Биз социалдык тармакта

Алтынай Асанбекова, ырчы: “МЫРЗАЛАР МЕНЕН ДУЭТ ЫРДАБАЙМ” 

Алтынай Асанбекова күйөрмандарына чоң концерт тартуулоого камынууда. Ырчы жакында “жубай” деген сыймыктуу статуска ээ болгон. Маекте үй-бүлөлүк жаңы жашоо, максаттар, чыгармачылыктын келечеги тууралуу пикир алыштык.  

 

– Кандайсыз, Алтынай? Жеке концерт бергени жатыптырсыз, даярдыктар кандай болуп жатат?

– Жакшы. Жеке концерт берүү – ар бир ырчынын кыялы. Мен ал кыялымды 2024-жылы орундаткам. Эки жылдан кийин кайра концерт бергени жатам, буюрса. Көп эле жолу ресторандарда чыгармачыл кечемди  өткөрүп келгем. Бул жолу чоң программадагы концерт болмокчу. Анткени угармандар менен жолугушуп, алардын эс алып отурганын көрүү, ошол нерседен ырахат алган да чоң бакыт. Мурунку концертимде эрте, жарым жыл мурун эле даярдык көрүп баштаган элем, бул жолу негедир ток пейилмин. Балким, тажрыйбам бар деп жатамбы, айтор, мурункудай тытынып даярдана элекмин. Концерттин түйшүгү оор, жанымда толтура адам жүрсө деле кайсы бир маселелерди жалгыз чечүүгө туура келет. Мисалы,  сахна жасалгасын, формаларды тандоо керек болот. Ошого мээ кыйналып кетет (күлүп). Азырынча баары өз нугу менен баратат.

– Мурда сүйүү тууралуу ырдап гана жүрсөңүз, эми анын даамын татып жаткан учуруңуз. Кандай айырмачылыктары байкалат? 

– Мурун армандуу, жетпеген, өксүп калган сүйүү тууралуу ырларды ырдачу элем. Азыр болсо бактылуу сүйүү тууралуу ырдагым келип, ырдоо форматымды башкача кылгым келип калды. Анткени жубай болдум, сүйүүнү сиз айткандай, терең, жашоо менен айкалыштырып түшүнө баштадым. Турмушка чыкканга чейин чын эле башкача ойлончумун. Жубайлар эртеден кечке чогуу болушса, тиричилик менен алпурушуп жүрүп сүйүүнүн эмнеси калмак эле деген ойлор келчү. Ортодо жөн гана сый-урмат калса керек дээр элем. Көрсө, адашыптырмын, сүйүү никеден кийин күчөйт экен. Күн сайын күчөй берет тура. Болгону мурункудай жалбырттай бербей, жылуулук, мээрим, камкордук менен сүйүп калат экен адам.

– Үй-бүлөнүн бекемдиги үчүн сүйүүнүн өзү жетишсиз дешет...

– Менимче, жетиштүү. Сүйүп турсаң, аны менен дайым чогуу болууну кааласаң, үй-бүлөдөгү анча-мынча келишпестиктерге көз жума аласың. Сүйбөй, балдар үчүн же статус үчүн деп чогуу жашагандарды мен түшүнбөйм.

– Турмушка чыккандан кийин жашооңузда чоң өзгөрүү эмне болду?

– Өзгөрүү деле болгон жок. Мүнөзүм бир аз токтоо тартып калды окшойт. Бирок жашоо тартибим, образым өзгөргөн жок. Эл арасында ырдап, сахнада жүрөм. Улуттук филармонияда эмгектенем, кайра кечинде той-топурда кызматта болом. Болгону келинмин, жубаймын, көбүрөөк кызматтамын (күлүп). 

– Жолдошуңуз сиздин ырчылык кесибиңизди кандай кабыл алат?

