Кыргызстандын туризм тармагынан 2026-жылдын 9 айында мамлекеттик бюджетке 12,2 миллиард сом салык түштү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 40 пайызга көп экенин Туризмди өнүктүрүү агенттигинин директору Эдуард Кубатов “Кабарга” берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, мурда туризм тармагы бир жыл ичинде да мындай көлөмдө салык төлөй алган эмес. Кубатовдун маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда туризм тармагында 13 миңге жакын субъект иш алып барууда. Транспорт, логистика, тамак-аш, мейманкана жана башка тармактарды кошкондо азыркы учурда туризмден 160 миңге жакын жаран киреше табууда. Туризмдин өлкөнүн экономикасындагы үлүшүн көбөйтүү пландалып жатканы айтылды. Учурда бул тармак ички дүң продукциянын 4 пайызын түзсө, бул көрсөткүчтү жакынкы жылдары 7-8 пайызга, 5-6 жылдын ичинде 10 пайызга жеткирүү планы коюлганын белгилейт Кубатов.
Маалыматка таянсак, 2026-жылдын 9 айында Кыргызстанга 9 миллион турист келди. Жыл аягына чейин 12-13 миллионго жеткирүү пландалууда.