсени каалагандай кылып чыгаргым келгенинде. Негизи эле бир ишти башка бирөөгө толук ишенип тапшыра албайм. Буга чейин көптөгөн студиялар менен иштештик. Башкалардын көз карашы менен ыр жаздырган учурлар да болду. Бирок айрым учурда чыгарма мен каалагандай болбой калчу. Ошондон улам өзүм ойлогон нерсени өзүм жасап, өзүм каалагандай чыгарайын деген максат пайда болду. Изденип жүрүп бара-бара аранжировкасын да өзүм жасоого өттүм.

– Башында көбүнчө которулган ырларды ырдачу экенсиз...                                

– Туура. Башында ырларымдын жарымы котормо, жарымы автордук чыгармалар эле. Азыркы учурда ырларымдын 80 пайызга жакыны автордук чыгармаларым. Мунун негизги себеби – бирөөнүн эмгегин, чыгармасын уруксатсыз пайдаланып, анын артынан иштөө туура эмес деп эсептейм. Ошондуктан өзүмдүн автордук чыгармаларымды жаратууга көбүрөөк көңүл буруп келем. Жүрөгүмдө жаткан сезимдерди, ойлорду ыр аркылуу жеткирүү абдан жагат. Албетте, кээде кавер да аткарып калам. Эгер бирөөнүн чыгармасын ырдагым келсе, сөзсүз авторунан же ээсинен уруксат сурайм.

– Өзүңүз жазган ырлар менен башкалардын ырларындагы айырма эмнеде?                         

– Айырмасы абдан чоң. Автордук ырларда өзүмдүн жан дүйнөмдү, жашоомду, сезимдеримди чагылдырууга аракет кылам. Кээде жакын адамдарымдын жашоосунда болгон окуяларга да таасирленип чыгарма жаратып калам. Мисалы, “Жараат” деген ырым досумдун башынан өткөн окуясынан улам жаралган. Досум сүйгөн кызы менен үйлөнүүгө даярданып, той белгиленип, баары даяр болгондо кыз баш тартып кеткен. Алардын тою өтчү күнү сүйгөн кызы башка бирөөгө турмушка чыгып кетти. Сүйүүдөн жараат алган досумдун кыйналганын көрүп, ошол учурда жазгам. Досум капа болгон эмес. Сүйүнгөн. Кудайым буюрса, ал досум өзүнүн өмүрлүк жарына жолугарына ишенем. Суроодон алыстап кеттим окшойт (күлүп).

– “Апа” деген ырыңызга токтолсок. Мындай ырды жазуу сиз үчүн оор болгон болуш керек?                                    

– Ооба, бул чыгарманы жазуу абдан оор болгон чын эле. Абдан маани берип, дыкат көңүл буруп жазгам. Менин чыгармаларымдын ичинен эң узак жазылганы да ушул ыр болду. Чыгарманын биринчи куплети апам ооруканада жатып дарыланып жүргөн кезде жазылды. Калган бөлүгүн апам бул дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин бүтүрдүм. Ырдын ар бир сабында ошол учурдагы абалым, апама болгон сезимдерим камтылган. Апам каза болгондон кийин чыгармачылыкка үч айдай такыр аралашкан жокмун. Ырдабай деле калсам керек деп ойлодум. Анткени апам менин биринчи күйөрманым, биринчи колдоочум болчу. “Улук балам концерт берсе, залда кол чаап отурам” деп айтчу жарыктык. Тилекке каршы, апам менин алгачкы концертиме катыша алган жок. Концерт бергенде бир чети сүйүнсөм, бир чети апамды эстеп, ойго батып турдум. Кубаныч менен кайгы бирге жүрдү.

– Концертте апаңызга арнап ырдап жатып ыйлаганыңыз залдагы көрүүчүлөрдү да көзүнө жаш алдырды...                                 

