Шоу-бизнеске кадам таштап, сахнага бет алгандардын арасында Дайыр Исмадияров деген да ысым бар. Дайыр орто жолдо окуусуна көбүрөөк ыктап, сахнадан бир аз оолактай түшкөн. Колуна дипломун алып санаасы тынган ырчы эми бүт дитин сахнага бурмай болду. Башкача айтканда, “Миң кыял” радиосунун ди-джейи Канат Кадыржанды продюсер кылуу менен жаңы ырларды жаздырууга киришти.