БЕГИМАЙ АТАСЫНА МАШИНА БЕЛЕК КЫЛДЫ

Таланттуу куудулдардын кызы ырчы Бегимай Бекбоева өзү теңдүү ырчылар арасында өз күйөрмандарын тапканга жетишти. Дал ошол күйөрмандарына мукамдуу үнү менен ырларын тартуулоо үчүн жеке концерти менен Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып жүргөн учуру. Бир жарым ай Талас облусунун айылдарын аралаган ырчы жеке концертин аншлаг менен өткөрүп, көңүлдүү кайтып келди. Концерттен түшкөн акчасына атасына "Форд Транзит" үлгүсүн­дөгү машина сатып берди. Кызынын өз алдынча акча тапканга жарап калганын көргөн ата-эне азыр машинасын майлап, туугандарга той жасап жаткан кези. Машинанын баасы 6 миң доллар турат. Эми буюрса, бул чоң машина менен Бегимай ата-энеси менен гана эмес, бийчи кыздар менен да гастролдоп калат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 285, 18-24-апрель, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан