Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров: “ЭЛДИ ДҮРБӨТКӨНДӨРДҮН БАШЫНАН СЫЛАБАЙБЫЗ”

9-сентябрда президент Садыр Жапаров парламентке келип, жаңы дайындалган айрым министрлердин антын кабыл алды. Ант берүү аземинен кийин борбордук трибунадан сөз сүйлөп, элге кайрылуу жасады.

Президент Кыргызстан өз тарыхында туруксуздукту, саясий тирешүүлөрдүн азабын, коомдук бөлүнүүлөрдүн кесепетин өткөргөнүн эске салып, андан сабак алуу керектигин айтты. Мамлекет башчысы коомдо ар кандай темада курч талкуулар сөзсүз болорун, бирок аны тирешүүгө, бөлүнүүгө бурган тараптарга кечирим болбошу керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, талкуу жүрүп жаткан маселелерде саясий упай топтоо үчүн элдин ортосуна бүлүк салгандар бар.

– Демократия деген атка жамынып алып, жоопкерчиликтен мурун ээн ооздукка баргандын өзү жапайычылык. Жалган маалымат таратып, тынч жаткан элдин башын айландырып, өнүгүүгө терс таасир эткендердин башынан сылабайбыз,- деди Садыр Жапаров.

Президент, парламент жана өкмөт ынтымакта иштемейинче өлкөдө алдыга жылыш болбой турганын кошумчалады өлкө жетекчиси.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1238, 11-17-сентябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан