Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду тасма кылып тартууга эч ким буга чейин даай элек эле. Бул чоң ишке белсенген жаш режиссёр Каныбек Калматов болду. Албетте, түрдүү көз караштар болду. Бул жолу биз “Айтматов” тасмасынын таржымалы тууралуу баяндоону туура көрдүк
ТАСМАНЫН...
Режиссёру – Каныбек Калматов
Сценарийин жазгандар – Тилек Чериков, Каныбек Калматов
Жанры – биографиялык драма
Узактыгы – 115 мүнөт
Бет ачары – 2026-жылдын 15-октябры
Актёрлор: Чыңгыз Айтматов – Болот Тентимышов, Бүбүсара Бейшеналиева – Мээрим Атантаева, Төрөкул Айтматов – Абылай Марат уулу, Нагима Айтматова – Арина Исакова, Борис Пастернак – Сергей Безруков
КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Окуя 1979-жылы башталат. Дүйнөгө таанылган жазуучу Айтматов “Кылым карытар бир күн” романын жазып бүтүүгө жакындап калган. Бирок чыгарманын жарык көрүшүнө советтик цензура тоскоол болушу мүмкүн. Анткени романдагы манкурт темасы жөн гана адабий образ эмес, ал адамдын эс-тутуму, тарыхы жана улуттук аң-сезими тууралуу терең ойду камтыйт. Айтматов чыгармачылык эркиндик үчүн күрөшүүгө туура келет. Европага сапарга чыгат. Ошол жактан ага күтүлбөгөн мүмкүнчүлүк ачылат: Батышта калып, чыгармачылык менен эркин алектенсе болот. Ал жакта сөз эркиндиги, чыгармаларын цензурасыз жарыялоо мүмкүнчүлүгү бар. Дүйнөлүк адабияттагы ордун дагы кеңейтүүгө шарт түзүлөт. Бул сунуш сыртынан караганда чоң мүмкүнчүлүк. Бирок анын ичинде оор суроо жатат: өз мекениңди таштап кетсең, өзүңдүн ким экениңди сактап кала аласыңбы? Европадагы тандоонун алдында Айтматов өзүнүн өткөн өмүрүн кайрадан эстейт. Атасы Төрөкулдун репрессияга кабылышы анын балалык дүйнөсүндө өчпөс из калтырган. Апасы Нагиманын балдарын сактап калуу үчүн күрөшкөнү, үй-бүлөнүн түйшүгүн көтөргөнү, оор мезгилде балдарына тирек болгону эскерүүлөрдүн маанилүү бөлүгү. Биринчи сүйүүсү, үй-бүлөсү. Чындыгында Айтматовдун өмүрүн бир тасмага же китепке сыйдырыш абдан оор иш, ошого карабай режиссёр анын өмүрүнүн урунттуу учурларын ачып берүүгө аракет кылган.
КАНЫБЕК КАЛМАТОВ КИМ?
Айтматов тууралуу көп режиссёрлор тасма тарткысы келген болуш керек, бирок мындай тасманы 25 жаштагы жаш режиссёр тартканы кызык да, таң калычтуу да болду. Каныбек Калматов – адистиги боюнча кинооператор. Буга чейин “Бейиш эненин таманында”, “Кассандра”, “Нелегал”, “Мунай” тасмаларында операторлук кылган. Москвадагы Бүткүл орусиялык мамлекеттик кинематография институтун (ВГИК) бүтүргөн.
Каныбектин кино дүйнөсүнө кызыгуусу бала кезинен башталган. 15 жашында кыска метраждуу тасмаларды, жарнамаларды тартканын маектеринде айтып келет. Эмнеге дебюттук тасмасын Айтматовдон баштады? Каныбек бала кезинен эле Айтматовдун чыгармаларына кызыккан. Болжол менен 12 жашында “Эрте келген турналар” чыгармасын окугандан кийин жазуучунун дүйнөсүнө кызыгып калган. Ал эми кийин Москвада окуп жүргөндө кыргызстандык экенин уккан адамдардын көбү аны Айтматовдун жердеши катары кабыл алышкан. Анын айтымында, Айтматов – кыргыздын маданий кодуна айланган инсан. Ошондуктан бул тасманы тартууга белсенгенин айтат. Жазуучунун залкарлыгын сактоо менен бирге анын адамдык тагдырын жөнөкөйлөтүп берүүнү максат кылган.
