Биз социалдык тармакта

Бактияр Токторов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “СҮЙҮНҮЧТӨН КӨЗДӨН ЖАШ АКТЫ”

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы... Бактияр Токторов “Бишкек Аренада” эл алдына чыкканда атмосфера бир заматта өзгөрдү. Стадион кадимкидей жандана түштү. Ал эми айтылуу “Буй-буй” ырын ырдаганда көрүүчүлөрдүн шаңы, дуулдата кол чабуусу, ырдын ыргагына кошулуп бийлеши – Бактияр мырзанын эл сүймөнчүгү экенин дагы бир жолу тастыктады окшойт. Ырчы агабыз менен ошол иш-чарадагы көз ирмемдер, Кыргыз өлкөсүнүн дүйнөгө даңазаланышы жана башка темалар боюнча маектештик.

 

– Бактияр ага, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде “Бишкек Аренаны” дүңгүрөтүп таштадыңыз. Бир калыпта отурган эл сиз сахнага чыкканда укмуш колдоого алды. Бул нерсе ырдап жаткан ырчы үчүн өзгөчө эмоция тартуулайт болуш керек?

– Алгач элибизди өлкөбүздө болуп жаткан чоң ийгиликтер менен куттуктайм. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышына катышып калганыма кубанам. Мындан бир ай мурун эле айтылып, даярдыктар көрүлгөн. Колдон келишинче өнөрүбүздү көрсөттүк. Эл аябай жакшы колдоп кетти, элге ыраазымын. Көптөгөн күйөрмандарым, алардын арасында мен тааныбагандар да “чай ичпейлиби, сени сыйлап коёюн дедим эле” деп чалып жатышты. Куттукташты, ийгилик каалашты. Мен мунун баарына, албетте, аябай сүйүндүм. “Бишкек Аренадагы” элдин энергиясын сезип жаттым, ошол нерседен эргип кетебиз да биз ырчылар (күлүп). Минтип колдор кыймылдап кетип дегендей (бий кыймылын көрсөтүп). Ошентип элден энергия алып, кайра элге берип жаттым.

– Бул иш-чарада ырдоого канча убакыт даярдандыңыз? Репетицияларга катышып жаттыңызбы?

– Буга биз он күн даярдандык. Албетте, ошол учурда эки жакка чыгып кетпей, той-топурду токтотуп, айтылган убакытка репетицияга келип жаттым. Бул чоң жоопкерчилик, патриоттук сезим менен жасала турган иш да. Ырдап бүткөндөн кийин рахмат айткандар, куттуктагандар, жогоруда айтканымдай, чайга чакыргандар көп болду. Ошондуктан “жакшы эле ырдадым окшойт, өзүмө жүктөлгөн жоопкерчиликти актай алдым го” деп өзүмө ыраазы болгондой болуп калдым. Бул ырларды эми мурун деле аткарып жүргөнбүз, бирок бул жолкусу өзгөчө болду. Анткени техника, чоң арена, жасалгалар да өзгөчө болду. Жоопкерчилик да ошончолук чоң дегендей. Эми буюрса, “Бишкек Аренага” көптөгөн дүйнөлүк жылдыздар келип турат болуш керек. Балким, аракет кылып биз да концерт берербиз.

– Стадиондо чет элдик коноктор да сиздин ырыңызга бийлеп жатышканын көрдүк. Музыка тил тандабайт деген ушул окшойт?

– Мен ырдап жатканда алардын бийлеп жатканын көргөн деле жокмун да, бирок эл дуулдап жатканын сездим. Ырдап бүткөндөн кийин гана социалдык тармактарга чыгып кеткен видеолорду көрдүм. Аябай жыргап бийлешиптир. Эмнеге дегенде, менин аткаруумдагы ырлардын стили ошол Батыш өлкөлөрүнөн келген да. Поп-музыка деп коёт, ошондуктан аларга тааныш жана жүрөгүнө жакын сезилди окшойт. Анан музыка улут, тил тандабайт да, жүрөктөн чыккан ырлар кете берет. Биз деле кээде сөзүн түшүнбөгөнүбүз менен, чет тилде кыңылдай беребиз го. Мисалы, мурун индия кинолорунун музыкасына бийлеп кетчүбүз. Кийин араб ырларына бийледик, айтор, ушундай болуп кете берет.

