Ырчы Орунбасар Кызалаков мындан мурунку бизге берген интервьюсунда бою эки метр кыз издеп жүргөнүн айткан эле. Ырчы акыры көздөгөн кызын тааптыр. Бирок бою чындап эки метрби, аны айткысы келбеди. Айткысы келбегенине караганда, эки метрлик кыз өзүнө ылайык келбесин түшүнсө керек. Орунбасардын айтымында, сүйлөшкөн кызы ырчынын талантын, адамга жасаган мамилесин, жөнөкөйлүгүн баалайт. Баса, ырчы сүйлөшкөн кызы менен келечекте дуэт да аткарсамбы деп ойлонууда.