Толук аты-жөнү – Гарик Юрьевич Мартиросян
Бою – 186 см, Салмагы – 75 кг
Кесиби – Невропатолог
Жакшы көргөн тамагы – Кебаб (армяндардын улуттук тамагы)
Жакшы көргөн жаныбары – Мышык
Адамдардагы эң жаман көргөн сапаты – Акылсыздык
Гарик Мартиросян 1974-жылы 13-февралда Армениянын борбору Ереван шаарында төрөлгөн. Жаңы эмгектей баштаган кезинен эле өтө шок болгондуктан, «дагы бир нерсени сындырып же бүлүндүрүп жибербесин» деп апасы Гариктин артынан калчу эмес. Бир аз эс тартып калганда апасы байкабай калган учурда бийигирээк жерге катып койгон хрусталь идиштерди атайын жерге чаап сындырганды жакшы көрчү. Мектепте болсо классташтарын баштаган атаман Гарик Брежневдин «небереси» болчу. Анткени, бир жолу аларды алдайм деп «мен Брежневдин небересимин» десе, баары мунун чындыгын тастыктамакка үйүнө ээрчип келип алышат. Чоң энеси болсо небересинин калпын чыгарбайын деп: «Чынында эле ошондой, анткени, силердин баарыңар Брежневдин неберелерисиңер»,- деп таңкалган окуучуларды узатып койгон. Бирок, классташтары кеткенден кийин чоң энеси ашыкча шоктонуп, калп айткандыгы үчүн Гариктин жазасын колуна карматкан. Ошондон кийин калп айтканды биротоло токтотконун белгилүү юморист, телеалпаруучу Гарик Мартиросян азыркыга чейин айтып келет. Ал эми Гариктин ашыкча тентектигин жууп, андан эки жашка кичүү иниси Лёва өтө жоош болгон.
Гарик мектепти аяктаган соң өз каалоосу менен туулуп-өскөн Ереван шаарындагы Ереван Мамлекеттик медициналык университетинин дарылоо факультетинин невропатология бөлүмүнө тапшырган. Окуу жайды аяктаган соң кесиби боюнча үч жыл эмгектенген. Ал эми бул билими Гариктин айтымында, өмүр бою керекке жарайт.
Гарик Мартиросян 1993-жылдан тарта “Жаңы армяндар” деп аталган КВНчилер командасына кошулган. Өзүнүн тамашакөйлүгү, акылдуулугу, ойлоп тапкычтыгы менен тез эле бул топтун капитаны болууга да үлгүрөт. Гариктин Москвага келишинин бирден бир себеби да КВН оюндары болгон. “Жаңы армяндар” командасы Жогорку лигага 1996-жылы биринчи жолу катышып, Гарик бул жерден КВНдин “атасы” Александр Масляков менен таанышкан. Кийинки эле жылы бул команда Сочиде өткөн Жогорку лиганын жеңүүчүсү болуп табылат. Таланттуулугу менен башкалардан айырмаланган Гарик Мартиросянды СССРдин КВНчилер курама командасына чакырышкан жана бул топ аркылуу белгилүү юморист теледүйнөсүнө аралаша баштайт.
Көп өтпөй КВН оюндары аркылуу жүзү элге бир аз да болсо таанымал боло түшкөн Гарик СТС каналында Игорь Угольников менен биргеликте “Кутмандуу кечиңиздер менен” деген ток-шоу берүүсүн алпарат. Ушундан кийин өзүнүн күчүнө ишенген телеалпаруучу элдердин көңүлүн көтөргөн өзүнүн автордук тамашалуу теледолбоорун түзүүнү пландаштырган. Жыйынтыгында, 2003-жылы учурда көпчүлүк сүйүп көргөн тамашалуу “Comedy Club” берүүсү пайда болгон. Гариктин өзүнүн айтымында, бул теледолбоордун экранга чыгышына Максим Галкиндин жана Валдис Пельштин берген жардамдары чоң. “Бул адамдар менин атактуу болушума салым кошушкан”,- деп бүгүнкүгө чейин рахматын айтып келет Гарик. Атактуулуктун жолуна жаңы түшүп, КВН оюндары аркылуу чоң сахнага кадам таштаган маалда Гарик өзүнүн өмүрлүк жубайы Жаннаны тапкан. 1997-жылы Сочидеги оюндарга Ставрополь шаарынан келген команданын күйөрманы Жанна Гариктин жүрөгүн багындырат. Бирок, тилекке каршы, эки жаш таанышып үлгүргөнү менен бири-биринин даректерин алууга жетишпей калышат. Экөө эки жакка кеткен күндөн тарта кайрадан табышуу үчүн кийинки жылдагы Сочи оюндарын чыдамсыздык менен күтө башташкан. Убакыт өтүп, күткөн күндөрү да келип, сүйүшкөндөр кайрадан табышышат. Ал учурда Жанна болгону 19 жашта болчу. Гарик Жаннанын колун апасынан телефон аркылуу сурап, макулдугун алган жана Ереван шаарында бири-бирине эн катары нике шакектерин салышкан. Бирок, бир нече убакыттан кийин гана Москва шаарында расмий түрдө никеге турушкан. Ал
мезгилде Гариктин тынымсыз гастролдордон бошобой жүргөн чагы болгондуктан, той өткөрүүгө үлгүрбөй калышат. Ал эми көптөн күткөн үлпөт тойлору эч пландалбаган жерден Кипрде өткөн. Гарик КВН командасы менен Кипрге гастролго жөнөп жатып жубайын өзү менен кошо ала кетүүнү туура көрөт. Ал жактан досторунун курчоосунда жөн гана дасторкон четинде отуруп, той өткөрүүнү чечишет.
2004-жылы белгилүү КВНчи жана куудул жигит Гарик Мартиросян Жасмин аттуу кыздуу болот. Төбөсү көккө жеткен Гарик жубайына кызын өмүр бою эркелетип чоңойтууга сөз берген. Бирок, улам кызы эс тарткан сайын телеалпаруучу ал оюнан тая баштаганын билдирди. Анткени, анын айтымында, кыз балага темирдей катуу тарбия берүү керек.
34 жашында үйбүлөдө үлгүлүү ата жана жумушта тажрыйбалуу адис болууга жетишкен Гарик учурда да өз карьерасын жогорулатууда. Былтыркы жылы “Эки жылдыз” теледолбооруна катышып, көпчүлүктүн колдоосуна арзыганын билебиз. Мунун өзү тамашакөй жигиттин көп кырдуу таланты бар экендигин тастыктап өттү десе болот. Лариса Долина менен биргеликте ырдаган дуэттери көпчүлүккө жагып, долбоордун жеңүүчүсү аталган. Ал эми өткөн жылы Орусиянын Биринчи каналында болуп өткөн “Атак-даңк мүнөтү” теледолбоору тууралуу билбегендер жокко эсе болсо керек. Алпаруучунун айтымында, бул берүүдө катышуучуларга караганда Гарик өзү көбүрөөк санаа тарткан. Себеби, бир нерседен үмүттөнгөн катышуучуларды көргөндө өзүнүн бир кездеги көздөрүн жалдыратып сахнада турганын элестете берчү. Андыктан, катышуучуларды колдоп турууну өзүнө милдет кылып алган. Бул берүүнүн артынан Гарик бир канча ушактардын да башатына айланууга аргасыз болгон. Алардын бири, Гариктин долбоорго катышкан таланттуу кыздардын бирин сүйүп калып, жубайы менен ажырашканы жаткандыгы тууралуу болсо, экинчиси, долбоордогу кызматынан пайдаланып, көрсөтүү учурунда калыстар тобунун “ооба” деген жообун катышуучуларга алып берүү үчүн пара алып жаткандыгы болду.
Гарик Мартиросян бир гана тамашакөйлүгү, тилинен бал тамган чечендиги, алпаруучулугу менен эле элге таанылбастан, Атамекенинин келечеги үчүн тынчсызданган инсан катары да өз өлкөсүндө кадыр-барктуу. Мунун далили катары былтыркы жылы Арменияда болуп өткөн Улуттук жыйынга депутаттарды шайлоодо өзүнүн талапкерлигин көрсөткөндүгүн айтууга болот. Бирок, тилекке каршы, депутаттык мандатка жеткен эмес.
Гариктин үйбүлөлүү экендигине карабай жүздөгөн кыздар азыркыга чейин сүйүүсүн арнап, белектерин берип келишет. Бирок, бүлөгө туруктуу алпаруучу Гарик мунун баарын тамаша катары кабыл алып, тамаша менен гана жооп берет. Жубайы Жанна экөө келечекте жети баланын ата-энеси болууну каалашат. Андан тышкары, Москва шаарында канча жылдан бери жашап, иштеп келгени менен карьерасын өз мекени Армениядан улантуу – Гариктин жакынкы аралыкта алдына койгон пландарынын бири.
Бетти даярдаган Чолпон Сүйүнбаева