ТАСМА КАЙСЫ ЖЕРЛЕРДЕ ТАРТЫЛГАН?
Тасма Орусияда жана Кыргызстанда тартылган. Режиссёр тарыхый мезгилге туура келген гана жерлерди эмес, өзүнүн архитектурасы, жарыгы жана атмосферасы менен окуяны жеткире алган мейкиндиктерди издеген. Кыргызстан – тасманын тарыхый жана маданий өзөгү. Москва – каармандын жашоосунун башка чөйрөсү. Калининград болсо европалык атмосфераны жаратууга жардам берген.
“Айтматов” тасмасында жасалма интеллект колдонулган. Бирок режиссёрдун айтымында, ал абдан чектелүү, болгону бир-эки кадрда гана пайдаланылган. Тактап айтканда, эски советтик "Шереметьево" аэропортунун 1970-жылдардагы көрүнүшүн кайра жаратууда генеративдик жасалма интеллекттин жардамына кайрылышкан. Себеби ошол доордогу аэропорттун көрүнүшүн көрсөтүү кыйын жана кымбат болгон.
ЦЕНЗУРАДАН УЛАМ ТАСМАНЫН ЭПИЗОДДОРУ КЕСИЛДИБИ?
Кинону Орусияда көрсөтүүдө тасмадагы Төрөкул Айтматовдун атылганы чагылдырылган эпизод кесилип ташталганы тууралуу соцтармактарга маалыматтар чыкты. Казакстандагы бет ачар датасы да өзгөрүлүп, артка жылдырылды. Казакстандык киносынчы Дмитрий Мостовой буга тасмадагы 1930-жылдардагы сталиндик репрессияларга байланыштуу эпизоддор себеп болгон деген божомолун билдирди. Бирок сөз болуп жаткан эпизод тасманын трейлеринен алынган жок. Режиссёр Каныбек Калматов бул боюнча расмий түшүндүрмө бере элек.
АЙТМАТОВДУН ЖАКЫНДАРЫ ЭМНЕ ДЕШТИ?
Жазуучунун уулу Эльдар Айтматов режиссёрго атасынын өмүр баянын экрандаштырууга укук берген. Сценарий даярдоодо Эльдар Айтматов, жазуучунун үй-бүлөсү жана жакындары жардам беришкен. Мисалы, кызы Ширин Айтматова жана карындашы Роза Айтматова режиссёрго кеңештерин беришкен. Үй-бүлө тасманы алгачкылардан болуп көрүп, колдоо көрсөткөн. Режиссёр алардын айрым эпизоддор боюнча принципиалдуу каршы пикири болбогонун билдирген. Ал эми Эльдар Айтматов атасы менен Бүбүсара Бейшеналиеванын сүйүүсү тууралуу суроо берилгенде: “Адамга ар түрдүү жагдайлар, сүйүүлөр, сыноолор берилет. Биз бул сезимди сыйлашыбыз гана керек”,- деп жооп берди.
“АЙТМАТОВ” ТАСМАСЫ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Окуянын негизин жазуучунун өмүрүндөгү алты күндүк эскерүү гана түзөт.
Айтматовдун образын жаратууда актёрдун үнүнө, басканына, кыймыл-аракетине жана кол жазмасына чейин көңүл бурулган.
Сергей Безруков айрым эпизоддорго чыгармачылык сунуштарын киргизген. Эльдар Айтматов сценарийди даярдоого жана тарыхый маалыматтарды тактоого жардам берген.
Төрөкул Айтматовдун тагдыры тасманын негизги эмоционалдык өзөгүн түзөт.
Мухтар Ауэзов менен Айтматовдун мамилеси тасмага кошулбай калган. Режиссёр бул теманы өзүнчө чыгарма кылууга татыктуу деп эсептейт.
Тасманы тартууга 100дөн ашык адам катышып, тарыхый доордун кийимдери жана буюмдары жасалган.
Нуржамал Жийдебаева