Бир эле учурда акын, ырчы, тигүүчү болгон Ташкент кызы Гүл эми "мугалим болсомбу?" деген ою менен алпурушуп жатат. Ырчы кыз Бейшеналиева институтунун актёрдук бөлүмүндө биринчи курста окуп, ал эми экинчи курста ырдоо жагына өтүп кеткен экен. Актёрдук чеберчилик боюнча алган бир жылдык билимин унутта калтыргысы келбеген Гүл учурда 6-класста окуган Айнурага актёрдук өнөрдүн баштапкы тепкичтерин үйрөтүп жатат. Гүлдүн айтымында, Айнура учурда көп нерсени үйрөнүп, жакшы жыйынтык берип жатыптыр.