“Жылдыздар манежде” долбоорунун финалына катышуу үчүн даярдык көрүп жаткан Назгүл Насиева катуу жаракат алды. Көрсөтүлчү трюкта Назгүлдүн буту жипке илинип, башы жерге салаңдап калыш керек эле. Бирок буту жипке оролбой продюсер эки метр бийиктиктен башы менен жерге кулап түшкөн. Жыйынтыгында, Назгүлдүн бел омурткалары катуу жаракат алып шишип кеткен. “Көздүн ичиндеги кан тамырлар жарылып, мээси чайкалган” деген диагноз менен дарыгерлер Назгүлдү бир ай төшөктө жатышын талап кылышты. Ошентип, финалга катышпай калган продюсер учурда төшөктө. Продюсердин эрте сакайып, калыбына келишине тилектешпиз.