Көптөгөн жаштардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп калган ырчы Салкынай Алиева белгилүү машыктыруучу Александр Воиновдун Тимур аттуу тун уулуна турмушка чыккан эле. Бир жылдан бери сахнадан көрүнбөй калган ырчы кыз 9-май өзүнүн туулган күнүн өткөргөн соң кайрадан шоу-бизнес дүйнөсүнө кайтып келгени жатат. Жаңы төрт ыр жаздырып койгон ырчынын кайра сахнага кайтып келүүсүнө жолдошу каршы болгон жок. Салкынайдын күйөрмандары ырчынын жаңы эмгегине күбө болуу күндөрү алыс эмес экенин эстеринен чыгарышпаса.