Бул жолу белгилүү инсандарга “Жашооңузду кино кылып тартышса, кандай жанрда тартылмак жана эмне деп аталмак?”, “Сизде башка бир жакка кетип калсам деген ой болгонбу?” деген суроолор менен кайрылдык. Кандай жооптор айтылганы кызык болсо, төмөнгө көз жүгүртүңүз.
Дамира Баратбаева, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Театр үчүн сайылган өмүр” деп аталмак”
– Менин өмүрүм театрда өттү. Мурда артисттерди гастролго 4-5 айлап жөнөтчү да. Спектакль коюп Казакстанга, Москвага көп бардык. Чет жерден делегация келсе эле чоңдор “Кыязов менен Баратбаеваны чакыргыла, тосуп алышсын” деп жолдошум экөөбүзгө машине жөнөтө беришчү. Бизди Долондун түшө беришине же конок үйдүн алдына тургузушат, ырдап тосуп алабыз. Жашпыз, чын дилибизден ырдачубуз. Эгер менин жашоом тууралуу тасма тартылса, ал “Театр үчүн сайылган өмүр” деп аталса керек эле.
Жолдошум экөөбүз убагында абдан популярдуу болдук. Суктана караган көздөр, ушактар, кызганыч, идиш-аяктар кагышкан учурлар болду. Ошондой учурда кээде “бир жакка кетип калсамбы” деген ойлор келчү. Бирок театрды, балдарымды таштап кете алган жокмун. Кайгырып, кыйналганымда театрга барсам алаксып кетчүмүн. Ошентип көп нерседен мени театр сактап калды.
Мухтар Атаналиев, ырчы: “Аксакал” деген тасма болмок”
– Кичинемде менден “чоңойгондо ким болосуң?” деп сурашса, “аксакал болом” деп жооп берчүмүн. Жашоодо көп нерсеге көзүң каныгып калгандан кийин артымдан эмне калтырам деп ойлонот экенсиң. Патриот катары улуттук баалуулуктар, улуттук оюндарыбыз, эпосторубуз унутулбаса, кийинки муунга берилсе деп ой толгойсуң. Аларды мурас кылып берүүнүн жолу – жаңы муунга көрсөтүү, туура тарбиялоо. Бул жаатта гезит, телеканалдарда сүйлөп, сунуштарымды айтып турам. Ушулардын баарын жыйнап келип кино тартылса, “Аксакал” деп аталмак. Менден жаш муундарга жол көрсөткөн аксакалдын образы чыкмак беле дейм.
Ыраматылык атам мага турмуштук сабакты көп берди. Анын бир кеңеши – “эч качан чийинден чыкпа, балам” дечү. Ушул кеңешти абдан көп айтчу. Мен кыйналып, көз көргүс жакка кетким келген учурда атамдын ушул сөзүн эстеп, өзүмө келип калып жүрдүм.
Назира Жетигенова, куудул: “Трагикомедия жаралмак”
– Менин жашоом тууралуу фильм тартылса “Болушу мүмкүн эмес!” же “Жашоо бар, жашаш керек” деген трагикомедия болмок. 16 жашымда күйөөгө тийип алып, башымдан тозокторду өткөрдүм. Таежелериме кошулуп “Ош базарда” оромо да саттым. Акыры жан дүйнөмдү кытыгылаган чыгармачылык жолго түшүп, куудул аталдым. Ушул жылдарымдын баарында “жашоо бар, жашаш керек” деп алдыга умтулдум.
“Болушу мүмкүн эмес!” дегенимдин себеби – бир убакта менин кыйналып жүргөнүмдү көргөндөр кийин куудул катары элге таанылып калганымда “болушу мүмкүн эмес” дешкен. Албетте, жашоонун оордугу ийинден басканда же баарынан тажаганда көз көрбөгөн алыс жакка качып кеткиң келген кездер болот. Андай учурларда элден алыс, көл жээкке кичинекей үй куруп алып, ошол жакка жашап кетким келчү. Буюрса, 60 жаштан кийин бул оюмду чындап ишке ашырам деп турам.
