Биз социалдык тармакта

БЕЛГИСИЗ АВТОРЛОРДУН БЕЛГИЛҮҮ ЫРЛАРЫ

Кээ бир ырларды эс тарткандан бери эле ырдап келесиң, бирок автору ким экенин билбейсиң. Мисалы, “Туулган күнүң менен!” ырын 2 мугалим эжей жазган экен. Бул ыр дүйнө жүзүнө тараган, жүздөгөн тилдерге которулган чыгарма. Мындай “өлбөс” ырлар музыка дүйнөсүндө “түбөлүк жашыл чыгарма” деп аталат. Көптөгөн жылдар бою ооздон-оозго өтүп ырдалып келген, жараткан адамынан да өзү хит болгон чыгармаларга токтолдук.

 

Дүйнөдөгү эң белгилүү ыр – “Туулган күнүң менен!”

Туулган күн ээсине торт көтөрүп келип, “Туулган күнүң менен!” ырын ырдап берүү бул өздүк майрамдын көркүн ачып, салтка айланган куттуктоо болуп калган. Дүйнөдөгү эң популярдуу ыр аталган рекордчу чыгарманы Мэрилин Монро президент Жон Кеннедиге ырдап бергенден кийин дүйнө жүзүнө тарап кеткен экен. Ал эми чыгарманы жараткан эже-сиңдилер бул ырды президентти куттуктоого эмес, бала бакчадагы балдарга арнап жазышкан.

1893-жыл. Кентукки штатында эже-сиңдилер Пэтти жана Милдред Хилл жашачу. Пэтти айым бала бакчада мугалим болуп иштечү. Ал кичинекей балдардын сабакты тажабай, кызыгуу менен бат өздөштүрүү ыкмаларын иштеп чыкканга аракет кылат. Сиңдиси Милдред пианист, музыкант эле. Эже-сиңдилер кеңешип, эртең менен балдарды уйкудан ойготуу үчүн ыр жазалы деп чечишет да “Кутман күнүң менен!” (“Good Morning to All”) ыры жаралат. Чыгарма балдарга жагып, бат эле жаттап алышат. Ошентип отуруп ырдын сөздөрү алмашып, “Туулган күнүң мененге” айланат. Бирок эже-сиңдилер ырдын мынчалык популярдуу болуп кеткенин билбей жүрө беришет. Элдик чыгармага айланган ырга 1895-жылы “Clayton F. Summy” компаниясы автордук укук сатып алат. Ошондон кийин гана эсине келген эже-сиңдилер сотко кайрылып, бирок утулуп калышкан. Бул ыр телевидение же башка жакта коммерциялык колдонууга берилгени үчүн жылына 2 миллион доллардай киреше алып келип турат.

Киного арналган баллада – “Unchained Melody” ыры

Атынан тааныбашыңыз мүмкүн, бирок угарыңыз менен белгилүү кайрыктар жаңырат. Бул баллада 1955-жылы түрмө жашоосун баяндаган “Бошотулган” (“Освобождённый”) тасмасына арналып жазылган. Бирок коомчулуктун андан кабары жок, андыктан сүйүү темасындагы мыкты чыгарма катары кабыл алып, дүйнөлүк классикалык ырлардын катарынан орун алган. Чыгарманын миңдеген кавер-версиялары бар, алардын арасынан эң белгилүүсү “The Righteous Brothers” дуэти аткарганы. Чыгарманын авторлору: сөзүн жазган акын жана композитор көпчүлүктүн көңүл сыртындагы, дээрлик белгисиз эле бойдон калган Алекс Норт жана Хай Зарет аттуу адамдар. Өздөрү популярдуу болбогону менен, алар жараткан чыгарма “кожоюндарына” 27 миллион доллардан ашык каражат алып келгени маалым.

Жаңы жылдын символу - «Last Christmas»

Дүйнөгө кеңири тараган дагы бир чыгарма – «Last Christmas» ыры. Адамга мотивация, эргүү, майрамдык маанай тартуулай турган чыгармалар жакшы “өтөрүн” “Туулган күнүң менен!” жана ушул «Last Christmas» чыгармасынан байкасак болот. 42 жыл мурун жаралса да, “Last Christmas I gave you my heart, But the very next day you gave it away...” саптары ар Жаңы жыл сайын сөзсүз жаңыра турган ыр.

Ырдын автору – британиялык музыкант, “Wham!” дуэтинин ырчысы Жорж Майкл. Сөзүн, обонун өзү жаратып, продюсерлик милдетти да өзү аткарган. 1984-жылдын кайсы бир күнүндө Жорж топтогу кесиптеши Эндрю Рижлини өзүнүн ата-энесиникине ээрчитип барат. Чогуу отуруп футболдук матч көрүшөт. Бир маалда эле Жорж ордунан туруп, өзүнүн бөлмөсүнө кетип калат. 1 сааттан кийин кайра келип, Эндрюга биринчи куплет менен кайырманы ырдап бергенде беркинин оозу ачылып, 1 саатта керемет чыгарма жаратканын айткан. Ырда сүйүүдөн жараланган адамдын баяны айтылат. Ал адам Рождество майрамында жактырган адамына сезимин ачыктайт, эртеси эле күнү ал сүйүктүүсү андан баш тартып кетет. Бул жылы жүрөгүндөгү дартты айыктыруу үчүн жаңы сүйүү издей турганы тууралуу жазылган. Меланхолия, жараланган жүрөк, үмүт маанисинде болгону менен, ырдын мелодиясы майрамдык маанай жараткандыктан көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун таап, классикалык ырга айланган.

“Only You”  – романтиканын символу

1950-жылдардын хит чыгармасы, романтиканын символуна айланган “Only You” ырынын жаралуу тарыхы кызык экен. Ырды эң алгачкы афроамерикалык “The Platters” тобу жараткан. Ырдын сөзүн, обонун композитор, менеджер, продюсер Бак Рам жазган. Алгач чыгарма жазылганда Бакка жакпай калат. Ал ноталарды коробкага салып гаражына чыгарып коёт. Гаражга бир күнү кесиптеши Жин Беннет бир нерсе издеп кирип калат да, баягы ноталарды табат. Бак ал мезгилде “The Platters” тобунун менеджери эле, анан 1954-жылы топ “Only You” ырын студиядан жаздырышат. Бирок жыйынтык баарына жакпай, жарыкка чыкпай калган. 1955-жылы топ музыкалык лейблди алмаштырып, башка компанияга кетет. Топтун лидери Тони Уильямс ырга фишка жетпей жатканын сезет. Бир күнү ырчылар чогуу машинада кетип баратканда, машина аңгектен өтүп секирет, дал ошол учурда ырдап бараткан Тони «O-oHHHH-nly you» деп башкача басым менен ырдап жиберет. Музыканттарга дал ушул үзүлгөн үн жагып калып, ырды өзгөртүп ырдап чыгышкан. Сингл 1955-жылы чыгып хит-параддардын лидерине айланган. Азыр да бул ырды ырдагандар, уккандар, түрдүү тасмаларга же башка иш-чараларга колдонгондор көп. Айтор, актуалдуулугун жоготпой келет. Кызыгы, көпчүлүк “Only You” чыгармасы Элвис Преслиге таандык деп билип, чыныгы авторлор унутулуп калган.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1248, 20-26-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан