18-ноябрда Ош облусундагы Кара-Суу базарынын соодагерлери митингге чыгышты. Алар ижара акысынын кымбатташына каршы Кара-Суу райондук администрациясынын имаратынын алдына чогулушуп, өз талаптарын айтышты. Маселени чечип берүү үчүн президентке кайрылышты. Ош ОИИББинин маалыматына таянсак, факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Милиция жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого жана окуяга байланыштуу маалыматтарды расмий булактардан алууга чакырат. Ушул эле күнү митингчилерге президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев барып жолукту. Анда ал соодагерлердин сөзүн угуп, базардын жаңы куратору катары Мирбек аттуу жаранды тааныштырып, маселени ошол чече турганын билдирди. Ошондой эле соодагерлер үчүн ижара акысы мурунку бойдон каларын билдирди. Митингге чыккандар ушул убададан кийин тарап кетишкени белгилүү болду.