Кыргыз элинин нукура элдик ырларын ийнине жеткире аткарган ырчы Турдаалы Аскарбеков өзүнүн аткаруусундагы ырларын күйөрмандарына "Нур-Суфра" кафесинде сунду. Көрүүчүлөргө кадимкидей эле билет сатылган. "Жүрөктө калган ырлар" деп аталган бул концерттин бир билетинин баасы 2000 сомдон 3000 сомго чейин болуп, күйөрмандарынын көпчүлүгүн улуу муундар түзүшкөн. Концерт күйөрмандар арасында өткөрүлгөн оюн-зооктор менен коштолуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилген. Көрүүчүлөр мукамдуу ырлардын гана күбөсү болбостон, кадимки кафеге келип эс алган сыяктуу эле тамактанып кетишкен.