ЖЫЛДЫЗ БЕЛЕККЕ КООЗ КУШ АЛДЫ

Атына заты жарашкан жылдыздуу ырчы Жылдыз Тутуева жакындарына, дегеле, аны менен баарлашкан адамга шаңдуу күлкү тартуулап келет. Каткырыгы таш жарган ырчы аяшы Алманбеттин колунан жакында эле кооз куш белекке алды. Жылдызды үйбүлөсү менен конокко чакыргандар куш союп коноктошкон. Анан ага укмуштуудай кооз куш белек кылган. Узундугу бир метр, канаттары ар түркүн түстө болгон куштун аты сазан экен. Ырчы бизге андай куштар Тоң жергесиндеги атайын канаттуулар багылуучу жайда кармалаарын кошумчалады.


БАКТЫГҮЛ ЖЕР САТЫП АЛДЫ

Айчырайлуу ырчы Бактыгүл Бадыева машинадан-машина алмаштырып отуруп, эми там салуу үчүн шаардагы эң барктуу аймак болуп эсептелген жайдан жер тилкесине да ээ болду. Бул Бактыгүлдүн көптөн бери жадында жүргөн максаты эле. Апрель айынын башынан тарта эки кабаттуу там курууну пландаган ырчы учурда журналдардан өзүнө жаккан үйлөрдү тандап жатат. Ырчынын айтымында, бул там өзүнүн гана маңдай тери менен тапкан каражатына курулат экен.


ЗАМИР МОСКВАГА ЧАКЫРЫЛДЫ

Телеалпаруучу болсомбу деген ниети бар ырчы Замир Арыкбаев Нооруз майрамын Москва шаарынан тоскону турат. Анткени, дал ушул күнү ырчынын таанышы үйлөнүп, чоң той берет экен. Үлпөт тойго чакырылган ырчы жыйырмасында Москва шаарына сапар тартат. Ырчынын ал жактагы кызматынын гонорары бул жактыкына караганда бир канча эсе чоң экенин Замир жашырган жок.


ЭРМЕК «ЭҢ МЫКТЫ КВНчи» ДЕП АТАЛДЫ

Өзүнүн кесиби юрист болсо да жан-дүйнөсүнө жаккан телеалпаруучулук өнөрү күч болгон "Браво" көрсөтүү­сүнүн алпаруучусу Эрмек Нурбаев КВН жаатында да өзүн сынап келатканына бир топ убакыт болду. Жакында Кыргызстан командалары аралык жогорку лига үчүн болгон таймашка он команда катышты. Тай­маш­та Эрмек мүчө болгон Карабалта командасынан сырткары үч команда финалга озуп чыкты. Андан сырткары, бул сынакта Эрмек командалар ичинен эң мыкты КВНчи катары уюлдук телефон да белекке алды.


ЖАНЫШ КУДАЙ ЖОЛУНДА

"Жаныш-Байыш" тобу менен таанылып, учурда ырларга аранжировка жасаган Жаныш Момунов Кудай жолуна түштү. Ары карап кылчайганча отуз жашты чапчыган Жаныш "беш маал намаз окуп, дабатка чыгышка бир аз жаштык кылып койбоймунбу?" деп ойлогону менен Кудай жолуна түшүп, кайра таштап коюу анын оюнда жок. Аранжировщиктин айтымында, Кудай жолунда жүргөн адам таза болот жана иши дайыма ойдогудай жүрөт. Бул чечимди кабыл алганы менен Жаныштын бир аз кейигени, мындай жолду тандагандан кийин кыздар менен аз сүйлөшүп калуусу экен.


АКБАР ЭМНЕГЕ БИЗДИ АЛДАДЫ?

Өткөн сандарыбыздын биринде ырчы Акбар Сүйүнбаев продюсер Назгүл Насиеванын "Темир тордогу үмүт" теледолбооруна редакторлук кыла баштаганын бизге кабарлаган эле. Тилекке каршы, бул маалыматтын калп экенин аталган программаны көргөндөр да байкашкан чыгаар. Бирөөнүн эмгеги аркылуу өзүн пиар кылууну көздөгөн ырчыга нааразы болгон Назгүл болгону Акбардын айдоочу болуп түрмөлөргө бир-эки жолу машинасы менен барып келгенин билдирди. Бүгүн болбосо эртең калпы чыгып калаарын ойлобогон Акбар уят болуп, эми бармагын тиштеп отурат.


АЙБЕК ДОСУН КАНТИП АЛДАДЫ?

Кырктын кырына чыгып калган ырчы Айбек Карымовдун дагы бир таланты ачылды окшойт. Бул жигит ырдап гана тим болбостон, кемпир-чалдын да, кыздын да үнүн өзүндөй туурай билет экен. Ачылган талантты сыноо ниетинде ырчынын жасаган аракети текке кетпептир. "Бүгүн үйлөнөм" деп турган досуна кыздын үнү менен Айбек "мен Аидамын, сизди сагынып кеттим, бүгүн жолугалычы" деп телефон чалат. "Алтышка, бүгүн досум үйлөнүп жатты эле, кел, башка күнү" деп кутулуп бараткан досунун калпын шак кармаган Айбек ошентип аны катуу уялткан экен.


КУУДУЛ КУБАН САКИШТИН КОЛУН СУРАЙТ

Куудулдук өнөр менен он беш жыл алпурушуп келаткан Кубан Алимов көптөн бери сахнадан көрүнбөй калган эле. Көрсө, Кубан өзүнүн куудулдук өнөрүн өөрчүтүү, эл-жер көрүү максатында коңшу элдин Астана шаарындагы "Шам" клоундар театрында иштеп жүрүптүр. Өз өлкөсүнүн кыздарын сагынганбы, айтор, мекенине келээри менен актриса Айнуранын (Сакиштин) колун сурап жиберди. Айнура бул сунушту кандай кабыл алып, эмне деп жооп берээри азырынча белгисиз.


СЕМА ОШКО КОНОККО БАРАТ

Жаштар арасында белгилүүлүккө жеткен Сема менен Кундузду оштук күйөрманы сыйлап, конокко чакырууда. Чакырууга макулдугун бергени менен Семанын колу бошобой баралбай жүргөн. Күйөр­ман агасы Семага чалып, «макул» деп бизди күттүрүп коюп келбейсиң» деп таарынгандыгын билдирген. "Чакырган жерден калба, өзүң басып барба" демекчи, бул үйбүлөнүн чакыруусун кыя албай Сема Ноорузда түштүк тарапка барууга камынып жатканын билдирди. Ырчы жөн эле конок болуп келбестен, сахналаш достору менен түштүк тарапка жеке концертин тартуулап, сагынып калган күйөрмандарына компакт-дисктерин белекке берип, бир ок менен эки коёнду атып кайтмакчы.


БОРОНЧУ МАШИНАСЫНЫН НОМЕРИН УУРДАТТЫ

Сахнага кийип чыгуу үчүн жаңы форма тиктирип жаткан куудул-ырчы Борончу Кудайбергенов машинасын "Мадина" базарынын жанына токтотуп, тигүү цехине кирип кеткен. Кайра чыккан Борончу машинасынын номуру жок экенин көрүп сураштырса, машинаны көзөмөлгө алуучулар ал жакка эч ким келбегенин айтышкан. Жөн жерден номурун жоготкон куудул эми машинасына жаңы номур албастан, "Борончу" деп жаздырып алууну көздөп чуркап жүрөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 280, 14-20-март, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан