"Шантелл" тобунун солисткасы Гүлзинаттын кечкисин кафеде иштээрин мындан мурунку сандарыбыздын биринде жазган элек. Ырчы кыздын эмгекчилдигин ушундан билиңиз, кечкисин кафеде иштеп күйөрмандарын ыр менен тойгузуп жатканына алымсынбай, күндүз уктап эс алгандын ордуна борбор калаабыздагы Шубин атындагы музыкалык мектебинде мугалим болуп иштеп жатат. Тагыраак айтканда, окуучуларга өзүнүн алган кесиби боюнча фортепьянону үйрөтүп келет. "Буюрса, менден сабак алган жаштардан үмүтүм зор" деген ырчы учурда бардык күчүн сүйүктүү жумушуна жумшоодо.