Анапия Райымбекова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Жолдо калган издер” болмок”
– Бүт жашоомду кино кылып тартышса, кызыктуу жана көзгө жаш ала турган драмалык кино болмок. Өзүм ак көңүл, боорукер, ишенчээк жанмын. Ушундай мүнөзүмдөн улам бирөөлөргө ишенип мамиле жасап, алардын кылганы мага таяк болуп тийген учурлар болгон. Көп бут тосууларды көрдүм. Айтор, башымдан көп нерсе өткөрдүм. Бирок менин жакшы адам экенимди, талантымды эл билип, колдоп, сыйлап алды. Баскан жерлеримде ырларым, күлкүм, ыйым калган. Ошого кинонун аты “Жолдо калган издер” болмок.
Кээде жан дүйнөм кыйналганда ээн аралга кетип калгым келет. Мындай нерсе жолдошум кайтыш болуп кеткенден кийин да болгон. Аралда көбүнчө 2 жүздүү, ыплас адамдардан алыс, өзүм менен өзүм болуп, жан дүйнөмдөгү оордуктардан арылып, жеңилдеп, башкача адам болуп келсем деп кыялданчумун.
Сабыр Жумабеков, ортопед, академик: “Туурулган колдордогу мээрим” деп аталмак”
– Бала чагымдагы 1 күндү документалдуу кино кылып тарттырмакмын. Баланы үй-бүлөдөн бөлүп кароо мүмкүн болбогондуктан, үй-бүлөбүз да тартылмак. Апам биз тургучакты уй саап, сүт тартып, дасторконго жаңы каймак коюп, самоорго чайын кайнатып койчу. Атам болсо малды жайлап коюп, тамекиде иштей тургандарды, анын ичинде бизди – балдарын чогултуп, талаага алып кетчү. Тамеки тигип, чаап, жулуп, тизип, жаштайыбыздан эмгек кылдык. Апам күнүгө нан бышырып, жарма жасап, колго кир жууй турган. Анткени 11 бир тууган элек. Биздин жыртылып калган байпак, шымдарыбызды жамайт. Айтор, тиричиликтен колу бошочу эмес. Ошентип өзү түнкү 12де жатчу. Чарчаса да балдарым деп чуркап, мээримин төгүп турчу. Ошого тасма “Туурулган колдордогу мээрим” деп аталмак.
1995-жылы Орусиядан докторлук диссертациямды жактап, энтузиазм менен келдим. Келсем, мени 3 ай жумушка албай коюшкан. Ошондо кайра Орусияга кетип калгым келген. Бирок билимимди элиме арнашым керек деп кетпей калгам.
Гүлмайрам Разыкова, ырчы: “Өйдөгө умтулуу” деп аталмак”
– Жашоо сыдыргыга салгандай тегиз болбойт тура. Ысык-суугу, өйдө-төмөнү бар. Башка салгандарды көтөрдүм. Атамдан айрылганда бир туугандар бири-бирибизге эш, бел болдук. Жолдошум каза болгондон кийин үйдөгүлөр мага материалдык да, моралдык да жардам көрсөтүп турушту, азыркыга чейин көрсөтүшөт. Эки уулумду ак эмгегим менен багып келе жатам. Кудай колдоп үй, унаа сатып алдым. Атамдан өткөн талантым бар, шүгүр. 9-классымдан бери сахнада жүрөм. Кийин турмуш жаңырттым. Жолдошум түшүнүктүү, жакшы адам. Ушунун баары тасмага түшүрүлсө, “Өйдөгө умтулуу” деп аталмак.
Ооба, жогоруда айткандай, стресске кабылганымда “бул түшүм болуп калса экен” дечүмүн. Кээде көз көргүс алыс жакка кетип калгым келчү. Бирок менде кичинемден көктүк, өжөрлүк сапат бар. Жашоодо кандай болсо да “Кудайым жакшылыгын аябасын” деп алдыга жылууну көксөйм.
Канымжан Усупбекова