Бийик үндүү, ачык-айрым мүнөздүү ырчы Айгүл Чаловага жигити 30 000 сомдук, анан 21 000 сомдук эки көйнөк сатып берди. Мындай мамиледен эле ал жигиттин келечекте ырчынын колун сурары айгине болгон. Жакында болчу алгачкы жеке концертинен соң чын эле ырчы кыздын турмушка чыгары белгилүү болду.