Бул макалада сөз боло турган технологиялар фантастикадай сезилгени менен, жакынкы жылдары реалдуулукка айланышы мүмкүн. Америкалык Neuralink жана Tesla Roadster компанияларынын жаңы ачылыштары – адамзаттын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүчү технология жана медицинадагы чоң революция деп бааланууда.
Сокурлар эми дүйнөнү мээ менен көрүшөт
Белгилүү америкалык ишкер, инженер Илон Маск 2016-жылы түптөгөн америкалык Neuralink компаниясы сокурларга көрүүгө мүмкүндүк берүүчү Blindsight нейроимплантын толук иштеп чыкты.
Имплант сокурлардын көрүү жөндөмдүүлүгүн калыпка келтирет. 2026-жылдын октябрь айынын аягында Маск мындай нейроимпланттар колдонууга даяр экенин жана АКШнын Азык-түлүк, дары-дармектердин сапатын көзөмөлдөө башкармалыгынан аны эксперимент катары колдонуп көрүүгө уруксат күтүп турганын расмий түрдө жарыялады.
Blindsight – тубаса сокурларга жана туулгандан кийин кайсы бир себептерден улам көрүүсүн толугу менен жоготкондорго үмүт берген жаңы нейроимплант. Мунун иштелип чыгышын эксперттер жогорку технологиялар тармагындагы эң чоң сенсациялардын бири деп жатышат.
Blindsight импланты кантип иштейт?
Аппарат көздүн өзүн же жабыркаган көрүү нервдерин дарылабайт. Бул технологиянын башкы өзгөчөлүгү – көздүн, көрүү нервдеринин катышуусусуз иштегендиги. Болгону мээнин көрүүгө жооп берүүчү бөлүгү жабыркабаган болушу зарыл.
Бейтап атайын камерасы бар көз айнек тагынат. Камера айлана-тегеректи же нерсени тартып алып, аны кичинекей мини-компьютерге жөнөтөт. Мини-компьютер сүрөттү электрдик сигналдарга айлантып, аларды түз эле баш мээнин көрүү кыртышындагы нейрондорго өткөрүп берет. Нейрондор стимулдашып, көптөгөн жарык чекиттери пайда болот. Жарык чекиттери биригип, силуэт (сөлөкөт, бүлбүл элес), караанды түзөт. Адам камера тартып алган нерсени, мисалы, дарак, үй, адамды калыптагыдай көрө албайт. Болгону анын караанын, силуэтин көрөт. Бирок келечекте мындай импланттардын өнүктүрүлгөн жаңы моделдери чыгып, мындан жакшыраак көрүүгө мүмкүндүк берери бышык.
Көрүп жүрүп, кийин көрүүсүн жоготкондорго технология тез жыйынтык берет. Алардын мээсиндеги көрүүгө жооп берген кыртышы мурунтан эле кантип көрүүнү жана сигналдарды таанууну билет. Тубаса сокурларга технологияны өздөштүрүү узакка жана кыйынга турат. Анткени алардын мээ кыртышы визуалдык сигналдарды кабыл алууну нөлдөн баштап үйрөнүшү керек.
Маймылдарда сыналган
Neuralink аталган имплантты маймылдарда сынап көргөн. 2025-жылы Маск аппаратты бир маймыл 3 жылдан бери тагынып жүргөнүн айткан. Көзү таптакыр көрбөгөн адамдардын мээсине түз сигнал берүү аркылуу дүйнөнү көрсөтүү аракети жакынкы келечекте миңдеген инсандардын жашоосун түп-тамырынан бери өзгөртүшү мүмкүн. Имплант эксперимент катары колдонууга уруксат алат, адамдарда ийгиликтүү сыналат деп үмүт кылып туралы.
Шалдар да компьютер башкара башташат
Neuralink компаниясынын дагы бир ойлоп табуусу – 2024-жылы сунушталган “Телепатия” (Telepathy) нейрочипи. Бул нейрочип компьютерди жана башка санариптик түзүлүштөрдү, анын ичинде смартфонду ойдун күчү менен башкаруу үчүн арналган мээ импланты болуп саналат. Имплант омурткаларынан жаракат алып жүлүнүнө доо кетип, ошондой эле каптал амиотрофиялык склероз дартынан улам кол-буту шал болуп калган адамдарга жардам берүү үчүн түзүлгөн. Мээ сөңгөгүнүн (ствол) инсультунан жабыркап колу-бутун башкара жана жакшы сүйлөй албай же сүйлөбөй калган бейтаптарга да жардамын тийгизет. Илон Масктын айтымында, бул – адам менен нейротехнологиянын айкалышы.
