Бека камакта

Ырчы Бека Айт күнү Нарындан келген достору менен Кара-Балта шаарындагы кафелердин биринде майрамдаган. Жакшы башталган майрамдын аягы, тилекке каршы, Беканын камакка алынышы менен аяктады. Тактап айтканда, ырчы коңшу столдогу эс алуучулар менен мушташа кеткен. Алар Өзбекстандан Кыргызстанга келген сыйлуу коноктор экен. Мушташкандардын баары камакка алынган. Чыр окуянын аягы достошуу менен аяктады. “Качан чыгарарын билбейм” деген ырчы бул кабарды бизге камакта отурган жеринен телефон аркылуу билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 319, 12 - 18-декабрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан