Учурдагы актуалдуу маселелерди ичине камтыган “Башаламан” фильми көпчүлүктү кайдыгер калтырбаган. Эми бул тасманын уландысы тартылмай болду. Жаңы тартылчу тасманын мурункудан айырмасы – мында үч кылмыштуу топтун болушу. Ошол топко керектүү балдарды тандоо үчүн атайын кастинг өтмөкчү. 15-апрель күнү Эркиндик гүлбагында жайгашкан Курманжан датканын эстелигинин жанында болуучу кастингге 22 жаштан 40 жашка чейинки жигиттер катышса болот. Кастингди аталган кинонун режиссёру Элдияр Айылчиев өткөрөт.