– “Бишкек Арена” курулду, дүйнөлүк жылдыздар келип ал жерде концерт берери айтыла баштады. Сизге акустика кандай сезилди?

– Мен ырдап жатканда өзүмдү унутуп коёмбу же элдин баарында эле ошондойбу, айтор, анчалык билинген жок эле. Анын үстүнө кулакчын тагып алып ырдап жаттым да. Аткаруум бүткөндөн кийин элдин арасына өтүп, иш-чараны аягына чейин көрдүм. Эми укмуш экен, чын эле зор курулуптур. Элдин арасында мен деле толкунданып, ар бир чыккан аткаруучуга, номерге жан дилимди берип ырахаттанып көрүп отурдум. Баягы патриоттук духту көтөргөн учурларда менин да көздөрүмдөн кадимкидей жаш агып жатты сүйүнгөндөн. Аны элге билгизбей аарчып коёбуз да (күлүп). Айтор, ачылыштагы ар бир номер, бийлер, ырлар сезимдерди козгоду. Кандай болгон күндө да ШКУ, ондогон дүйнө лидерлеринин Кыргызстанга келиши, Көчмөндөр оюндарынын өтүшү, менимче, өзгөчө окуялардын бири болду. Ошончо президенттер, Көчмөндөр оюндарына катышкан эчендеген өлкөлөр, спортчулар... Эми бул деңгээл да. Мен кыргыз болуп төрөлгөнүмө сүйүнүп кеттим. Мурун деле сүйүнүп эле жүргөм го, бирок ушул жолу катуу сыймыктандым. Күчтүү болду баары. Бирок “бүткөн ишке сынчы көп” деген кеп бар го элибизде. Тиги-бу дегендер да болду. Мисалы, мага Кыргызстандын гимнинин ырдалганы деле жакты. Башталганда эле ордумдан турдум, колду көкүрөккө коюп туруп уктум. Жанымда отургандардын баары эле мага окшоп сыймыктанып турушту.

– Николь Шерзингерге караганда Токторов менен Атабеков аренаны жарды деген комментарийлер көп жазылды...

– Ачык айтсам, мен Николь айымды жакшы тааныбайт экенмин. Чыгармачылыгына деле кызыкпаган окшойм. Менимче, аны таанып, жакшы көргөндөр, күйөрмандары барышты окшойт. Эми ал дүйнөлүк жылдыз экен, жакшы, келип өнөрүн тартуулап кетти. Эми билбейм, башка эмне деш керек (күлүп).

– Комплимент айтайын, ырыңыз бир тең, бийиңиз бир тең да негизи...

– Мен ырга жараша эле кыймылдап кете берем. Бийди атайын үйрөнгөн эмесмин.

– Сахнага чыгарда дагы деле толкундануу болобу же тажрыйбаңыз эмоцияны башкарып көндүбү?

– Ырдаган жеңил мага, сиз айткандай, канча жылдык тажрыйба бар да. Элден энергия алсам болду, ырдап кете берем. Ырдаган го жеңил, сахнада сүйлөгөн мага оор. Өзүңөр билгендей, мен депутаттыкка талапкерлигимди койбодум беле? Ошондо эл алдында сүйлөө канчалык оор экенин түшүндүм (күлүп). Бир нерсе дейин десем эле элди алдап жиберчүдөй болуп жаман болом десеңиз. Ага да такшалуу керек экен.

– Кыргызстанда чын эле “прайм-эра” болуудабы? Сиздин пикириңиз...

– Ооба, өлкөбүздө жаңы эра башталганы турат. Жакшы ийгиликтер болууда, дүйнө жүзү бизди карап кол чаап турган учурлар болду. Мен ишенем, мындан ары өлкөбүз өнүгөт, элге-журтка аманчылык каалайм. Жашасын Кыргызстан!

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1238, 11-17-сентябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан