Биз социалдык тармакта

Мурат Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “АЗЫРКЫ ЖАШ АКТЁРЛОРДО КҮЧТҮҮ ЭМОЦИЯ ЖОК” 

Кыргыздын таланттуу уулу Мурат Мамбетов өмүрүн чыгармачылыкка арнап, анын актёр катары жараткан образдары да, режиссёр катары тарткан тасмалары да элдин маданий байлыгына айланды десек болот. Театр жана кинонун агымында жүрүп отуруп 70 жаштын кырына чыгыптыр агабыз. Баскан жол, сыймыктануулар, актёрдук талант, үй-бүлө тууралуу пикир алыштык. 

– Саламатсызбы, Мурат агай? Адатта чыгармачыл адамда тыным болбойт эмеспи, учурда эмне иш менен алексиз?                       

– Саламатчылык. Чыгармачылык боюнча жаңылыктарды айтсам, былтыр, 2025-жылы Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата сериал тартканбыз. Ошол сериалга режиссёрлук кылдым. Ал “Өрт кечкен сөйкө” деп аталып, 8 сериядан турат. “Кыргыз сериал” студиясы тарабынан тартылды. Сериал ошол оор күндөрдө – согуш учурунда эрдик көрсөткөн аялзатка арналды. Андан бери кино же сериал жок. Убактым кененирээк болуп, колум бир аз бошой түшкөн убак. Ал эми устаттык ишим уланып жатат, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинде актёрлук чеберчилик жана режиссура боюнча сабак берем.                                                    

– Улуу муундагы чыгармачыл адамдар “жылдыз оорусу” менен ооруп көрбөгөнүн айтышат. Ошентсе деле атактуулуктун таасири тийсе керек жашоодо деген ой келет...                                          

– Жок, мен андай оору менен ооруган жокмун. Балким, биздин тарбиябыз башкача беле же мүнөздөн уламбы. Же заман башкача беле, билбейм. А балким, андай “жылдыз оорусу” менен ооруганга убактыбыз болгон эместир. Кыскасы, мен андай оору менен ооруган жокмун. Буга аябай кубанам.                                         

– Келечекте актёр болоруңуз кичине кезиңизде эле байкалчу беле?                        

– Менин атам догдур, апам мугалимдик кесипти аркалашкан. Чыгармачылыкка тиешеси жок кишилер эле. Кичине кезимде  таенемдин колунда болдум. Анда кино көрчүбүз, анан 5-6 жашымда таенеме ошол кинонун башынан аягына чейин кайра аткарып берчүмүн. Кинонун каармандарын баштан-аяк туурап, берилип образга кирип, күлгөн жеринен күлүп, ыйлаган жеринен ыйлап аткарып берчү элем. Ошондо таенем “ушул балам артист болот” дей берчү. Артист болуп калышыма, балким, таенемдин ошол сөздөрү түрткү болгондур...                                       

– Сизди көпчүлүк Мурат Мамбетов деп эмес, аткарган каармандарыңыздан улам Композ же Жаздык деп таанышса сыймыктанасызбы?                                      

– Ачыгын айтканда, ал тасмалардын тартылганына көп болду. Атактуу Болот Шамшиев режиссёрлук кылган “Бөрү зындандын” тартылганынан быйыл 43 жыл өттү. Демек, андагы аткарган каарманым Композго да ошончо жыл болду. Андан бери ушул ат өчө элек болсо, сыймыктанасың да. Ал эми “Чиркин өмүр” тасмасындагы Жаздык деген каарманыма 23 жыл болду. Бул каармандарды эл дагы деле таанышса, мен үчүн бул сыймык. Демек, актёр катары өзүмдүн максатыма жеткен экенмин. Максатыма жеттим, элдин эсинде калдым. Чыгармачыл адамга эч ким чектөө коё албайт да. Түрдүү ролдорду аткарасың, бирок ошонун ичинен эң мыктылары гана элдин эсинде калат болуш керек.                                                       

– Өнөр ааламында таланты күчтүү болгону менен, бааланбай калган адамдар болот. Сиз кайсы кесиптешиңизди ушул топко кошот элеңиз?                                                

– Мен буга Эмил Борончиевди кошот элем. Чыңгыз Айтматовдун “Эрте жаздагы турналар” тасмасында Султанмураттын ролун аткарып эсте калган. Кийин актёрлук кесипти Москвадан окуп келди. Таланты күчтүү, бирок бааланбай калды окшойт деп ойлойм.

– Бүгүнкү жаш актёрлордун дараметине да баам салып турсаңыз керек, алардын негизги кемчилиги эмнеде деп ойлойсуз?                                  

