ЗАМИР АТЫН ПАЙДАЛАНГЫСЫ КЕЛГЕН ЖОК

Машинасы бар адамдардын баары эле МАИ кызматкерлерине туш болоору талашсыз. Алардын бири ырчы Замир Арыкбаев да буга чейин бир нече жолу алардын алдында жооп бе­рүү­гө аргасыз болгон. Бирок, андай учурларда Замир ырчылыгын пайдаланып оңой кутулуп кетип жаткан. Бул жолкусунда тилекке каршы, аны тааныбаган МАИ кызматкери туш келип, айдоочулук күбө­лү­гүн алып койгон. Анткени, шашып бараткан ырчы кызыл жарык күйүп турганына карабай жолдон өтүп кеткен. Анын үстүнө жыл башында эле машинасын техникалык текшерүүдөн өт­көрүү керек болсо да ага моюну жар бербей жүргөн. Күбөлүгүн алдырган ырчы «бир чети машинамды текше­рүүдөн өткөрүп алам» деп сүйүнгөнү менен жөө жүрүүдөн тажап, кыйналып кетти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 285, 18-24-апрель, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан