САПАР ДОЛОН АШУУСУНДА БАК ӨРТТӨДҮ

"Унутам сени" деп ырларында сүйүүсүн, өткөн жашоосун унуткусу келген Сапар Эркебаев Нарын аймагынан келатканда Долон ашуусунда машинасы бузулуп калган. Долондун суугуна чыдабаган ырчы жылынуу үчүн отун терип келип, от жага баштаган. Жалбырттап алоолоно күйгөн от жанындагы куурап калган бактарга өтүп, катарынан турган эки дарак күйүп кеткен. Капысынан болуп кеткен көрү­нүштү күтпөгөн ырчы үшү­гөнүн да унутуп, отту өчү­рүүгө жан далбастап чуркаган. Ошентип, өрт эки даракты өрттөп кетүү менен токтогон. Ал жерден жылынганы менен Сапар бактарды өрттөп жибергенине ичи ачышып, бир чети уялганынан мындан бир жума мурун Долон ашуусуна барып жаңы көчөт­төрдү отургузуп келди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 288, 9-15-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан