Бийчилик өнөрүн элге тартуулап, кыздардан кем калышпай чыгыш бийин бийлеген Бакыт Байсариев Таластын сулуу кызына баш кошкону турат. Бийчинин болочок жубайы өзүнүн кесиптеши Наргиза. Экөө 4 жылдан бери кыз-жигит болуп ээрчишип жүрүп, ушул айдын 18инде үйлөнүү-үлпөт тоюн өткөзгөнү жатышат. Бул үлпөт башка тойлордон айырмаланып, ар бир конокко сөз берилбейт. Болгону, аксакалдар батасын бергенден кийин тойдун калган бөлүгү концерт сыяктуу өтөт. Бакыт менен Наргизанын тоюна кыргыздын аттуу баштуу инсандары жана ырчылар келмекчи.