Ыр жазып, ага обон жаратып, бажы постун да көзөмөлдөгөн Бек www.super.kg сайтындагы “Жылдыздар супер форумда” бөлүмүнүн активдүү катышуучусу. Башкача айтканда, форумчулардан эң көп суроо да ушул ырчыга келип түшүүдө. Ырчы ал суроолордун бирин да калтырбай жооп берип келе жатат. Баса, аталган бөлүмдө Замир Арыкбаев, Кылычбек Султанов, Денис, Жанета Бобковдор, Урмат Усенов сыяктуу белгилүү адамдар да катталган. Кызыгуу туудурган сурооңуздар болсо берип калыңыздар.