Көп жылдан бери эң кассалуу тасмалардын тизмесинде сыйлуу орундарды бербей келген “Титаник”, ошондой эле “Аватар: Суунун жолу”, “Нэчжа ажыдаарлардын падышасын жеңди” сындуу тасмаларды артка жылдырган эмгек экранга чыкты. 2026-жылдын июль айынын аягында прокатка чыккан бул тасма 3 аптадан кийин эң кассалуу кинолордун тизмесинде 3-орунга ээ болду. Том Холланддын аткаруусундагы кезектеги жөргөмүш адамдын тасмасы тууралуу фактылар макалабызда.
Тарткан өлкө: АКШ
Чыккан жылы: 2026-жыл, 31-июль
Жанры: фэнтези, боевик,
Режиссёру: Дестин Дэниел Креттон
Сценаристтери: Крис Маккенна, Эрик Соммерс
Бюджети: 225 миллион доллар
Прокаттан топтогон каражаты: 2,408 миллиард доллар
Узактыгы: 145 мүнөт
Башкы ролдордо: Том Холланд, Зендая, Сэди Синк, Жейкоб Баталон, Жон Бернтал жана башкалар
1-факт
2026-жылы чыккан “Жөргөмүш адам: Жаңы күн” тасмасы жөргөмүш адамдын жоруктарын чагылдырган 9-тасма. Алгачкы трилогияда жөргөмүш адамдын ролун актёр Тоби Магуайр аткарган. Андан кийинки диалогияда башкы каарман Эндрю Гарфилд болду. Калган 4 бөлүгүндө Питер Паркерди актёр Том Холланд жаратып келет.
2-факт
“Марвел” студиясы “Жөргөмүш адамдын” акыркы үч бөлүгүн тарткан режиссёр Жон Уоттсту алмаштырып, режиссёрлук пультту Дестин Дэниел Креттонго тапшырды. Бул чечим туура болгонун көпчүлүк кино сынчылар баса белгилеп жатышат. Анткени тасмада мурдагыдай белгилүү бир антагонист жок. Терс каармандын ордуна Питер Паркердин ар тараптан өсүүсүнө басым жасалган. Андыктан тасма жөнөкөй ошол эле учурда мазмундуу болгон делүүдө.
3-факт
“Жөргөмүш адам: Жаңы күн” тасмасы Insomniac Games студиясына таандык Marvel’s Spider-Man деген оюнга окшош. Бул оюнду ойноп жүргөндөр дароо эле байкашса керек. Режиссёр Дэниел Креттон аталган оюнду ойногондон кийин эргүү келгенин жана оюндагы бир нече эпизодду тасмага колдонгонун ачык айткан. “Менин командамда геймерлер көп экен. Каскадёрлор оюндан скриншот кылып келип “могу трюкту коёлубу?” деп экшн-сценаларды жаратышты, визуалдык эффект, жөргөмүш адамдын кооз учууларын да оюндагы айрым эпизоддордон эргүү алууга туура келди” дейт.
4-факт
“Жөргөмүш адам: Жаңы күн” “Марвел кино дүйнөсүнүн” 38-долбоору болду. Ийгилиги жагынан 2019-жылы чыккан “Өч алгычтар: Финал” тасмасынан кийинки эле 2-орунга илинди. “Марвел дүйнөсүндөгү” супер баатырлардын арасында Жөргөмүш адам негизги каармандардын бири болуп калганы шексиз.
5-факт
Sony Pictures жана Marvel Studios биргеликте жөргөмүш адам тууралуу жаңы трилогия башталарын маалымдашкан. Даярдыктар 2019-жылы башталып, 2023-жылы сценарий жазылган. 2025-жылы жаңы режиссёрдун башкаруусунда тартуу иштери башталган. “Жөргөмүш адам: Жаңы күндүн” бет ачары 2026-жылдын 27-июлунда Лос-Анжелестеги “Долби” театрында көрсөтүлдү. Ал эми дүйнөлүк прокатка 31-июлда чыкты. Прокаттан 2,408 миллиард доллар топтоп бир нече рекорд жаратты: 1) жөргөмүш адам тууралуу тартылган тасмалардын арасынан эң көп каражат топтоду. 2) 2026-жылдын эң кассалуу тасмасы аталды. 3) дүйнөдөгү эң кассалуу тасмалардын арасынан сыйлуу 3-орунга татыды.
6-факт
Киностудиянын маалыматынан кийин алдыда трилогиянын дагы 2 бөлүмүн күтө берсек болот. Бирок ал бөлүмдөрдө да Том Холланд Питер Паркердин ролунда болобу, али белгисиз. Анткени Том мырза: “Питер Паркерди жаш актёр ойношу керек деп ойлойм. А мен 30га келип калдым. Бирок бир четинен ичим ачышат, кетким келбей. Анткени жөргөмүш адам – мен бала кезимден сүйгөн баатыр, кыялымдагы роль болду. Балким, дагы да тартыла берем, келечек көрсөтөт”,- дейт.
7-факт
Окуя Нью-Йоркто болгону менен, чынында тасмада аталган шаар дээрлик жокко эсе. Тасманын басымдуу бөлүгү Шотландиянын Глазго шаарында тартылган. Глазгонун көчөлөрүнө америкалык полициянын машиналарын, таксилерди жүргүзүшкөн. Андан сырткары Англиядагы Бруквуд көрүстөнүндө, Дорчестер шаарындагы түрмөдө да айрым эпизоддор тартылган. Башкы каарман Том Холланд тасма жандуу локацияларда тартылганына катуу сүйүнгөн. Анткени тасманын мурунку бөлүмүн тартуу иштери ковид пандемиясына туш келип, павильондордо жасалма локациялар менен кысылып иштешкен экен. Дагы бир кызыктуу факт, тасмадагы трюктарды аткарган каскадёрдук топ – кытайлык белгилүү актёр Жеки Чандын командасы.
8-факт
Алдын ала сүйлөшүлгөн гонорар жана тасманын прокаттагы масштабдуу ийгилиги менен кошо пайыздык чен да көтөрүлүп, актёрдук курамдын, тагыраагы, баш каармандын акысы да жогору болду. Алсак, жөргөмүш адамдын ролу үчүн Том Холланд 100 миллион доллардан ашуун гонорар алып, Голливуддун эң кымбат актёрлорунун катарынан орун алды.
Прокаттан эң көп каражат топтогон тасмалар
1-орун “Аватар” тасмасы (2009-жыл) – 2,923 миллиард доллар
2-орун “Өч алгычтар: Финал” (2019-жыл) – 2,799 миллиард доллар
3-орун “Жөргөмүш адам: Жаңы күн” (2026-жыл) – 2,408 миллиард доллар
Асыл Орозбекова