Чиновниктер менен элге төбөсү көрүнүп калган адамдар үчүн ырчы Алина Жетигенова Нооруз майрамына карата шоу-концерт уюштурган. Уюштуруу жагын ырчы курбусу Райхан Абдувалиева менен биргеликте иш жүзүнө ашырды. Борбордогу белгилүү ресторандардын биринде өткөрүлгөн бул шоу-концертте ырчылар буга чейин эл алдына көрсөтпөй келген өнөрлөрүн, тактап айтканда, актёрлук жөндөмдөрүн да көргөзүштү.