Үч айдан бери түнкү 12ден баштап көрүүчүлөрдү кубантып келаткан «Түнкү канал» эфирге эми башка убакытта чыга баштайт. "Мунун себеби – бүткүл республика боюнча чечилбей жаткан электроэнергия маселеси,- дейт каналдын мүдүрү Ассоль Молдокматова, - Эми канал өз ишин кечки саат 22де баштамакчы болду. Мындан кийин долбоор өзүнө "Браво", "Хит-парад", "Стиль", "Мисс фото", "Сулуулук сырлары", "Келишимдүү бол-2" көрсөтүүлөрүн камтыйт". Ошентип, «Түнкү канал» өзгөрүүлөргө карабастан көрүүчүлөргө дагы жаңы долбоорлорду сунуштамакчы. Мисалы, жакында узун чачтуу кыздар арасында байгелүү сынак өтөт экен. Андыктан, эфирди байкап туруңуз.