ЮЛЯНЫН КЛИБИНИН БЕТ АЧАРЫ БОЛУП ӨТТҮ

Белорус кызы болсо да Бишкекте жашап, кыргыз тилинде эркин сүйлөп, ырдап айырмаланган Юля Түгөлбай Казаковдун “Жамгыр” деген ырын ырдап, эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Эми Юля Руцкая “Кызыл гүл менмин, кызыл гүл” деген кыргызча ырына клип тарттырды. Клипти кыргыз-казак режиссёру Азарио Майнтеги, оператор Айбек Жангазиевдер тартышты. Башкы ролду казактардын белгилүү продюсери, режиссёру жана актёру Тахир Ишматов аткарды. Кыргыз ырчысы Адил Чекилов болсо Тахирдин досу болуп эпизоддордо роль жаратты. Жакында Юлянын “Кызыл гүл менмин, кызыл гүл” деген ырынын клибинин бет ачар аземи “Vefa” соода борборунда болуп өттү. Буюрса, бул ырдын клибине жакында күбө болуп калабыз.


ЖАНЫБЕКТИН “КУУДУЛ ОТУРУШ “ ДОЛБООРУ ИШКЕ АШТЫ

Элге белгилүү куудул Жаныбек Алыкулов кыргыз телевидениеси менен бирдикте “Куудул отуруш” аттуу жаңы долбоор менен кызуу иштеп жаткан кези. Бул долбоор куудулдардын баштарын бириктирип, элге күлкү тартуулоо менен бирге куудулдардын изденүүсүнө стимул жаратмакчы. Куудулдун билдирүүсүнө караганда, бул отуруш концерт эми майрам сайын өткөрүлүп турат. Алгачкысы мырзалардын майрамына карата 8-февралда “Аскердик куудул отуруш” деген ат менен өткөрүлүп, көрүүчүлөр арасында да кызыктуу сюрприздер уюштурулду. Ал эми кийинки отуруш концерт 8-Март аялдар майрамына карата өткөрүл­мөкчү. Акыркы жылдары ырчылардын арасынан куудулдардын эмгектери көрүнбөй калганда Жаныбек мындай долбоорду ишке ашырып азаматтык кылыптыр.


СЪЕЗДБЕК ЭМИ АЛПАРУУЧУЛУКТУ ДА АРКАЛАЙТ

Ырчылыктан сырткары актёрлук кесипти аркалап келаткан Съездбек Искеналиев «жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей, эми алпаруучулук өнөрдү да кошо алып кетмекчи. Мындай сунушту ырчыга белгилүү шоувумен Ассоль Молдокматова киргизген. Съездбек алпара турган бул жаңы маданий телеберүүгө белгилүү инсандар конокко келишип, өздөрүнүн кол өнөрчүлүгүн көрсөтүп беришет. Бул программа бир аптада бир жолу эфирге чыгып турат. Азырынча көрсөтүүгө ат коюла элек. Бирок, жаздын келээри менен программа эфирге чыгаары маалым болду.


АЙГЕРИМ КЕЛЕЧЕКТЕГИ МОДЕЛЬ САЛОНУНУН ЭЭСИБИ?

Кичинесинен атасын коштоп бийлеп келген Расул кызы Айгерим бой жеткен соң атасынын жолун жолдоп ырдай баштаганы белгилүү. Учурда Айгерим чыгармачылыктын үстүндө катуу иштөөдө. Анын жаңы төрт ырынын биринен сала бирине клип тартылганы жатат. Алардын биринчиси болуп Айгеримдин “Дискотекада” деген ырына тартыла турган клип болмокчу. Айгерим менен кошо тартылганга ылайыктуу бала табылса эле клип тартыла баштайт. Ырчылыктан тышкары Айгерим концерттик костюмдарын өз колу менен тигүү менен алектенет. Кызынын түгүүчүлүк жөндөмдүүлүгүн байкаган ата-эне Айгеримдин тилегин орундатып, моделдик салон ачып берүү жөнүндө ойлонушууда.


ИБРАГИМ ЖАҢЫ ЫРЫ МЕНЕН ДАҢКТАЛУУДА

Акыркы кездерде ырчы, обончу, профессор Ибрагим Жунусовдун сахнадан көп көрүнбөй калганын баары эле байкаса керек. Ырчынын айтымына караганда, ал үйбүлөсүндө болгон трагедиядан (апасына, агасына болгон азадан) улам ыр жаратмак турсун сахнага чыккысы да келбей калган. Жакындарынын жылдыгын өткөргөн соң чыгармачылыкка кайтып келүүнү чечкен. Тыныгуудан кийин “Балама” аттуу жаңы ыр жараткан. Ырды уккан Ибрагимдин күйөрмандары “Эламандын” уландысы болуптур” деп жакшы пикирлерин айтышууда. Кыргыз эстрадасында биринчи жолу Эл артисти наамын алган Ибрагим Жунусов март айында Бишкекте өзүнүн отчёттук концертин бергенге даярдык көрүүдө.


НУРДӨӨЛӨТ “МЕРСЕДЕС” САТЫП АЛДЫ

“Учур” телетеатрынын актёру Нурдөөлөт Копоев “Бител” компаниясынын Жаңы Жылдык “SMS” оюнуна катышып, “Тойота Каролла” машинасын утуп алганы тууралуу өткөн сандарыбыздын биринде жазган элек. Мына ошол утуп алган машинасын сатып жиберип, анын ордуна 5 миң долларга актёр “Мерседес-230” маркасындагы машинаны сатып алды. Учурда “Мерседес” жаңы ээсинин короосунда токтоп турат. Анткени, Нурдөөлөт буга чейин машина айдаганды билбегендиктен, айдаганды үйрөнүү үчүн автосүйүү­чүлөрдүн мектебине барып жатат. Жол эрежелерин толук өздөштүрүп, айдоочулук күбөлүгү колуна тийгенден кийин машинасынын рулуна отурмакчы.


“МИНИСТРДИН КЫЗЫНЫН МАХАБАТЫ-2” ТАРТЫЛЫП БҮТТҮ

Өткөн жылдын күз айларында режиссёр Рустам Аташовдун “Министрдин кызынын махабаты” фильминин биринчи бөлүгү Бишкекте жана Кыргызстандын башка аймактарында коюлуп, кино күйөрмандары фильмдин биринчи бөлүгүнө тойбой калгандай болушкан. Ал эми экинчи бөлүгүн февраль айында тартып бүтүрүү боюнча режиссёр көрөр­мандарына убада берген эле. Убадасына туруп эми фильмин аягына чейин тартып бүтүрдү. Бул фильм киносүйүүчүлөргө март айынын биринен баштап “Алатоо” кинотеатрында тартууланганы турат. Эми каалоочулар бул фильмди саат төрттө биринчи сериясын, саат жетиде экинчи сериясын көрө алышат.


САПАР МЕНЕН НАЗМИ ТҮРКИЯГА ЖӨНӨП ЖАТЫШАТ

Ырчы өнөктөштөр Сапар Сопубеков менен Назми март айынын ортосунда Түркиянын Анкара шаарына фестивалга жөнөп кетишет. Азыр жаштардын бул иш-чарада ырдалчу дуэтин мыктылап даярдашып, формаларын тиктиришип, кыскасы, чуркап жүргөн учурлары. Ошентип, бул 15 күндүк фестивалда эки талант чет элдиктерге өнөрлөрүн тартуулаган соң, мекенине келишип, чыгармачылыгына катуу киришишмекчи.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 224, 16-22-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан