“Досум Үсөн” тобунун таланттуу солисткасы Жанета жакында эле жолдошу Денис менен чогуу өзүнүн ата-энесинин алтын тоюн өткөрүп келди. Бактылуу ата-эне бул күнү ырчы кызынан жана күйөө баласынан “Ауди” үлгүсүндөгү машинаны белекке алышты. Мындай кымбат белекти күтпөгөн Жанетанын ата-энеси сүйүнүп, кызына ак батасын берип, бакыт каалады.