– Чыгармачылыгымды жолдошум аябай колдойт. Балким, кайсы бир деңгээлде коргойт десем да болот. Ырларымды жакшы көрөт. Машинасына отурганда эле менин ырларымдын жаңырып турганын байкайм. Сахна жашоомдун бир бөлүгү экенин жакшы түшүнөт. Ошондуктан эч качан каршы болгон эмес. Тескерисинче, “жаңы ырларды жаздыр, концерт бер” деп колдоп турат. Кызганчу жерден, албетте, кызганат, бирок шылтоо таап эле эзгилей берген адаты жок. Кадимки кыргыз мырзаларындай эле чегимди билдирип, чийип берип турат. Биздин баш кошконубузга бир жарым жыл болду,  менин жүрүм-турумумду изилдеп, кимдер менен жолугам, кантип иш алып барам билип калды. Ошондуктан ызы-чуу чыгара бербейт. Бирок турмушка чыккандан кийин өзүң эле чегиңди билип каласың. Албетте, чектөөлөр бар. Мисалы, гастролго чыгууга, чет өлкөгө көп убакытка кетүүгө, мырзалар менен дуэт ырдоого чек коюлган. Муну мен деле туура кабыл алгам.

– Жолдошуңуз менен пикир келишпестик жаралганда абалды оңдоого ким биринчи кадам таштайт?

– Албетте, жолдошум биринчи кадам жасайт. Анткени мүнөзү ак көңүл. Бат эле чарт-чурт болуп, кайра тез эле жаркылдап калат. Тескерисинче, мен көк бетирээкмин. Таарынычымдын тарап кетиши кыйыныраак. Ал жарашууга кадам жасабаса, мен жүрө берем, ошондуктан ал биринчи кадам таштайт. Катуураак айтып алса тынчсызданып кетет. Бирок мен оңою менен конфликтке барбайм.

– Үй-бүлөңүз үчүн эмнеден баш тартууга даярсыз?

– Бактылуу жашоо үчүн, сүйүктүүм үчүн көп эле нерседен баш тарта алам.

– Бактылуу аял деп кандай айымдарды эсептейсиз?

– Аялдын табияты ушундай да, бир мырзанын колдоосунда, коргоосунда болушу керек. Аял жалгыз бактылуу боло ала турган болсо, турмушка чыгууга деле муктаждык калбаса керек эле. Бир эркекке таянып, корголуп жатканын сезүү менен аял бактылуу болот. Албетте, анан эне болгондо абдан бактылуу болсо керек. Аялдын бактысы үй-бүлөдө. Карьерасында укмуш ийгиликтерди жаратса деле, аты дүйнөгө таанылса деле, жалгыздыкта бактылуу болгон айымды мен көрө элекмин. Аял өзүнүн сүйгөн кесибин аркалай алса да бактысы толук болот деп ойлойм. 

– Үй-бүлө жана чыгармачылыктын ортосунда тандоо жасоого туура келсе, кандай чечим кабыл алат элеңиз?

– Албетте, үй-бүлөмдү тандамакмын. Бирок мага андай тандоо сунуштаган адам менен андан аркы мамилем кандай болуп калат эле, билбейм. Дегеле алдыма ошондой тандоо коюлганын элестете албайм. Мени сүйгөн адам кандай болсом ошондой, бардык нерсем менен кабыл алышы керек деп ойлойм.

– Ырчылык жана жеке жашоонун чеги деген түшүнүк бар эмеспи. Бул чек кандай сиз үчүн?

– Мен үчүн жеке жашоомдун эң ыйык чеги — үй-бүлөмдүн тынчтыгы, жолдошум менен болгон мамилем жана жакындарымдын жеке мейкиндиги. Элге чыгармачылыгымды, ырларымды, өнөрүмдү тартуулоого даярмын. Бирок үй-бүлөмдүн ички абалын, ортобуздагы сырларды жана жеке сезимдерибизди элдин талкуусуна коюуга жол бербейм. Элдин сүйүүсү – мен үчүн чоң бакыт жана жоопкерчилик. Бирок таанымал болуум жеке жашоомо ар ким кийлигише алат дегенди билдирбейт.

– Өзүңүздүн келечегиңизди учурда кандай элестетесиз?

– Ырчы болуу – кичинемден берки кыялым болчу. Тырышчаактык, көп жылдык эмгек менен ага жетиштим. Ошондуктан чыгармачылык да мен үчүн маанилүү. Үй-бүлөнү да, чыгармачылыкты да бирдей алып кеткен айым катары элестетем өзүмдү. Эне, жубай, элдин кызматындагы ырчы катары көрөм.

– Маегиңизге рахмат!

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1245, 30-октябрь-5-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан