6-классында эле “Кыргызстаным” деген ыры менен элинин патриот уулу экенин далилдеген Кумар Асанов учурда Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын студенти. Тактап айтканда, вокал бөлүмүнүн 3-курсунда окуйт. Мындан сырткары, өзүнүн этюддарын нотага түшүрүү менен алектенүүдө. Өзү жазган үч чыгармасын фортепьяного түшүргөн ырчы бул ишин терең өздөштүрүп, бул жаатта да профессионал адам болууну көздөөдө.