– Концерт учурунда апамды эстеп, көзүмө жаш алган учур болду. Концерт бүткөндөн кийин видеолорду көрүп отуруп, залдагы көрүүчүлөрдүн да көзүнө жаш алганын байкадым. Элдин мени түшүнүп, ошол сезимдеримди мени менен кошо бөлүшкөнү абдан таасирлентти. Ал учурда мени эл абдан колдоптур. Ошол үчүн көрүүчүлөрүмө терең ыраазычылык билдирем. Азыр ойлосом, ошол учурда жүрөгүмдөгү эң терең сезимдеримди эл менен бөлүшүп, апама болгон сүйүүмдү, сагынычымды жеткире алыптырмын. Ал концерттин өтүшүндө апамдын салымы өзгөчө чоң. Чыгармачылык жолго келишиме, ушул күнгө жетишиме апам себепкер эле...    

– Ушул жерден ата-энеңиз тууралуу сурабасам болбос?                             

– Атамдын аты-жөнү – Абдылдаев Назаркул. Ошондуктан чыгармачылыктагы псевдонимим – Улук Назар. Апамдын аты-жөнү – Токтосунова Айтбү. Кесиби мугалим болчу. Үй-бүлөдө үч эжемдин да кесиби мугалим, бир эжем гана медицина тармагын тандаган. А мен ырчы. Атамдын  көп айткан, азыркыга чейин эсимде калган маанилүү сөзү “Көп эмгек кыл, бирөөнүн эмгегине көз каранды болуп калба”, “Алдаба, бирөөнүн акысын жебе” деген кеңеш. Бул сөздөргө абдан маани берем. Кандай иш болбосун, өз күчүмө таянып жасашым керек деп эсептейм. Ата-энемдин сөздөрү жашоомо багыт берип келет.      

– Ырларыңыздын дээрлик ар биринде бир окуя, өзүнчө бир тагдыр бардай. Башкалардын жашоосуна көп таасирленесизби?                                       

– Ырларымдын көбү жеке жашоомо тийиштүү. Ар бир чыгармамды маанилүү жазганга абдан аракет кылам. Себеби азыркы учурда мааниси жок, жөн гана сөздөрдүн тизмегинен турган ырлар көбөйүп кетти. Менимче, чыгармачылыкта ырдын мааниси, сөздүн салмагы абдан маанилүү. Үлгү боло турган чыгармаларды жаратышыбыз керек. Эгер биз маанилүү, маңыздуу ырларды жазбасак, кийинки муунга эмне калтырабыз деген ой келет. Мен үчүн чыгармачылык бүгүнкү күн үчүн гана эмес, келечек үчүн да из калтыруу.

– Ырчылык жолдо сизге эң кыйыны эмне болууда?                                  

– Чыгармачылык жол – орчундуу жана оңой эмес жол. Миллиондогон көрүүлөрдү, миңдеген угармандарды топтогондон кийин эле жылдыз болуп, жашооң жеңил болуп калат деген түшүнүк туура эмес. Бүгүнкү күнгө чейин ар кандай кыйынчылыктар, тоскоолдуктар болуп келет. Кээде сени түшүнбөгөн же жаныңда жүрүп, тескери мамиле кылган адамдар кездешет. Бирок андай нерселерге карабай, алдыга умтулуп, элге жакшы, сапаттуу ырларды тартуулоого аракет кылып келем. Кандай гана кыйынчылык болбосун, чыгармачылыктан алыстабай, өз жолумду улантам. Элдин сүйүүсү, колдоосу жана чыгармаларыңды жакшы кабыл алышы кыйынчылыктардын баарын жеңүүгө күч берет.

– Чыгармачылыкта сизди колдогон белгилүү инсандар кимдер?                  

– Чыгармачыл чөйрөдө мени колдогон белгилүү адамдар көп эле. Айрыкча Тотомидин Жолдошов агабызды өзгөчө белгилеп кетсем болот. Биз чыгармачылыкка жаңыдан аралашып, эл арасына жаңы чыгып келе жаткан кезде абдан чоң жардам берип, колдоо көрсөткөн. Учурда жанымда жүргөн, чыгармачылыгымды колдоп келген DJ Dilan деген досум бар. Ал дагы көп жагынан жардам берип, чыгармачылыкта жанымда болуп келет.

Мээрим Дербишалыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1238, 11-17-сентябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан