“Нарын эли малга бай келет” деген сөз дагы бир жолу далилденди. Башкача айтканда, жеке концерти менен Нарын аймагын кыдырып жүргөн Дайыр Исмадияровдун концертине акчасы жоктор эчки берип киришти. “Базарга барып, эчкини сатканга убактыбыз жок болуп калды” дегендердин көңүлүн кыя албаган ырчы, ошентип, бир нече эчкилүү да болду.