Чипти мээге робот-хирург орнотот
Чиптин көлөмү тыйындай, анын 1024 электроддон турган 64 микрожипчеси бар. Аны мээге R1 робот-хирургу орнотот. Ал кан тамырларга тийбестен, мээнин кыймыл-аракетке жооп берүүчү бөлүктөрүнө микрожипчелерди өтө кылдаттык менен киргизет. Адам компьютер же смартфонду колу менен башкарууну ойлогондо электроддуу микрожипчелер мээ нейрондорунун электрдик импульстарын жазып алып, аны компьютер же смартфондогу зымсыз байланышка, мисалы, блютузга өткөрүп берет. Ушунусу менен экрандагы курсорду же клавиатураны ойдун жардамы менен башкарууга мүмкүндүк берет.
Талма оорусуна таасир эте алабы?
Масктын божомолунда, жакынкы бир нече жылда мындай нейроимпланттар аркылуу мээден компьютерге маалымат берүү ылдамдыгы адамдын сүйлөөсүнөн жана текстти кол менен терүү ылдамдыгынан бир нече эсе ашып түшөт. Маалыматтарга караганда, шал адамдар интернетти колдонуп, социалдык тармактарда баарлашып, электрондук кат алышып, программалар менен иштей алышат. Ошондой эле айрым видео оюндарды ойной алышмакчы. Маск азыркы рыноктогу Telepathy чиптери бир аз “одоно” жасалганына карабастан, талма оорусунун кээ бир түрлөрүндө жардам бере аларын да белгилейт. Чип мээдеги электрдик активдүүлүктү көзөмөлдөп, талма кармап калуу коркунучун алдын ала аныктап, ага каршы импульстарды жөнөтө алат.
Кол эмес, ой менен пост жазылганы айтылган
Чип 2020-2021-жылы чочколорго жана маймылдарга орнотулуп, эксперименттер жүргүзүлгөн. Маймылдардын бири ойдун күчү менен компьютердик курсорду башкарууну үйрөнгөн. 2021-жылдын апрелинде Neuralink ал маймылдын компьютерде пинг-понгдун жөнөкөй түрүн ойноп жаткан видеосун жарыялаган.
Чипти адамдарга сынап көрүүгө атайын уюм 2023-жылдын май айында уруксат берген. Чип биринчи жолу 2024-жылдын январь айында ийининен ылдый шал болуп калган 29 жаштагы америкалык Нолан Арбо аттуу жаранга орнотулган. Ал кийин ойдун күчү менен социалдык тармакка алгачкы постун жазган. Бул маалыматты Маск өзү да тастыктаган. Ошондой эле ал онлайн-шахмат ойноого жетишкен. Бирок бейтап тууралуу кеңири маалымат ачык булактарда жок. Клиникалык изилдөөлөр АКШда, Канадада жана Улуу Британияда жүргүзүлүүдө.
Tesla Roadster – заманбап учуучу унаа
Электрокар чыгаруучу Tesla компаниясы 2026-жылдын 15-октябрында АКШда жаңы Roadster жаңы моделинин бет ачарын өткөрдү. Анда Tesla Roadster автоунаасы тик пандуска чыгып, абага көтөрүлүп, андан соң дөңгөлөктөрү менен тике карап ылдыйлап, кошумча кыймылдаткычтарын ишке киргизүү менен жерге конду. Андан кийин унаа пандусту кайрадан трамплин катары колдонуп учуп, учуу маалында дөңгөлөктөрүн өйдө көтөрүп айлануу менен жогорку пилотаж фигурасы болгон “бочканы” аткарды. Электрокар муздак газ менен иштеген 10 кыймылдаткычтын аркасында абада манёвр жасай алат. Кыймылдаткычтар 600 литр болгон 2 борттук резервуардагы өтө жогорку басымдагы абаны колдонот. Илон Масктын айтымында, бул кадимки атмосфералык аба, андыктан унаа жолдо жүрүп баратып эле “отун” запасын толуктай алат.
Мындан тышкары унаа жердеги динамикалык мүмкүнчүлүктөрүн да көрсөттү. Шоу учурунда электрокар 0,81 секундда 96 чакырым-саат ылдамдыкты багындырган. Суперкардын астында абаны кысуу күчү менен соруп алган чоң желдеткичтүү систем бар. Мунун аркасында унаа жолго “жабышып”, бурулуштардан өтө жогорку ылдамдыкта өтө алат. Мындан башка да жаңы түзүлүштөрү бар. Муну ракета-унаа десек да болот.
Ошол эле учурда компания унаанын башка мүнөздөмөлөрү тууралуу үн ката элек. Учуучу унаа кадимки жол кыймылынын эрежелерине кантип баш ийет деген суроо бар. Tesla Roadster'дин сериялык өндүрүшү 2028-жылы башталат деп күтүлүүдө.
Канымжан Усупбекова