– Актёрлук – бул жөн эле кесип эмес, адам анда жашаш керек. Күчтүү эмоциялар зарыл, абдан берилип иштөө кажет деп ойлойм. Азыркы жаш актёрлордун кемчилиги – текстти жөн эле жаттап алып камеранын алдында сүйлөп коюшат. Баары деп айтпайм, бирок ошондойлор бар. Тез эле ийгиликке жетип таанымал болуп кеткиси келгендер да бар, бирок бийик даражага эмгек жана тажрыйба менен жеткен жакшы.                                      

– Сиз шакирт да тарбиялап келесиз. Таланттуу, бирок жалкоо шакирт тандаган жакшыбы же таланты анча эмес, бирок эмгекчил шакирт тандаганбы?                       

– Эгерде тандоо боюнча кеп болсо, анда таланттуу, бирок жалкоо шакиртти тандайт элем. Анткени талант ар кимге бериле бербейт. Таланты болсо кызыктырып, ойготуп, жалкоолугун жойсо болот. Бирок ошол эле учурда эмгек да көп нерсени чечет. Ошондуктан эмгекчил шакиртти да жолго таштабайт элем.     

– Сиз экинчи режиссёрлук кылган "Жеңижок" тасмасы эмне болуп чыкпай калды?

– "Жеңижокту" мен тартканым чын, экинчи режиссёр болгом. Ачыгын айтсам, эмне болуп чыкпай калды мен да билбейм. Мен өз жоопкерчилигимдеги нерсени кылдым, тасманы тартып, монтаждап бергем. Андан ары жагын эмне үчүн көргөзүлбөй калды, билбейм. 

– Ушул сыяктуу тарыхый тасма тарта турган болуп калсаңыз, кайсы окуяны тартат элеңиз же кайсы тарыхый инсанды?

– Тарыхый тасма тартыш өтө кыйын, көп каражат талап кылынат. Жоопкерчилиги андан да зор. Эгерде тарыхый тасма тартуу мүмкүнчүлүгү түзүлсө, мен мыкты тасма тартат элем. Бирок кимди же кайсы окуя көкүрөгүмдө жүргөнүн азыр айтпай эле коё турайын. Кези келгенде билесиңер…

– Сизди 71 жашта десе эч ким ишенбесе керек, жаш көрүнөсүз. Спорт  менен машыгасызбы?

– Жок, спорт менен атайылап машыкпайм. Мен өмүр бою өзүм каалаган гана ишти кылып келе жатам. Ошондон болушу мүмкүн деп ойлойм.

 – Жубайыңыз Венера Сатылганова да чыгармачыл инсан. Анын талантына кандай баа бересиз?                                      

– Келинчегим Венера аябай таланттуу актриса экенин элдин баары эле билсе керек. Анын “18 жаш” деген ыры ошол кездин хит ыры болгон. Ал ырчы катары элге таанымал болду, бирок режиссёр катары бааласам, актриса катары дагы абдан күчтүү. Убагында “Туңгуч”  театрында бир нече спектаклдерде мыкты ролдорду жараткан. Кинолордо да жакшы образдарды жаратууга жетишти. Мисалы, “Чиркин өмүр” сериалындагы Карачачтын ролун эл азыркы убакытка чейин унутпай келет. Бирок үй-бүлөбүзгө келген сыноонун айынан жубайым үйдө отурганга аргасыз болуп калды. Эми табына келип, таланты ташкындап, сахна деп турганда балабыз Нурдан ооруп калды. Баламды караш үчүн чыгармачылыктан алыстады. Жубайымдын талантын жогору баалайм, болгону аны элге толук тартуулай албай калды.                                        

– Өкүнүчүңүз барбы?                                  

– Чыгармачылыкта эмес, жеке жашоомдо өкүнүч бар. Уулум Нурдандын баспай калганына аябай арман кылам.                     

– Сиз баалаган режиссёр ким?                           

 – Дүйнөлүк режиссёрлордон Квентин Тарантинону баалайм. Анын режиссёрдук өзгөчө чечимдери бар. Кызыктуу ой жүгүртүүсү, элде жок нерсени тартканы жагат. Рамкадан чыгып кеткен режиссёрдук кадамдарына баа берем. Анын бардык киносу жагат. Ал эми бизден Болот Шамшиевди баалайм. Анын тарткан “Ак кеме”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмаларынын ушуга чейин баасы түшө элек. 

– Ал эми актёрлордончу, кимдин таланты кайдыгер калтырбайт?             

– Бред Питтин көп образдары жагат. Кыргыз киносунан Чоро Думанаевдин талантын жогору баалайм.

 

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1248, 20-26-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан