САЙКАЛДЫ АПАСЫ НАЧАР ОКУГАНЫ ҮЧҮН ЖАЗАЛАДЫ

Легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунун көкүрөк күчүгү Сайкалды Жаңы Жылдын астында өткөн концерттердин ар биринен көрчүбүз. Ошондон бери Сайкал концерттерге эмне эле такыр чыкпай калды десек, ыр деп жүрө берип сабакка такыр көңүл бурбай, чейректери жалаң “3” болуп кеткен экен. Мындай кылыгына апасы Гүлшайыр эже нааразы болуп, Сайкалды сахнага чыгарбай, сабакты жакшы окуусун талап кылган. “Кызымды сахнага 6-7 ай жолотпой койсом бук болуп кетти. Азыр экзамендеринин баары бүттү жана жылдык баалары жалаң “4”, “5” болду. Азыр кайрадан сахнага чыгууга менден уруксат алды”,- дейт Гүлшайыр эже.


АЙЧҮРӨК ЭЛГЕ ЭСТЕН КЕТКИС КОНЦЕРТ ТАРТУУЛАДЫ

Июнь айынын аягында өткөн Айчүрөк Иманалиеванын концертине келген көрүүчүлөрдөн кайдыгер калган эч ким болгон жок. Анткени, Айчүрөктүн төрт ай бою тынымсыз даярданган бул концертин чыныгы концерт болду десе болчудай. “Роза гүлүм” деген ырына байланыштырып сахнаны жалаң жасалма розалар менен жасагандан тышкары акчасын аябай 300 тирүү розаны сатып барып сахнага койгону кирген адамдын көңүлүн көтөрөт экен. Ошондой эле ырчы “Жаным” аттуу ырын ырдаганда окуучулары Айчүрөктүн 20 жылдан берки сакталып турган формаларын кийип чыгып элге көрсөтүшкөнү өзгөчө таасир калтырды. Баш-аягы 20 миң доллар чыгым сарптап, бул чыгашасынын үчтөн бири акталса да, буга Айчүрөк айым эч кейиген жок. Анткени, ал эл алдындагы бир парзынан кутулду. Эми суроолор боюнча октябрь айында ушул эле концерт кайрадан Спорт Ордосунда өтөт.


СЕМА “FM” ТОБУ МЕНЕН ЭС АЛЫП ЖҮРӨТ

“Сема” тобунун жетекчиси Самарбектин кереметтүү Ысыккөлдөгү пансионаттардын биринде эс алып жаткан учуру. Сема үчүн бул эс алуу эстен кеткис болуп өтүп жатканын бизге кабарлады. Ырчынын айтуусунда ал Казакстандын белгилүү “FM” тобунун кыздары, армяндардын белгилүү ырчылары, ошондой эле Казакстанда “Кабар” маалымат кызматында иштеген белгилүү кабарчы кыздар менен чогуу эс алып, чыгармачылык тажрыйбаларын бөлүшүп жатыптыр.


ИБРАГИМ КҮЙӨӨ БАЛАЛУУ БОЛДУ

Белгилүү ырчы, профессор Ибрагим Жунусов түзгөн “Элегия” тобунун солисткасы Айчүрөк Убайдуллаева турмушка чыкты. Москвада иштеген бизнесмен Улан аттуу жигит менен Айчүрөктүн сүйлөшүп жүргөнүнө көп эле болгон. Мындан бир жума мурун эле Ош шаарындагы белгилүү “Мундуз” ресторанында эки жаштын тою болуп өттү. Аларды куттуктап Ибрагим аке баштаган белгилүү “Кыз-Бурак” тобу, Эмил Балтагулов сыяктуу аттуу-баштуу ырчылар барышып, тоюна күбө болуп келишти. Айчүрөк эми чыгармачылыгын улантабы же жокпу, аны мезгил көрсөтөт. Бирок, учурда “Элегия” тобуна кыздарды кабыл алуу үчүн кастинг жүрүп жаткан кези.


ПРОДЮСЕРЛЕР ӨЗДӨРҮНҮН МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕШТИ

Кыргыз ырчыларын тарбиялап келишкен продюсерлер 1-июль күнү шаардагы кафелердин биринде өздөрүнүн күнүн кызуу белгилешти. Бул күндү алар “Продюсерлердин күнү” деп өздөрүнө энчилеп алышкан. Мындай идея аларга былтыр ушул күнү тоого чыгышканда келген эле. Бир-эки гана продюсер белгилүү себептер менен бул кечеге катышпай калганын эске албаганда калган он бири толугу менен чогулушту. Ошентип, бардык маселелерди унутуп, болушунча көңүл ачышкан продюсерлер ушул жолугушууну салтка айландырууну дагы бир жолу бекемдешип, түн бир оокумда үйлөрүнө тарашты.


