Биз социалдык тармакта

ХАРИЗМА ЖЕТПЕЙ ЖАТАБЫ, АНЫ КӨБӨЙТҮҮ ЖОЛДОРУ БАР

“Харизмалуу адам экен”, “харизмасы менен эле арбап алат экен” деген сөздөр сиздин дарегиңизге айтылабы? Дегеле харизма деген эмне? Бул сапат тубаса болобу же аны үйрөнүү керекпи? Аны кантип көбөйтсө болот? Мына ушундай кызык тема тууралуу маалымат берели дедик. Эгер сизге би-ир аз харизма жетпей жатса, бул макалага көз жүгүртүңүз.

 

Тубаса жөндөмбү?

Психологдор харизманы кандайдыр бир сыйкыр, тубаса берилген талант же жөндөм деген ката экенин айтышат. Алар харизманы адамдын мүнөзүндөгү айрым сапаттардын жана көндүмдөрдүн комплекси дешет.

Саркеч кийинсең же мыкты келбетке ээ болсоң эле харизмалуу адам болуп калбайсың. Харизма – бул адамдын ички аурасы, энергиясы, өзүн алып жүрүү жөндөмү, ачыктыгы, ички күчү, ишеними сыяктуу факторлордон турат.

“Кудайдын белеги”

Харизма – адамдын өзүнө көңүл бурдура алуу сапаты, ишеним арттыруу, суктантуу жана артынан адамдарды ээрчите алуу күчү бар деген түшүнүктү берет. Бул кийин эле пайда болгон термин, түшүнүк эмес. Харизманын тамыры тээ байыркы заманга барып такалат. Грек тилинен харизма сөзү “ырайым”, “Кудайдын белеги” деген түшүнүктөрдү билдирет. Байыркы грек философу Платон харизманы ийгиликтүү кол башчыларды айырмалоочу Кудайдын белеги, күчтүн белгиси деп сүрөттөгөн эмгектеринде.

Заманбап жашоодо деле бул термин актуалдуулугун жоготкон жок. Айрым адамдар бөлмөгө киргенде аларды карагың келет, сөзүн уккуң келет, кыймыл-аракетинен бери туурагың келет. Мен да ушундай болсом деп ойлоносуң. Мунун баары харизмага байланыштуу. Харизма – бул жалпылап айтканда, өзүнө башкаларды тартып алуу, ишендирүү жөндөмү.

Харизма эмнеден куралат?

1. Өзүнө болгон ишеним. Өзүнө ишенимдүү адам көпчүлүктөн дароо айырмаланат. Бирок өзүнө болгон ишенимди өзүмчүлдүк, текебердик же нарциссизм менен алмаштырбоо зарыл.

2. Эмоционалдык интеллект. Башкалардын эмоциясын сезип, окуй билүү жөндөмү. Айланасындагы адамдар менен байланыш түзүү, тил табыша билүү, эмпатия сапаты.

3. Энергетика жана “дене тили”. Ишенимдүү үн, тик жана өткүр көз караш (тик карай албоо сапаты адамдын өзүнө ишене албаганы, коркуп же алдап жатканынан кабар бериши мүмкүн). “Дене тили” да көп нерседен кабар берет. Бүкүрөйбөй, башты бийик көтөрүп, ачык позада туруу. Колу менен ашыкча жестикуляция жасабайт, ошол эле учурда ишенимдүү кол жаңсоолор менен айтып жаткан сөзүнө күч кошо алат.

4. Сүйлөө чеберчилиги. Сүйлө речинде “паразит” сөздөр аз же дээрлик жок. Үзүл-кесил сүйлөбөйт, бир темадан экинчисине секирбейт. Интонация, дикция туура колдонулат.

5. Юморду түшүнөт. Адамдар менен мамиле курууда юмор маанилүү орунда турат. Орду, чеги менен юмор жарата алган жана айтылган юморду түшүнүп, колдоп кетүү жөндөмү.

6. Тубаса сапаттар. Адамдын мүнөзүндөгү тубаса сапаттар да харизманын алмашкыс бөлүктөрү болуп саналат. Эмпатия, назиктик, эр жүрөктүк, ичтен байкалып турган энергия, коопсуздук сезимин тартуулоо жана башка. Айрым сапаттарды сөз менен түшүндүрүүгө мүмкүн эмес. Бирок андай адамдын жанында башкача аура, энергия сезилип турат, ага көңүл бурасың, суктанасың, үлгү алгың келет жана башка...

ХАРИЗМАНЫ КӨБӨЙТСӨ БОЛОБУ?

Ооба. Болот. Психологдор бир ооздон ушундай жооп айтышат. Харизма кимге керек? Эгер профессионалдык жаатта карай турган болсок, анда саясатчыларга, ораторлорго, артисттерге, ишкерлерге, мугалимдерге, ошол эле психологдорго, жетекчи кызматындагы адамдарга керек. Жалпысынан өзүнө болгон ишенимди өстүрөм деген адамдардын баарына керек. Бул жөндөмдү кантип өстүрүүгө болот?

Билим

Бир эле кесиптик билим жетпейт. Ар тармактан, ар кыл темада сөз кылуу үчүн адам билимдүү болушу зарыл. Бул үчүн күнүгө жаңы нерсе үйрөнүүгө аракет кылыңыз, дүйнөдө болуп жаткан окуялардан кабардар болуңуз, көркөм адабият менен кошо илимий китептерди да окуңуз, таанып-үйрөтүүчү видеолорду көрүңүз, жакшы темадагы подкасттарды угуңуз жана башка.

Сүйлөө чеберчилиги

Туура сүйлөй билүү да чеберчилик экенин эстен чыгарбаңыз. Сүйлөө речиңизди жакшыртыңыз, “паразит” сөздөрдөн тазалаңыз. Сторителлинг (“окуя айтуу”) – бирөөгө бир нерсе айтып жатканда кургак сөз, кыска фактылар менен эле кутулбай, сюжетке образ, мимика, эмоция берүү менен айтып жаткан маалыматтын эффективдүүлүгүн, угумдуулугун, жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу технологиясы. Эл алдында сүйлөөдөн уяласызбы, анда алгач күзгүнүн алдында сүйлөп машыксаңыз болот.

Имидж

Өзүңүздү көпчүлүктүн арасына “каткандан” качыңыз. Харизмалуу болгуңуз келеби, анда өзүңүзгө жараша турган имиджди табуу керек. “Мени ким карамак эле же муну ким көрмөк эле” деп албыр-шалбыр кийим кийүүнүн кереги жок. Анткени ал кийимди сиз көрөсүз, “мага боло берет” деген кайдыгерлик мамилени өзүңүз биринчи баштайсыз. Ошол эле чач жасалгасы, өңүңүзгө, бойго, келбетке жарашыктуу кийимдерди тандаңыз, акцент, өзгөчөлүк кошуңуз. Жарашыктуу кийим адамга күчтүү ишеним тартуулайт.

Энергия, позитив

Пассивдүү эмес, активдүү жашоо образында жашаңыз. Позитивдүү маанай, бакыт тартуулай турган нерселерди жасаңыз, издеңиз. Бактылуу адам – харизмалуу адам.

Байланыш

Адам менен сүйлөшүүдө өзүңүздү ишенимдүү кармаңыз, көзүнө тик караңыз, анын эмоцияларын сезүүгө, эмне жагып, эмне жакпай турганын байкоого аракет кылыңыз. Ал сүйлөп жатканда телефон чукулап, башка жакты карап же өз оюңузга чөмүлүп кетпеңиз. Минтсеңиз, каршыңыздагы адам дароо жабылат, сиз менен байланышты уланткысы келбей калат.

Өзүңүздү сүйүңүз

Өзүн сыйлабаган, сүйбөгөн адам сыртынан караганда, бир сүйлөшкөндө, жашоо образында эле көрүнүп турат. Анткени өзүн сүйбөгөн, кызыкчылыгын коргой албаган адамды эч ким андан өтүп сүйбөйт, сыйлабайт. Андыктан өзүңүздү сүйө билиңиз, жакын адамдарды канчалык жакшы көрсөңүз, өзүңүздү андан эки эсе жакшы көргөнгө, кам көргөнгө аракет кылыңыз. Өзүңүзгө өзүңүз белек тартуулаңыз, мактаңыз, мотивация бериңиз.

Эмоцияны көзөмөлдөй билиңиз

Кайсы бир ишти жасоого, кайсы бир темада, кайсы бир адам менен сүйлөшүүдө эмне тоскоол болуп жатат? Коркунуч, белгисиздик, өзүңүзгө ишенбегендик?.. Мунун баарын талдап көрүңүз. Анан үнүңүздү чыгарып анализ кылганга, талдаганга, өзүңүз менен өзүңүз сүйлөшкөнгө өтүңүз. “Мен эмнеден коркуп жатам, ишке ашпай калат деппи?” деген сыяктуу. Адам ичиндеги сезимдерди сыртка чыгарганда гана эмоцияларын көзөмөлдөй алат дешет психологдор. Эмоцияларын түшүнгөн, аны көзөмөлдөй алган адамдын өзүнө болгон ишеними да өсөт. Бара-бара башкалар менен байланыш жакшырат, адам кызуу кандуулукка жол бербейт, кайсы учурда эмне деп сүйлөө туура экенин билип калат.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1248, 20-26-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан