Сөөк шорпосу – учурдагы тренддердин катарына кирип калды. Айрыкча туура тамактануу боюнча адистер, косметологдор сөөк шорпосун байма-бай сунушташат. Ошол эле учурда эндокринолог, нутрициолог жана диетолог Анастасия Самойлова сөөк шорпосун толук кандуу тамактын ордуна же дары катары колдонуу туура эместигин, аны БАД катары саноо керектигин айтат. Сөөк шорпосунун көптөгөн пайдасы менен кошо зыяны бар экенин да билип алыңыз.
Коллаген
Жаш курак жогорулаган сайын адамдын организми өзүнө керектүү өлчөмдө коллаген бөлүп чыгара албай калат. Мунун айынан бетке бырыш түшүп, муундар кырсылдаган үн чыгарып, сөөктөр морт боло баштайт. Сөөк шорпосунун курамындагы коллаген жана аминокислоталар дал ошол тери, сөөк, муун, байламталарды түзгөн клеткалардын негизги компоненттери болуп эсептелет.
Сөөк шорпосу – уй, кой, балык, тоок, үндүк сыяктуу жандыктардын сөөгүн узакка кайнатуу (12-24 саат) жолу менен алынат. Бул шорподо эң негизгиси коллаген көп делет. Андан сырткары пайдалуу минералдар, аминокислоталар жана витаминдер бар. Адамдын организмине кандай таасир этет?
Пайдасы
1. Муундарды, сөөктөрдү бекемдейт – курамындагы коллаген жана желатин кемирчек ткандарын жана байламталарды бекемдөөчү аминокислоталарга (пролин, глицин, аргинин, лизин) бөлүнүп кетет.
2. Тамак сиңирүүнү жакшыртат – шорподогу глютамин жана глицин ичегилердин былжыр челин бекемдөөгө жана калыбына келтирүүгө жардам берет.
3. Терини жылмакай кылат – организмдеги коллаген жетишсиздиги жоюлуп, толукталып, тери кулпуруп, серпилгич, жылмакай болуп калат.
4. Нерв тынчтанат – глицин нерв системин тынчтандыруучу касиетке ээ, мындан улам адам көп жинденбей, уйкусу да жакшырат.
5. Тамактан уулануудагы симптомдорду жойгонго жардам берет.
6. Зат алмашууну жакшыртат, иммунитетти көтөрөт.
7. Микроэлементтер бар – көп эмес өлчөмдө болсо да организмге керектүү кальций, магний, фосфор, цинк жана темир бар.
Зыяны
Диетолог, нутрициолог, косметологдор пайдалуу дешсе, айрым гастроэнтеролог, эндокринологдор сөөк шорпосунун пайдалуулугун дээрлик жокко чыгарып, зыяндуу жагын четинен санашат. Көп убакыт кайнаган шорподо пайдалуу эч нерсе деле калбайт, тескерисинче, сөөктөн организмге зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат дешет.
1. Гистамин көп – чынында эле көп убакыт кайнаган шорподо гистаминдин концентрациясы көбөйөт. Гистаминди көтөрө албаган адамдардын башы ооруп, аллергиялык кычышуу же башка белгилер байкалат.
2. Каныккан майлар ашыкча өлчөмдө – өтө күчтүү жана майлуу шорподо каныккан майлар көп. Алар боорго, өткө, уйку безге күч келтирет. Адам семириши мүмкүн.
3. Пурин – заара кислотасынын өлчөмүн көбөйтөт. Андыктан заара чыгаруу каналдарында оорусу барларга, подагра дартында, бөйрөгүндө таш барларга да сунушталбайт.
4. Ашказан оорулары – ашказан жарасы, гастрит, панкреатит ооруларында да сөөк шорпосун ичүүгө тыюу салынат.
5. Уулуу заттардын коркунучу – эгер мал антибиотик же гормондор менен багылса, андай малдын сөөгүн кайнатканда уулуу заттар шорпого чыгып кетет.
6. Кан басымды жогорулатат – шорпонун курамында натрий көп, бул өз кезегинде кан басымдын көтөрүлүшүнө алып келет. Андыктан сөөк шорпосун көп өлчөмдө ичүүдөн абайлаш керек.
Канча өлчөмдө ичүү керек?
Сөөк шорпосун ичип көрүүнү кааласаңыз, анда төмөнкү графикти колдонсоңуз болот. Биринчи жолу ичип жатсаңыз 1:1 өлчөмүндө суу кошуп 100 грамм ичип көрүңүз, организмге жагабы, жакпайбы байкайсыз. Терс таасири байкалбаса эртең менен ачкарын 150-200 грамм жылуу бойдон ичиңиз. Бул тамак сиңирүүнү ишке киргизип, ичегилердин иштешине жардам берет. Тамактануулардын ортосунда ичсеңиз, ток кармайт. Уктаардын алдында бир саат мурун ичсеңиз, курамындагы глициндин эсебинен уйку тынч болот. 3-4 аптага чейин ичүүгө болот.
Кантип жасалат?
Сөөк шорпосу кымбат баада сатылат. Андыктан өзүм жасайм дегендерге рецепт сунуштайбыз.
Уйдун же тооктун сөөгү – 2-3 килограмм
Суу – 5-6 литр
Алма уксусу – 2-4 аш кашык
Туз – татымына жараша
Каалоого жараша – лавр жалбырагы, сабиз, пияз, сельдерей
Даярдоо ыкмасы
1. Сөөктөрдү жакшылап жууп-тазалап алуу керек.
2. Сөөктөрдү чоңураак мискейге салып, суу куюп, алма уксусун кошобуз да, 20-30 мүнөткө коюп коёбуз.
3. Жай отко коюп, үстүнө чыккан чий көбүгүн улам алып туруу керек.
4. Шорпону шарактатып кайнатканга болбойт. Жай отто тооктун сөөгүн 8-12 саат, уйдукун болсо 12-24 саатка чейин акырын кайнатуу керек. Суусу соолуп кетсе үстүнө кайнаган суу кошуп коюңуз.
5. Лавр жалбырагы, кара тоголок мурч, сабиз, пиязды кайнап бүтөргө 2-3 саат калганда салуу керек.
6. Кайнап бүткөндө сүзүп алып, анан гана туз жана сельдерей кошобуз.
7. Калориясы аз болсун десеңиз, шорпо муздаганда үстүнө калкып чыккан майларын алып салсаңыз болот.
8. Даяр шорпону чакан идиштерге бөлүп муздаткычка салыңыз, жакшысы, тоңдургучка салуу керек. Шорпону 5-7 күндөн ашык сактоого болбойт.
Сунушталат
Сөөк шорпосунун сыйкырдуу таасирине алданбай, андан көрө табигый азыктар менен тамактануу организмге алда канча пайдалуу дешет ошол эле медицина кызматкерлери. Көп түрлүү тамактарды өлчөмү менен жеңиз. Тамактанууда сөзсүз жашылчаларды колдонуңуз. Андан сырткары спорт менен машыгыңыз, активдүү болуңуз. Таза абада көп сейилдеңиз. Күнүмдүк тынч уйку нормасын сактаңыз. Ушул жөнөкөй жашоо эрежелерин кармансаңыз эле ден соолугуңузда маселе жаралбайт.
Асыл Орозбекова