(Башы өткөн сандарда)
Илим мени менен жолукканда анын эмнеге мынчалык олуттуу болуп турганын түшүнгөн жокмун. Кабагы чытылып, куду студенттен экзамен алып жаткан профессордун кейпинде эле. Алгач байкап туруп күлкүм келди. Күлкүмдү тыйып, мен да олуттуу болууга аракет кылдым. Саламдаштык, мен отургандан кийин ал алдыма ак папканы койду.
– Муну оку.
Папканы ачтым. Биринчи бетинде лабораториянын аталышы, анализдин номери, үлгүлөрдүн коддору жазылыптыр. Төмөн жагында чоң тамгалар менен “Эне-бала биологиялык туугандыгын аныктоо боюнча ДНК-тест” деп туруптур. Көзүм ошол сапка кадалды.
– Бул кимдердин анализи?
Илим бир азга үн катпай отуруп, анан мындай деди:
– Анын жана менин.
Мен ага карадым. Кагазды кайра карадым. Айым апанын уруксаты менен Илимге мен материалды алып келип бергем. Жыйынтыктын төмөн жагында “Эне-бала биологиялык туугандыгынын ыктымалдыгы: 99,99 пайыздан жогору” деп жазылыптыр. Мен калтырап кеттим. Демек, бул тастыкталган документ. Эч кандай божомолсуз. Менин оюм туура чыккан экен, эне менен баланын жолугушуусуна себеп болуптурмун. Көзүмдү жумдум. Мен буга сүйүнүшүм керекпи же кайгырышым керекпи? Билбей турдум.
– Демек...
Үнүм чыкпай калды. Илим мени тиктеп туруп, акырын үн катты.
– Тамчы, бул жөн гана окшоштук эмес. Анализде экөөбүздүн ДНК профилдерибиздеги көптөгөн генетикалык маркерлер салыштырылган. Натыйжа биологиялык эне-бала байланышын абдан жогорку ишеним менен тастыктап жатат.
Мен анын жүзүнө карадым. Анын көздөрү жашка толуп турган.
– Демек, ал чындап сенин апаң...
– Ооба.
Илим бул сөздү айтканда үнү титиреп кетти. Ошол бир гана сөздүн ичинде канча жылдык сагыныч, таарыныч, бала кездеги жалгыздык жатканын сезип турдум. Мен кагазды кайра колума алдым. Бир кезде апасын жоготкон кичинекей бала эми колунда анын өз энеси экенин далилдеген илимий жыйынтыкты кармап отурат.
– Сен эми аны менен жолугасыңбы?- дедим.
Илим башын ийкеди.
– Барам. Барууга тийишмин, болгону илимий тастыктоону күтүп жаткам.
Бир аз унчукпай отуруп, менден жардам сурагандай кайрылды.
– Бирок эмнени айтарымды билбейм,- деди.
Мен анын колун акырын кармадым.
– Сен эч нерсе ойлоп таппай эле кой. Биринчи жолу көргөндө жүрөгүңдү ук. Мен да атам менен 20 жашта жолуктум, сен билесиң го, атасыз өскөнүмдү. Азыр ал кишисиз жашоомду элестете албайм. Жазган СМСтери анын мага болгон шартсыз сүйүүсүн айтып турат. Мен атам менен жолуккан күндү дагы деле унута албайм.
– Кандай болду жолугууңар?
– Аны алыстан биринчи көргөндө эле тааныдым. Өзүм да түшүнбөйм, кантип тааныганымды. Көп жыл өтсө да жүрөк тааныйт экен.
– Эмне кылдың?
– Эч нерсе. Тура бердим. Ал да мени көрүп токтоп калды. Экөөбүз бири-бирибизди карап эле турдук.
Мен күлүп алдым.
– Анан ал атымды атады. Тамчы деди. Буга чейин менин атымды эч ким мынчалык сүйүү менен айта электей сезилди. Апам мени атымдан айтпай, “кызымтай” дечү. Ошондуктан атамдын Тамчы деши башкача сезилди. Ушунчалык жөнөкөй эле айтты. Бирок ошол бир сөздү укканда...
Мен көзүмдү төмөн салдым. Ошондогу сезимдерди кайра баштан өткөрүп жаткандай толкунданып кеттим.
– Ошол убакка чейин атамды сагындым деп өзүмө айтчу эмесмин. “Мага баары бир” деп жүрүптүрмүн. Бирок үнүн укканда түшүндүм... Мен аны күтүп жүрүптүрмүн.
– Анан кучакташтыңарбы?
– Жок.
Мен башымды чайкадым.
– Биринчи экөөбүз тең тартынып турдук. Анан ал мага акырын жакындап, ийиниме колун койду. Ошондо эле көзүмдөн жаш чыгып кетти.
