Ырчы Султан Садыралиевге жакында эле Швеция кино тартуучулары жагымдуу кабар угузушту. Султандын продюсеринин айтымында, швециялыктар Ош аймагында кыргыздардын турмушун баяндаган "Алыс аралыктагы сүйүү" деген тасма тартышкан. Тасмада сүйүшүп жаңыдан баш кошкон эки жаштын жашоодогу кыйынчылыктары, жигиттин Орусияга жумуш издеп кеткени сүрөттөлөт. Бир канча убакыт чет жерде жүрүп мекенине кайтып келген жигит шаардын борбордук аянтында концерт болуп жатканына күбө болот. Мына ушул жерине кино тартуучулар Султандын "Ханзаада" аттуу ырын ырдап жатканын кошууну туура деп табышып, ырчынын продюсеринен уруксат сурашкан. Жагымдуу кабарга Султан жана анын продюсери дароо макул болушкан. Бул кинонун ачылыш аземи Швецияда болуп, андан кийин гана Кыргызстанда көрсөтүлмөкчү.