Асел айым тыпылдап жүрүп баарына жетишет көрүнөт. Декандык ишин аркалап, чыгармачылыкты да тытып дегендей. Эми 5-классты аяктап жаткан кызы Бегимайды ырчы кылмай болду. Бийге да, ырга да шыктуу кызына Асел айым “Полковник” деген ыр жаздырып берди. Бегимай бул ырын 29-майдагы Куралдуу күчтөрдүн майрамына арналуучу «Спартак« стадионунда боло турган концертте ырдап чыгат.