– Сенчи?
– Мен аны кучактап алдым.
Бир азга унчукпай калдым.
– Илим, билесиңби, эң таң калычтуусу эмне болду?
– Эмне?
– Ошол күндөн кийин атам мага бөтөн адамдай сезилбей калды. Көп жылдык аралык бир заматта жок болуп кеткендей болду. Күн сайын сүйлөшө баштадык. Анын эмне жегенин, кайда жүргөнүн, ден соолугун сурай баштадым. Ал да мени сурап турду. Азыр ар бир күнүм аны менен башталат. "Жылуу кийин, эрте укта" дегендей камкор сөздөрдү айтты. Акча салат, чыныгы дыйкандын ак эмгегинен түшкөн акча. Мен атам берген акчаларды колдонууга да кыйбайм, сактайм берем. Кийин балдарыма коротом деген ниетим бар.
– Балдарым дечи...
– Ооба, менин да балдарым болот. Мен аларга эң жакшы апа болом. Куду менин апамдай.
Ал жаман болуп кеткендей болду. Мен жылмайдым.
– Кээде адамга көп нерсенин кереги жок экен. Бир эле “кызым” деген сөз жетиштүү. Ошондо түшүндүм. Ата-эне менен баланын ортосундагы байланыш жылдар менен өлбөйт экен.
– Тамчы...
– Мм?
– Сен атаңды кечирдиңби?
Мен бир аз ойлондум.
– Дароо эмес. Бирок аны түшүндүм. Кээ бир жарааттар кечирилгенде эмес, адамды түшүнгөндө айыга баштайт экен. Тирүүлөрдүн кадырын билген туура, өмүр бизге бир эле жолу берилет. Мүмкүн болушунча кечирип, кечирилип жашоо керек.
Илим унчукпай калды.
– Ошондуктан сен да апаң менен жолукканда эмне сезериңди алдын ала биле албайсың. Балким, ачууланасың. Балким, ыйлайсың. Балким, кучактагың келет. Бирок бир нерсени унутпа. Көп жыл өткөнү менен, эне менен баланын ортосундагы байланыш жок болуп кетпейт.
– Мен ага жолуккандан коркуп жатам.
– Эмнеден?
– Билбейм. Балким... Мен ойлогондой адам болбой калсачы? Же мени көргөндө сүйүнбөсөчү? Балким, мени көргөндө эмне дээрин билбей калат. Балким, мени таптакыр башка адамдай кабыл алат. Мен аны көп жыл күттүм. Эми жолуксам... ошол күткөн нерсемдин баары жок болуп кетсечи, талкаланып калсачы?
– Илим...
– Мен апамды жүрөгүмдө кандай элестеткенимди өзүм да билбейм. Бирок бир образ бар. Аны көп жыл бою ичимде сактап келдим. Эми чыныгы адамды көрсөм, ал башкача болуп чыксачы?
– Менимче, сен да ал кабыл албайт деп коркуп жатасың. Бөтөн адамдай сезилип калам деп коркуп жатасың?
– Ооба. Эң коркунучтуусу ошол, Тамчы. Мен аны көрүп алып “апа” деп айта албай калсамчы? Ал мени уулундай кабыл албасачы?
Жүрөгүм сыздап кетти.
– Сен көп жыл бою “уулум” деп айтышын күтүп келген жоксуңбу?
– Күттүм.
Илим көзүнө жаш толгон бойдон мени карады.
– А эгер ал мени кучактабасачы?
– Анда сен биринчи аны кучактоого шашпа. Адегенде кара. Ук. Анын да сендей коркуп турганын түшүнүүгө аракет кыл.
Илим унчукпай калды. Мен акырын гана айттым:
– Сен азыр апаңдан эмес, өзүңдүн көп жылдык үмүтүңдөн коркуп жатасың.
– Эгер баары мен ойлогондой болбосо эмне кылам?
– Анда экөөңөр чындыкты акырындык менен кайрадан тааныйсыңар.
Илим көз жашын сүрттү.
– Сен жанымда болосуңбу?
– Болом.
– Чындаппы?
– Ооба.
– Сен апаң менен жалгыз жолукпайсың, Илим. Бирок бир нерсени мен сен үчүн кыла албайм.
– Эмнени?
– Анын биринчи жолу “балам” дегенин укканда сенин жүрөгүң эмне болорун мен биле албайм. Экөөңдөгү байланышты мен сезе албайм. Ал силердин ичиңердеги нерсе.
Илим жылмайганга аракет кылды. Бирок көзүнөн жаш чыгып кетти. Мени кучактагысы келди окшойт, колун көтөрүп барып түшүрдү.
– Рахмат...- деди ал жөн гана.
(Уландысы кийинки санда)