АСЕЛ КАЙРАДАН МИНИСТРДИН КЫЗЫНА АЙЛАНДЫ

Турмушта өзү жөнөкөй кыз болсо да, фильмде министрдин кызынын образын татыктуу чагылдырып берген кыз Асел “Министрдин кызынын махабаты-3” фильминде Мадинанын ролун ойноодон баш тарткан болчу. Анткени, туура эмес маалыматтардын айынан ортодо түшүнбөстүктөр пайда болуп, Асел Рустамга таарынып калган болчу. Бирок, режиссёр менен Асел кайрадан тил табышып, чогуу иштеше башташты. Демек, фильмдин жаңы эпизоддорунан кайрадан эле Асел-Мадинаны көрө алат экенбиз.


Гүлнур Сатылганова:
«ЖЕТИМ БАЛДАРГА 200 МИҢ СОМДОН АШЫК АКЧА ТАРАТТЫМ»

Таланттуу ырчылардын бири Гүлнур Сатылганова жакында Кыргызстанды кыдырып концерт-турне өткөрүп, андан түшкөн акчаны балдар үйлөрүнө таратып келгенинен кабарыбыз бар эле. Буга эмне себеп болгонуна кызыгып, бир чети Гүлнурдун Кыргызстанга болгон гастролу жөнүндө кенен маалымат алалы деп ырчы эжекебизге кайрылганбыз.
– Гүлнур эже, Кыргызстанды кыдырып концерт коюп, концерттен түшкөн акчаны жетим балдарга таратуу максаты эмнеден улам оюңузга келди?
– Кыргызстанда жетим балдардын көбөйүп баратканы башынан эле менин жүрөгүмдү өйүгөн маселе болчу. 1-Июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюшулган иш-чарада Сагын Ниязалиева: “Гүлнур, колуңдан келсе бир турне уюштуруп, ушул жетим балдарга жардам бербейсиңби?”- деп калды. Мен дароо эле макул болдум. Өзүмдүн жашоого керектүү үйүм бар, машинам бар, иштегенге мүмкүнчүлүгүм бар, анан бирөөгө жардам бергенге эмнеге болбосун?
– Кыргызстандын бардык бурчун кыдырдыңызбы? Жалпы канча балдар үйүнө жардам бердиңиз?
– Облустун борборлоруна барып, айрым жерлерде экиден концерт койдум. Ар бир облустан экиден, үчтөн балдар үйүнүн жетекчилери келип жатышты. Мамлекеттик деңгээлдеги балдар үйлөрүнүн жетекчилерин өзүбүз алдын-ала чакырып жаттык. Жеке жетимдер үйүнүн жетекчилери келип алган учурлар да болуп жатты. Атайын келгенден кийин куру кол кетирип жибербей, аларга да берип жаттык. Кыскасы, жалпы 200 миң сомдон ашык акчаны жардам катары таратып келиптирмин.
– Канча бир пайызы өзүңүзгө да калдыбы?
– Мен бир тыйын алган жокмун. 17 адамдан турган команданын жеген-ичкени, жашаганынан калган акчанын баарын тараттым.
– Бекер иштеп келгендерине сиз менен барган команда да ыраазы болуп келе бериштиби?
– Алар бекер иштешкен жок. Бирок, “бизден да жардам болсун” дешип менден чоң суммадагы акча сурашкан жок. Азыр кимге болбосун эле акча керек да. Ошондуктан, мени колдоп барган топко мен аздан болсо да акыларын төлөп бердим. А өзүм болсо бир тыйын албасам да жетимдердин сообуна калганыма сүйү­нүп, өзүмө-өзүм ыраазы болуп кайтып келдим.
– Көрүүчүлөрүңүз концертиңизге ыраазы болуштубу?
– Өтө чоң ыраазы болушту. Мени сагынып калышканбы, тим эле залдарга адам батпай, канча адам кирсе, ошончо адам сыртта калып жатты. Светтерди, атайын эффекттерди машинага жүктөп, атайын бул жактан алып баргам. Анын үстүнө, жандуу ырдаганыма күйөрмандарым жетине алышпай, толкунданып тургандарын көздөрүнөн байкап жаттым. Зал толкуп, элдер мага кошулуп ырдашканда бир нече жолу ырымдан адашып да кеттим. Кыскасы, турнеден кийин чоң парзымдан кутулгандай болуп бир топ жеңилдей түшкөнсүдүм.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 244, 6-12-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан