Биз социалдык тармакта

Деңизде 1001 күн (бакыт байлыкта эмес экенин чагылдырган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

 

Самаган бир кадам артка чегинди.            

– Мен сизге бир нерсени далилдеш үчүн жашадым, ата. Бир күнү мени да сыймыктануу менен карасаңыз экен дедим. Бирок канчалык аракет кылсам да, сиздин көзүңүздө мен дайыма жетишсиз болдум.

Ал хан сарайды карады.

– Мына, ушул үйдө баары бар. Кымбат эмерек, алтын жасалгалар, кызматчылар, унаалар... Бирок бул үйдө бир нерсе жок.

– Эмне?- деп сурады Илим.

Самаган атасына карады:

– Биздин үйдө атанын мээрими жок.

Илимдин көзүнөн жаш куюлду. Самаган бурулуп, тепкичти көздөй басты. Бирок бир нече кадамдан кийин токтоду.

– Ата...

Илим башын көтөрдү.

– Эгер Бекзат ойгонсо, мен аны күтүп жатканымды айтыңыз. Мен ага көп нерсе айта элекмин. Кечирим сурашым керек.

Ал бир азга унчукпай турду.

– А менден... менден кечирим сурабаңыз. Азырынча кечире албайм.

Самаган хан сарайга кирип кетти. Илим бассейндин жанында жалгыз калды. Анын денесинде уулуна көтөрүлгөн колунун оордугу сезилип, жүрөгүндө болсо айтылбай калган миңдеген сөздөр жатты. Ал отургучка кайра отурду. Көпкө чейин эки жакка көз салып үнсүз отуруп, бир маалда хан сарайдын жарыктарына тигилди.

– Бекзатым...- деп шыбырады. – Сен менин колумдагы бүт жоопкерчиликти көтөрдүң. Самаганым... сен менин колум жетпеген жерде чоңоюпсуң. Кайсы жерден жаңылдым, балдарым? Кайсы жерден?

Ал эки алаканы менен жүзүн басып, ыйлап жиберди.

xxx

Илим Исаев өмүрүндө көп жолу жеңишке жеткен адам. Миллиондоп акча тапкан. Атаандаштарын артта калтырган. Айтор, далай кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. Бирок ошол түнү өзүнүн эки уулунун ортосундагы жараканы көрүп, эч нерсе кыла албады. Анын бир уулу ооруканада өмүр үчүн күрөшүп жатты. Экинчиси өз үйүндө туруп, атасынын мээримин сурап жалгызсырап жүрүптүр. Ал эми Илим экөөнө тең жетишпей калганын эми гана түшүндү. Ошол маалда анын телефону шыңгырады.

Телефондун экранынан ооруканадагы дарыгердин аты көрүнүп турду. Илим шашып телефонду алды.

– Алло?!

Аркы тараптан дарыгердин үнү угулду:

– Илим мырза, кечиресиз, сизге шашылыш бир нерсе айтышыбыз керек...

Илим ордунан ыргып турду.

– Бекзатпы? Баламбы? Эмне болду?!

Дарыгер бир азга унчукпай калды.

– Бекзат мырза...

Илимдин жүрөгү токтоп калгандай болду:

– Сүйлөңүз! Эмне болду?!

– Бекзат мырза көзүн ачты.

Илим телефонду кулагына баскан бойдон көзүн бекем жумду. Бирок дарыгердин кийинки сөзү анын кубанычын кайрадан коркунучка айлантты.

– Бирок ал биринчи болуп бир адамдын атын сурады. Сиздин үй-бүлөңүздөн эч ким күтпөгөн адамдын атын...

Илимдин жүзү өзгөрдү.

– Кимдин?..

Телефондун ары жагында дарыгер жооп берди:

– Тинатиндин.

xxx

Оорукана. Таңга жуук. Бекзаттын манжалары акырын кыймылдаганын көргөн Илимдин көкүрөгүндөгү бир нече күндөн бери басылбай турган оор жүк ордунан жылгандай болду.

– Балам... Бекзатым...

Ал уулунун керебетине жакындап, анын жүзүнө тигилди. Көздөрү дагы эле чарчаңкы, өңү кубарып турган. Денесинде оор жаракаттардын изи бар. Бирок ал тирүү эле. Атасынын үнүн угуп жаткандай, кирпиктерин акырын кыймылдатты.

Илим уулунун колун кармады.

– Мен бул жердемин, балам. Эч жакка кетпейм. Уктуңбу? Атаң жаныңда.

Тинатин терезенин жанында унчукпай турган. Анын да көзүнө жаш толгон. Бир нече күндөн бери ушул бөлмөдө уктабай, Бекзаттын дем алуусун гана тыңшап отурган кыз эми гана ийининен оор жүк түшкөндөй сезди. Илим ага кайрылды.

– Тинатин.

– Ии, Илим мырза.

– Үйгө бар. Эс ал. Сен да чарчадың. Канча күндөн бери көз ирмебей отурасың.

– Мен калсам болобу? Балким, дагы бир нерсе керек болуп калар...

– Жок, кызым. Бүгүн түнү мен калам. Сенин да ден соолугуң керек. Бекзат эми өзүнө келип жатат. Эми биз ага күчтүү болушубуз керек.

Тинатин акырын башын ийкеди. Бекзаттын колун бир карап алды. Анан анын кулагына акырын шыбырады: 

– Сиз дагы көп нерсени айтышыңыз керек. Ошондуктан эртерээк айыгып кетиңиз...

Ал бөлмөдөн чыгып баратып, кайра бир жолу бурулуп карады. Илим уулунун колун кармаган бойдон отурган. Анын жүзүндө көптөн бери көрүнө элек жылуулук бар эле. Ошол түнү Илим уулунун жанынан жылган жок. Кээде дарыгерлерден абалын сурады. Кээде анын чекесин сылап, үн катпай отурду. Кээде Бекзаттын бала кезин эстеди.

Бир жолу кичинекей Бекзат анын кеңсесине кирип келип:

“Ата, чоңойгондо мен сиздей болом” деген. Илим ал сөзгө күлүп, ичинен сыймыктанган. Эми ошол кичинекей бала чоңоюп, атасынын ордуна бүтүндөй бир бизнес империяны көтөрүп, өзүнүн өмүрүн да аябай калган экен. Илим анын колун бекем кармады.

– Эми мен сени шаштырбайм, балам. Бул жолу сен эч нерсе үчүн күрөшпө. Болгону айыгып чык. Калганын мен көтөрөм...

xxx

Эртең мененки саат 09:15. Тинатин хан сарайга кайтып келди. Бир аз эс алгандан кийин өзүнө тапшырылган иштерди карап чыкты. Илим ага карылар үйлөрүн, балдар үйлөрүн жана кайрымдуулук фонддорун көзөмөлдөөнү тапшырган эле. Ал документтерди карап отуруп, карылар үйүнө өзү барууну чечти.

– Бүгүн бардык бөлүмдөрдү текшерип чыгалы. Кагаз жүзүндө баары жакшы көрүнгөнү менен, адамдардын жашоосу кагазга батпайт,- деди ал кызматкерге.

Унаа үйдүн дарбазасынан чыгып, шаар көчөлөрүн аралап жөнөдү.

Карылар үйү шаардын чет жагында, бак-дарактар менен курчалган эски имаратта жайгашкан. Кире беришинде гүлдөр отургузулган. Терезелеринин айнектери таза, короосунда чакан отургучтар бар. Сыртынан караганда тынч, камкордукка алынган жайдай көрүнчү. Бирок Тинатин ичкери киргенде башка дүйнөгө туш болду. Бул жерде убакыт башкача өтчү. Коридордон дары-дармектердин, жаңы демделген чайдын жана эски жыгач эмеректердин жыттары аралашып турду. Кайсы бир бөлмөдөн радионун үнү угулуп жатты. Бир жерде телевизор иштеп турат. Экинчи жактан жөтөлгөн адамдын үнү чыгат.

Коридордун аягында ак чач кемпир терезенин жанында отуруптур. Колунда эски жоолук. Аны улам бүктөп, кайра ачып жатты.

– Саламатсызбы, апа,- деди Тинатин жылмайып.

Кемпир башын көтөрдү.

– Келдиңби, кызым?

– Ооба, апа. Кандайсыз?

– Жакшымын. Баламды бүгүн келет деди эле...

Тинатин анын жанына отурду.

– Кайсы балаңыз, апа?

Кемпирдин жүзү жаркый түштү.

– Уулум. Аты – Эрмек. Кичинесинде мени эч жакка жиберчү эмес. Базарга барсам да этегимден кармап алчу. “Апам кетип калат” деп ыйлачу.

Ал күлүп койду.

– Азыр чоң киши болду. Жумушу көп. Бирок бүгүн келет. Кечээ телефон чалып, сөз берген.

Тинатин жылмайганга аракет кылды.

– Сиз аны сагынып калдыңызбы?

Кемпирдин көздөрү жашылданып кетти.

– Эне баласын кантип сагынбайт, кызым? Мен аны ушул эки колум менен чоңойтком. Атасы эрте кетип калды. Өзүм жалгыз бактым. Кышында өзүмө бут кийим албай, балама алып берчүмүн. Кээде тамакты да ага берип, өзүм чай гана ичип калчумун. Бирок ал чоңойсун дедим. Адам болсун дедим.

Ал колундагы жоолукту Тинатинге көрсөттү.

– Муну көрдүңбү? Балам мектепке биринчи класска жаңы барганда байлап берген жоолугум. Ошондон бери сактап келем. Келгенде көрсөтөм.

Тинатиндин жүрөгү бир нерседен улам кысылгандай болду.

– Апа, уулуңуз сизди жакшы көрөт. Сөзсүз келет.

Кемпир башын ийкеди.

– Келет. Мен билем. Эне жүрөгү жаңылбайт.

Тинатин жооп бере алган жок.

xxx

Тинатин жетекчи менен сүйлөшүп, бөлмөлөрдү кыдырып жүргөндө короодон унаанын үнү угулду. Ал терезеге көз чаптырды. Кымбат кара түстөгү унаа токтоп, андан жашы отуздар чамасындагы эркек киши түштү. Ал арткы эшикти ачып, улгайган атасын колтуктап түшүрдү.

Карыянын кыймылы жай. Бир колунда таяк, экинчи колунда эски булгаары баштык бар эле. Үстүнө тыкан пальто кийип алган. Ак чачын тарап, сакалын да алдырыптыр...

 

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1248, 20-26-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан