Аранжировщик, музыкант Жаныш Момунов чыгармачылыктагы жакындары менен жетим балдар үйүнө кайрымдуулук концертин берип келди. Концерт берүү менен балдарга ар түрдүү белектерди таратууну унуткан жок. Жаныш эми «Жаныш-Байыш» студиясынан түшкөн каражаттын 40-50 пайызын карылар жана жетим балдар үйлөрүнө жумшап турмай болду.